ЭРИНИҢДИ КӨРСӨТЧҮ, МҮНӨЗҮҢДҮ АЙТАЙЫН

Астрологдор “адамдын эринин сүйүүнүн, сулуулуктун планетасы болгон Венера башкарат. Андыктан адамды көркүнө чыгарууда эриндин ролу чоң” дешет. Ал эми психологдор “адамдын кандай адам экенин эриндерин карап туруп билип койсо болот” дешет. Биз да кызыктык. Сизге да кызык болот деген ишеничтебиз. Психологдордун эриндин формасына жараша берген мүнөздөмөсүн окуп, өзүңүздү издеп көрүңүз.

КАЛЫҢ ЭРИНДЕР

Үстүнкү-астынкы эриндери бирдей, калың формадагы адамдар ачык-айрымдыгы менен айырмаланышат. Жумушта болобу, достор арасындабы, бат тил табышып, өзүн жоопкерчиликтүү адам катары көрсөтө алышат. Билимге, жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет кылгандыктан, дүйнө таанымы кенен болот. Жакындарына камкор келишет. Ошол эле учурда айланасындагыларга талабы күчтүү. Мындай адамдардын “кара тизмесине” кирген адам ал тизмеден экинчи чыкпай калышы мүмкүн. Калың эриндерге ээ айымдар да, мырзалар да сүйүү мамилесинде кумарлуу келишет, өзүнүн адамын тапкыча жаңы сүйүүлөрдүн ордун оңой эле алмаштырып коёт. Бирок үй-бүлө күткөндөн кийин ишенимдүү, камкор өнөктөш болуп беришет.

ИЧКЕ ЭРИНДЕР

Көпчүлүк учурда жука эриндердин ээлерин куу, катаал, муздак адам катары сүрөттөшөт. Бирок психологдор бул ката ой экенин айтышат. Жука эриндерге ээ адамдар көпчүлүк учурда тартынчаак, эмоциясын ашыкча көрсөтө бербеген мүнөзгө ээ. Чынчылдык адамдагы негизги сапаттардын бири болушу керек деп эсептешет. Жаңы нерсеге оңой эле көнүп кетпейт, бир нерсени баштаардан мурун “туура болобу же?” деп тараза ташына салып көпкө ойлонмой адаты бар. Абдан сын көз карашта карагандыктан, өзүн баалоо рейтинги оңою менен жогорку баскычка чыкпайт. Башкаларга да ашыкча чарпылып жакшы сөз айтууга ашыкпайт, тескерисинче, кемчилигин оңой айтат.

ОРТОЧО ЭРИНДЕР

Калың-жукалыгы менен айырмаланбаган, орточо эриндердин ээлери салмактуу, өзүнө ишеними күч адамдар. Мындай адамдарды тең салмактан чыгаруу оорчулук жаратат. Ар бир нерсеге өз ою, эрежеси, ишеними бар. Көпчүлүк учурда башкалардын ою менен эсептешкиси келбейт, өзүнүкүн эле туура деп моюн толгоп алган көктүгү бар. Негизгиси, “баары жакшы болот” деген оптимист адамдар.

ҮСТҮНКҮСҮ КАЛЫҢ ЭРИНДЕР

Мындай адамдар актёр-актрисалык кесипти тандаса жарашат дешет психологдор. Анткени жашоосун да театрга айлантып жибермей сапаты бар. Анын ар бир кадамына, кылып жаткан ишине жанындагылар көз салып, колдоп, мактап, көңүл буруп турушу керек. “Өзүмдүкү дегенде өгүздүкүндөй күчүм бар” деген макал да буларга тиешелүү. Анткени кинодо бат чечилгендей эле, кандай маселе болбосун жашоодо да бат чечип коймой мүнөзгө ээ.

ЧОҢ ООЗ

Туурасы чоң оозго ээ адамдар да бар. Мисалы, актрисалар Жулия Робертс, Деми Мур. Жылмаюусу кенен адамдар чыныгы экстраверттер. Ичине эч нерсени ката албаган эмоционалдуу адамдар. Жалгыздыкта тынч эс алууну эмес, шаан-шөкөт, достор менен баарлашуу, жаңы таанышууларды баалашат. Ошол эле учурда катуу тартипти карманышат. Үйүндө дайыма тазалык болушу керек. Дүкөн кыдырып жаңы эмоция алганды жактырганы менен, чөнтөгүндө сокур тыйын калганча соода кылып салбайт. Акчаны сарамжал колдонгонду билишет.

КИЧИНЕ ООЗ

Тыпырайган кичине оозго ээ адамдар токтоо мүнөзгө ээ. Бардык нерсени акыл калчап чечкенге аракет кылышат. Түнт, бардык эле адамга ачылып сырын ача бербейт. Бейтааныш адамдарга шектенүү менен карайт, мындай интроверт адамдардын ишеничине кирем десеңиз көп күч сарпташыңыз керек. Ишеничке кирсеңиз, мыкты дос, өнөктөш болуп беришет.

АСТЫНКЫСЫ КАЛЫҢ ЭРИНДЕР

Үстү жука, асты калың эриндерге ээ адамдар табиятынан лидер. Мындай адамдарды бир жерге байлап коюу болбойт. Айымы үйдө отуруп тамак жасап, бала багып, ал эми мырзасы дыйканчылык иштери менен алек болуп отуруп калбайт. Күчкө салып отургузуп койсоңуз депрессияга түшүп, өзүн жогото баштайт. Аларга эркиндик керек, ошондо тоону томкорчудай энергияга ээ болуп, кандай иш баштаса да мыкты жыйынтык чыгарып берет.

КОНТУРУ БИЛИНБЕГЕН ЭРИНДЕР

Эриндеринин чек ара сызыгы так билинбеген адамдар көпчүлүк учурда жашоону “күлгүн көз айнектин” аркасында карап, жашоонун чындыгы менен кагылышканда көңүл калууга дуушар боло беришет. Башкача айтканда, жомокко, сыйкырга ишенишет. Кайсы тармакта болсун чектөөлөрдү жаман көрөт. Чектөө коюлду дегиче теңирден тескери нерсени жасап, “ооба, мен ушундаймын. Эмне кылсаң ошону кыл” деп ийин куушуруп туруп беришет. Убакытка тактык деген сапат менен “душман”, мунун айынан көп учурда маселе жаралат.

КОНТУРУ ТАК БИЛИНГЕН ЭРИНДЕР

Боёбосо деле чек арасы сызып койгондой эриндерге ээ адамдарды көрсөңүз тартипке бекем адам дей бериңиз. Лидерлик сапаты күчтүү, кандай маселе болбосун токтоолук, акылмандык сапаты менен чечкенге күчү жетет. Көрөгөчтүк касиети да бар. Андыктан айланасындагы адамдардын психологиясын бат эле өздөштүрүп, “бул жаман, бул жакшы” деп бөлүп коёт. Мындай адамдарды алдап кетем десеңиз абайлаңыз, анткени сиз алдайын деп ойлонуп жатканыңызды көзүңүздү карап туруп эле билип коюшу мүмкүн.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан