ЫРЛАРДАГЫ “ЫРАХМАТЫ БОЛГУР” САПТАР

Амансыңбы, калайык?

Амандашып алалык,- деп эле комузумду колума алып силердин Толик сынчыңар алдыңарга келип калды, туугандар. Эл эсен, калк аман жатат, күздүн берекеси төгүлүп турат, керемет эмеспи, ээ? Ушундай бир сонун күндө менин да “илхомум” келди десеңиз. Ырчылар ырдап жүргөн айрым ырлардын “керемет” саптарын азил-чыны аралаш чымчылай кетейин дедим.

Jax 02.14 деген ырчыдан бир шиңгил

– Быйыл базарда болобу, үйдө болобу, кафеде же маршруткадабы “ким билет эле, ким билет?” деп бир жигит какшап жатты. Аты да өзгөчө экен, кут болсун эми. Кыргызда Жакшылык, Максат деген кулакка тааныш баягы ысымдар өчүп, Жакс, Макс боло баштабадыкпы, бул эми мен бир күнү кобурай турган башка маселе. Ушу ырчы жигит ырдаганда дүкү-дүкү түшүп, жаштар укмуш кабыл алышат экен. Анысына азамат! Элдин колдоосуна тытыганга эмне жетсин? Кеп, биздин ырга болгон табиттин өлүп баратканында... Ошол “Ким билет?” деген ырды жакшылап угуп көрдүңөр беле? Даңка-дүңк музыкасын алып салып, ырдын сөзүн кадимки Бердибек Жамгырчиев инимдин ырларына окшотуп окуп көрсөңүз, эмне болор экен. Жүнү жулунган тооктой эле көркөмү жок бирдеме болуп калат. Ишенбесеңиз мына:

Ортобузда мындан ары не болорун ким билет?

Жакындарым менин, айтчы,

Тентек кыз торуна кабылдымбы, ай.

Ырдын ортосунда бир сап түшүп калганбы деп кайра-кайра көрдүм, түшүп калгандай эмес. Андан ары кеттик.

Далай, мендейлер болчу сенде далай.

Ага карабастан мен барайын,

Дагы бир күн, бир түн сени менен калайын,

Даа-гы бир түн!

Атаны кокуй десе, эми муну кантип түшүнсө болот? “Сендейлер көп болгонун” эл алдында моюнуңа алып жатасың, анан сүйүүнү бир түнгө баалабай эле басып кетсең болбойбу? Бирок ыр хит болду, сүйүүнүн тазалыгын, аруулугун, баалуулугун болобу ушинтип ырдай берсек? Алыкул, Жолон, Турар баштаган алп акындарды мындай кой, азыркынын эле тың чыкма акындары мындай ырларды укканда чалкасынан кетип жатканы бекеринен эмес да, эй!

Бактыга жаралган жалгыз сап

Ким сени мынча алдаган?

Кучагыңдан жай таба албай.

Ким сени мынча алдаган?

Күлүмсүрөп алдагандай.

Ким сени мынча алдаган?

Жан дүйнөңдү ээлей албай.

Темир Дамирбеков деген бир үкем бар, “Ким сени мынча алдаган?” деген ырды эзип ырдайт. Ырдын сөзүн ким “токуп” берсе да “станогу” иштен чыгайын деп калган окшойт. Кечке эле бир сапты “копиравать” кыла берген кандай? Төрт куплетте тең ушул сап эле “миң жолу” кайталанат! Уккан кулакты деле кичине аяш керек го. Адатта “сени ким алдады?” деп бир эле жолу, мейли, ашып барса эки жолу сурайсың, анан жообун аласың да, туурабы? Же тигиниси ким алдаганын айтпай какшатып жатты бекен? Айтор, “чересчур” көп кайталайт ырда. Кээ бир ыр токугучтарга го баары бир, аларга обонго сөз шайкеш келсе болду. Тиги ырдап жаткандар бир аз сөзгө маани беришсе дегим келет. Эптеп чүргөй салып элге суна берсе, эл деле аны аш кылып кете берсе, ырдан жан дүйнөгө азык албай калабызбы?

Сен мага күйөө бала болбой калганыңа ыраазымын

– Чиркин, ырлардагы “керемет” саптар жакаңды карматат. Нияз Абдыразаков деген ырчынын бир ырын кулагым чалып калды. Жакшылап маани берсем, минтип ырдап жатат:

Дүйнөгө алмаштыргыс,

Жүрөктү ээлеген кыз,

Атасынын эрке кызы экен

Колуңду бересиңби сен.

Сурайын атакеңден,

Жаным, атасынын эркеси,

Ак сүйүүмдүн кемеси

ххх

Мен дагы атакеңдин

Эрке күйөө баласы болгум келди!

Эй, айланайын, азыр кыздарга ушундай да комплименттер арналып калды беле? Жубай эмес, кайната издеген бул кандай күйөө бала, ыя? Мага ушинтип ырдап бирөө кызымды сурап келсе таяк менен башка чапмакмын. Чын, эй, ыр деп эле урдура береби, ботом? Такыр текст таппай айласы куруп жатса, Нияз үкем мага келсе, мындан өлсө өлүгү артык ыр жазып бермекмин. Эл бул ырды деле “аш кылып” жатат. Маанини айтпайлы, уйкаштык, көркөмдүк кана, кокуй? Мындай жылтыр-жултур саптар мезгилдин бир бүктөмүндө калып кете берет, эй, үкелерим! Кичине изденсеңер, жоопкерчилик сезсеңер боло, байболгурлар. Муундан муунга өтүп ырдалып келе жаткан Рыспай акемдин бул ырын карагыла, керемет:

Издейм сени арасынан элдердин,

Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга дайым сени издөө үчүн келгенмин.

Жолон Мамытовго таандык бул саптар жарым кылымдан бери ооздон түшпөй ырдалып жатат, маани, тереңдик, көркөмдүк бар, сүйүүнү бийик жерге коюп алып суктануу бар.

Айтылуу Салижан Жигитов “менин мүрзөмө ката жазылган тексттерге кайгырып жүрүп өлгөн деп жазып койгула” деген экен. Бул керээз айтылган убакта ырлардын маани-маңызы, сапаты жоголо элек болчу. Салижан ага азыркы ырларды укпай кетти, эгер укчу болсо эмне демек, элестете албайм!

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
al79mi
2022-09-19 15:01:00
Эээ азыркы ырчылар ыр жаздырганга акчасын аяп колдорунан келсе дагы келбесе дагы оздору жаза беришет. Же бир уйкаштыгы жок эптеп уйкаштырса мааниси жок айтор бирдеме. Кайрат Примбердиев деген бар го айылыма деген ыры. Журу, журу кеттик анда, айылыма айлыма таалайымдын тамырына, тарыхымдын тан сырына.... дейт го чиркин. Тарыхтын сыры дагы танкы, тушку анан кечки болуп болунобу....айтор соз жок....
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан