СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Дүйнө чемпиондугу: Эркин күрөш боюнча балбандар жүрүшүн баштайт

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 18-сентябрга чейин уланат. 15-сентябрда эркин күрөш боюнча беттештер башталат. Жалпы 4 салмак категорияда медалдар ойнотулуп, алгач Кыргызстандан килем үстүнө 70 килограмм салмак ченинде Эрназар Акматалиев жана 79 килограмм салмак ченинде Арсалан Будажапов чыгат. Эрназар Акматалиев алгач 1/8 финалдан, ал эми Арсалан Будажапов 1/16 финалдан өз жүрүшүн баштайт.

Футбол: Кыргыз футболчулары алгачкы оюнда Иранга жеңилип калды

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 14-сентябрда футбол боюнча жаштар арасындагы
(U-20) J тайпасынын 2023-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу оюндары старт алды. J тайпасына Бириккен Араб Эмираты (БАЭ), Иран, Бруней, Кыргызстан курама командалары кирген. Алгач БАЭ курама командасы Бруней менен беттешип 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Ал эми Кыргыз курама командасы Иран курама командасы менен кез келип, оюн 0:1 эсебинде Ирандын пайдасына жыйынтыкталды.

Кыргызстандын курама командасы 16-сентябрда БАЭ, 18-сентябрда Бруней менен кез келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан