Өктөм Сапар уулу, ырчы: “ЖУБАЙЫМ ОТУРУШТАРДЫН КӨРКҮ”

Бири – токтоо, оор басырыктуу, экинчиси – шайыр, ууртунда күлкүсү даяр турган жубайлар, чынында бири-бирин толуктап тургандай. Жан шериктер ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу менен жубайы Сюита Мурзалиева мектешибиз болду. Экөөнүн баш кошконуна быйыл 20 жыл болуптур.

– Саламатсыздарбы? Ортодогу сүйүү баянынын башталышына, экөөңүздөр таанышкан учурга бир кайрылсак...

Өктөм: – Макул. Мен Баткенде Маданият үйүндө иштеп жүргөндө кыздардан турган топ түзүлүп, Сюита кастингден өтүп, ошол топко кошулуп калган. Ошентип чогуу иштеп калдык. Ошол жерден жакындашып, сүйлөшүп, биздин роман башталып кетти.

Сюита: – 11-класста окуп жүргөндө биздин айылга концерт коюлуп калды. Курбулар менен концертке бардык. “Ямаха” ойногон баланы көрүп “жаман сонун бала го” деп койгонбуз. Бир жылдан кийин Өктөмдү өзү айткан кастингге барганда көрдүм.

Ошол жерде иштеген эжелер Өктөмдү күйөө бала кылып алабыз деп жүрүшчү экен. Кастингге барып-келип жүргөндө бир курбу кызым “анын үй-бүлөсү бар окшойт, бир эженин экинчисине “күйөө балаңызды карабайсызбы” деп жатканын угуп калдым” деп калды. Ошондо үй-бүлөсү бар тура деп калдык. Байке эле болуп жүргөн, бир күнү окуу жайга мени издеп барыптыр. Ошондо жакындан таанышып, мамилебиз жакшы болуп кетти. Кийин кыз-жигит болдук.

Өктөм: – Дароо эле “индийский сүйүү” болуп кеткен жок. Сезимдерибиз акырындык менен ойгонду.

– Баш кошконуңуздарда Өктөм мырза 19 жашта, Сюита айым 18 жашта болчу экен. “Жашсыңар, коё тургула” дегендер болдубу?

Сюита: – Болду, менин ата-энем “жаңы эле окууга тапшырдың го, бүтүрбөйсүңбү?” дешти. Ага карабай баш коштук. 20 жылдан бери чогуубуз, Кудайга шүгүр. Уулубуз бар, 19га чыкты.

Өктөм: – Биздин туугандар арасында 17 жашта үйлөнгөндөр болгон экен. Андыктан 19 жашта үйлөнгөнүм туугандарыбызга нормалдуу эле көрүндү.

– Кыз-жигит кездеги кызыктуу окуяларды эстебейлиби?

Өктөм: – Мен театрда эрке кызматкер болчумун. Жумушка саат 8де барышым керек болсо да барбай уктап жата берчүмүн. Анан жетекчилик “чакырып кел” деп муну жөнөтчү.

Сюита: – Сен барсаң келет деп мени жөнөтүшчү. Ошентип жумушка мен алып келчүмүн.

Өктөм: – Бул барган убакта уктап жатчу эмесмин. Үйдө жүрө берчүмүн да. Эжемдин үйүндө жашайт элем. Алар жумушка кетишип, балдары үйдө калчу, кээде экөөбүз балдар менен отуруп чай иччүбүз. Үйлөнгөндө дагы ошол үйдө жашап калдык. Кызыктуу окуя десеңиз Жаңы жыл майрамы эсиме келди. Жаңы жылда түнкү саат 12де ырчылар аянтта ырдап жаткан болот да. 12ге 10 мүнөт калганда экөөбүз жетелешип чуркаган бойдон үйгө барып, 12ни тосуп коюп, кайра аянтка чыкчубуз. Эмнеге ошентчүбүз? Бир жолу 12де үйгө жетпей жарым жолдо калып калганбыз. Эч нерсе болгон эмес ошол жылы (күлүп).

– Сюита айым, келин болуп барган алгачкы күндөр кандай өттү?

Сюита: – Ал кезде таенебиз бар болчу, кийин көзү өтүп кетти. Таенебиз мен унаадан түшкөндө от жагып, аны айлантып киргизген.

Өктөм: – Ошондой салт бар экен. Аны мен деле билген эмесмин. Костёр жагып коюшуптур. Ал салтты ошондо бир көргөм, ошондон бери көрө элекмин.

– Башка үй-бүлөгө ыңгайлашууда кандай кыйынчылыктар болду?

Сюита: – Кыйналбаптырмын деле. Кыйналсам эсимде калмак да. 3 кайнежем, 3 кайын сиңдим бар. Баары сонун адамдар, мени бир туугандай кылып катарына кошуп алышты. Ошого ушунчалык сүйүндүм. Атам (ред.: кайнатасы) мени жетинчи кызым деп калат. Эч бир “ары тур, сен башкасың” дешкен жок. Ушул убакка чейин сый мамиледе келе жатабыз. Көз тийбесин, мындан ары да ушундай болот деп ниет кылам. Кайненем да мени өз кызындай көрөт. Бири-бирибизди сагынып, бат-баттан телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз.

– Казан-аяк кагышкан учурлар болдубу?

Сюита: – Жаш кезде болду. Казан-аягыбыз катуу кагышкан учурлар болду.

Өктөм: – Казан-аяктын үнү силерге да угулганбы (күлүп)? Андай учурдан бири-бирибизди түшүнүү менен өтүп кеткенбиз.

– Элдешүүгө биринчи кадамды ким таштайт?

Сюита: – Мен. Өктөмдө андай жок.

Өктөм: – Менин жиним оңою менен келбейт. Бир келип калса тарашы кыйын.

Сюита: – Мен көпкө таарынып жүрө албайм. Бат эле жазылып, биринчи болуп кечирим сурайм. Мунун жини деле келбейт. Бир жини келгенде көзүнө көрүнбөш керек (күлүп).

Өктөм: – Аңтар-теңтер кылып жибербейм, албетте. Бирок калтырап-титиреп, эмне кыларымды билбей ары-бери басып калам. Андай учур 5 жылда бир болсо керек.

– Кызганыч болуп турабы?

Сюита: – Болот, мен кызганам эле. Бирок аша чаап кетпейм. Кээде эле болот.

Өктөм: – Ар ишембиде.

Сюита: – Зеригип калганда кызганам (күлүп).

– Сүйүүнү кантип сакташ керек экен?

Сюита: – Экөөбүздөн бир жолу белгилүү ырчы кыз “канча жыл чогуу жашадыңыздар?” деп сурады. Анда 10 жыл болуп калган. “10 жыл” десек, “бири-бириңерден тажап кеткен жоксуңарбы?” десе болобу. Эмнеге тажамак элек? Ээрчишип алып эле Кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз. Барга көппөй, жокко чөкпөй, бардык нерсени сабырдуулук менен жеңип келе жатабыз деп ойлойм. Жубайларда сабырдуулук болушу керек экен. Мен ушуну түшүндүм.

Өктөм: – Башында сүйүү болот экен. Анан өмүр бою сүйүшүп жүрө бербейсиң да, бири-бириңе көнүп каласың. Бул бир азга жок болсо эле издеп баштайм. Жубайың үйдө жокто тамак дагы жегиң келбейт, жүрө бересиң.

Сюита: – Бул сыртынан сыр бербегенге аракет кылат, бирок билинип калат. Мен сүйөм бул кишини. Айландырып, сөздү алыстан баштап отурбай эле “сүйөм” деп айта алам. Ошон үчүн баарына чыдап, көздү жумуп койчу жерден көзүмдү жумуп жашап жатам да. Буга тийишкендер, сүйүүсүн арнап жазгандар болот. Андайга кээде көздү жумуш керек болот.

– Өктөм мырза, келинчегиңизди сүрөттөп берсеңиз?

Өктөм: – Мүнөзү ачык, ичинде кири жок, оюндагысын дароо айтат, туурабы, туура эмеспи деп ойлонуп отурбайт. Жакындарым ошол мүнөзүн жакшы көрүшөт. Абдан шайыр, күлкүсүн көрдүңүздөр да. Ушул күлкүсү отуруштарга көрк кошот. Мисалы, отуруштар биздин убактыбызга карап уюштурулат, кээде бизге карап жылдырылат. Ушундай күлкүсү менен көп адамды өзүнө тартат. Болгону катуу күлөт да (күлүп).

Сюита: – Азыр да өзүмдү араң кармап отурам.

Өктөм: – Негизи, тагдырыма ыраазымын. Тагдыр деле өзүңө ылайык адамды жолуктурат тура. Менде жок сапаттар жубайымда бар. Бири-бирибизди толуктап турабыз. Ушундай жарды туш кылган Кудайга ыраазымын. Үйдө баарын иретке салып, мени колдоп-коштоп келе жаткан келинчегиме ыраазымын.

– Бар болуңуздар. Коломтоңуздардын оту өчпөсүн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА