КАЙСЫ ДЕПУТАТТЫН ХОББИСИ КАНДАЙ?

Бир куудулдун “саясатчылардын саясаттан башка хоббиси жок” дегени бар. Адатта, кыргыз баласы ат минет, тоо аралайт, табият коюнунан энергия алат, булар кыргызга жат нерсе эмес. Депутаттарда кандай хобби бар? Күлүк таптагандар көппү? Макала депутаттардын хоббилери тууралуу болду.

Каратист Нуржигит Кадырбеков

Жумшак мүнөздүү, курч сөздүү депутат Нуржигит Кадырбеков көп кырдуу талант. Нуржигит мырза көп жылдан бери карате менен машыгарын айтат.

– Менин саясаттан тышкары кызыгууларым абдан көп. Учурда көркөм чыгарма, роман жазып жатам. Карате менен машыкканыма көп жыл болду. Бул спорт түрүнүн чексиз сырлары бар. Ошондой эле саякаттайм, Кыргызстандын ичиндеги кооз жерлерди көрүү, изилдөө жагат.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн 40 районун кыдырып чыктым. Дагы бир принцибим бар – күндө таң атпай күн чыгарга жарым саат калганда жөө басам. Анткени күндү күлүп тос деген бар, күн сени эмес, сен күндү тосуп алышың керек. Анан эрте турганда береке бар.

Жанар Акаев тоо аралайт

Депутат Жанар Акаев тоо арасында эс алуу абдан жагарын айтат.

– Мурун журналист болуп иштеп жүргөнүмдө жайкысын айылдагы балдарга китеп, шахматтарды алпарып бергенди жакшы көрчүмүн. Депутат болгондон кийин деле бул ишти улантып жүрдүм. Балдарды тегерете отургузуп алып китеп окуп берчүмүн. Алардын кызыгып угуп жаткандары, белек алгысы келип кенедей нерсеге сүйүнгөнү – мунун баары өзгөчө эргүү тартуулайт. Акыркы жылдары иштер көп болуп ушул жөрөлгөнү уланта албай жүрөм. Саясатта Алтынбек Сулайманов, Сейтек Качкынбаев менен тоого жөө саякаттап, тоо коюнунда чатырда уктап, тамак жасап ичип саясаттан кеп кылып көңүлдүү эс алуу уюштурууга өттүк. Негизи эле тоолук жигит болгонум үчүн жүрөгүм тоолорго тарта берет. Тоодо эс алуунун “кайфы” такыр башка.

Марлен Маматалиев жана самбо

Депутат Марлен Маматалиев спортко жакын. Ал көп жылдан бери самбо менен машыгарын айтат.

– 7-класстан бери самбо менен машыгам. Спорт адамдын мүнөзүн калыптандырат. Депутат болгондон кийин деле самбого болгон сүйүүм өчкөн жок. Кеңсемдин жер төлөсүндө самбо залын ачып, учурда ал жакта балдар машыгышат. Колунда жок балдар бекер машыгып жүрүшөт. Өзүм самбо боюнча спорт чеберлигине талапкермин. Азыр бош убактым болсо эле залга барам.

Күрөш менен “ооруган” Тазабек Икрамов

Депутат Тазабек Икрамовдун жакшы ырдаарын билсеңиз керек. Анткени анын обон созуп жатканы тартылган видео буга чейин интернетти “дүң” дедирген. Эл өкүлү белгилүүлөр арасында өткөн музыкалык долбоорго катышып, калыстардын мактоосуна да татыган. Депутат мырза илхом келгенде гана ырдап коёрун айтат. Мындан сырткары Тазабек мырза грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. 2019-жылы Грузияда ардагерлер арасында өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта 3-орунду алган.

– 6-7-классымдан бери күрөш менен машыгып келем. Кечээ Акжол Махмудовдун күрөшүн көрүп аябай сыймыктандым. Бизде эркектер арасында Дүйнө чемпиону жок эле. Акжол тарых жаратты. Мен күрөш менен ооруйм. Балбандарыбыздын беттешин калтырбай көргөнгө аракет кылам.

Хоббиси көп Медер Алиев

Эл өкүлү Медер Алиев “эң чоң хоббим – кызым менен сейилдөө” дейт. Бирок ага дагы убакыт тартыш экенин белгиледи.

– Бош убактымда гитара чертип, кыңылдап калмай жайым бар. Китеп көп окуйм, бийик тоолорго чыгып, жөө баскан да жагат. Ал эми жылкы баласын сүйбөгөн адам жок болсо керек. Мен да айылга барганда ат минип алып тоо аралап, жаратылышка суктанып эс алганды жактырам.

Спорт залдын дайымкы коногу Жаныбек Абиров

Жаныбек Абиров күнүн спорт залга барып машыгуудан баштайт. Социалдык баракчаларын активдүү колдонгон депутат залда чуркап, тердеп, канча салмак таштаганын айтып окурмандарына отчёт берип да турат.

– Күндө эртең менен күнүмдү спорт залга барып чуркоодон баштайм. Муну менен жаштарды дени сак жашоого үндөп, аны менен катар эрте турууга көндүргүм келет. Ошондой эле көпчүлүк саясатчы десе эле чыт курсак чиновниктерди элестеткен заман өттү. Азыр баары дене түзүлүшүнө кам көрүп, өзүн көзөмөлдөп калган учур.


Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан