МОНИКА БЕЛЛУЧЧИНИН ОРДУН БАСКАН КЫЗЫ ДЕВА КАССЕЛЬ

Кечээ эле “Сулуулуктун музасы” деген күйөрмандардын наамы италиялык актриса, модель Моника Беллуччиге таандык эле. Бүгүн атактуу актрисанын ордун анын кызы, татынакай келбети менен көпчүлүктү багындырган Дева Кассель ээлеп отурат. Деванын фамилиясын укканда эле белгилүү француз актёру Венсан Кассель эске келет. Бул бекеринен эмес, чынында эле Дева Венсан Кассель менен Моника Беллуччинин улуу кызы. Ата-энесинин жолун жолдоп камераны тандаган 18 жаштагы Дева менен жакындан таанышалы.

Туулган жери: Италия, Рим

Туулган жылы: 2004-жыл, 12-сентябрь

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: модель

Билген тилдери: англис, француз, испан, итальян, португал.

Кызыкканы: жакшы ырдайт, гитара чертет

Кассель+Беллуччи

Моника Беллуччи мектепти бүтөрү менен моделдик карьерасын баштаган эле. 18 жашында кыз белгилүү делген “Elle”, “Grazia”, “Moda”, “Vogue”, “Valentino”, “Prada”, “Victoria’s Secret”, “Betty Barclay”, “Ferretti”, “Escada”, “Revlon” сындуу бренддер менен иштешкенге үлгүргөн. Ал убакта Мониканын ар бир мүнөтү эсептелген эле. Бир күнү Лондон, эртеси Токио, анан Нью-Йоркто белгиленген тартуу иштери, фотосессиялар... Моделдикке улай кино тармагына аралашкан кыз 1996-жылы “Квартира” тасмасына тартылуу учурунда Венсан Кассель менен таанышат. Венсан Мониканы биринчи көргөндө “сулуулугунун арты менен эптеп киного келип алган” деп ойлоп теңине алган эмес. Ал эми Моника Венсан жөнүндө “текебер, али токтоло элек бейбаш жигит экен” деген ойдо калган. Бирок тагдырдын ташы башка жакка ооп, экөөнүн ортосунда сүйүү оту жалындаган. 3 жылдык мамиледен соң никелешкен жубайлардын жашоосу камеранын көзөмөлүндө эле. 2004-жылы жарык дүйнөгө Дева келген. 2010-жылы Дева сиңдилүү болуп, атын Леони коюшкан. 3 жылдан соң өздөрүнө гана белгилүү себептер менен Кассель+Беллуччи союзу ажырап, атактуулар ажырашканын жарыялашкан. Көптөгөн жылдар бою “секс символу” аталып келген Моника ажырашкандан кийин бир нече адам менен мамиле куруп, бирок экинчи ирет турмуш жолуна аттанган жок. Ал эми Венсан модель Тина Кунаки менен баш кошуп, учурда 3 жаштагы Амазони аттуу кызын тарбиялап келишет.

Мода дүйнөсүнө кадам

Дева – индуизмде “Кудай жараткан жандык” деп которулат. Кызына Дева деген атты кокустан тандап калган Моника “мен угулушуна карап эле тандагам, индуизмдеги Деванын маанисин угуп абдан кубандым” деп сүйүнүчүн жашырган эмес. Атасы тараптан француздардын, апасы тараптан итальяндардын канын алган кыз кичинесинен бир нече өлкөдө көчүп-конуп жашады. Париж-Рим-Лондон. Ушул 3 шаардагы 3 мектепте окучу Дева. Ата-энеси кайсы шаарда көп убакыт иштесе, кызы да жергиликтүү мектепке өз адам болуп бара берчү. Андыктан Деванын англис, француз, испан, итальян, португал тилдеринде эркин сүйлөгөнүнө таң калбай деле койсо болот.

Апасынан моделдик келбет, коюу, тармал чачты, атасынан өзгөчө көз карашты алган Дева 14 жашында эле мода сүйүүчүлөрдүн көзүнө илинди. 2019-жылы Миланда өткөн “Dolce & Gabbana’нын” мода жумалыгына барган кыздын сүрөттөрү интернет желесине желдей тарап кеткен. Кийинки эле жылы “Dolce & Gabbana” менен иштешүү келишимине кол коюп, аталган компаниянын “Dolce Shine жана Dolce Rose” деп аталган духисинин амбассадору болот. “Моделдик карьерам “Dolce & Gabbana” менен башталганы жөн жерден эмес болсо керек. Анткени кичинемде апамдын дал ушул компанияга таандык атырын көрсөтпөй себинип алчумун” деп күлөт жаш модель кыз.

Дева маектешет...

– Азыр апаңыздын жолун жолдоп, моделдик карьерага багыт алдыңыз. Келечекте өзүңүздөн эмне күтөсүз?

– Эч нерсе күтпөйм. Учурда, азыркы көз ирмемде мага кызык сезилип жатат. Убакыт өтүп моделдикке кызыгуум артабы же такыр башка кесипке ооп кетемби, өзүм да билбейм.

– Ооп кетпей, эч өзгөрүүсүз эмнеге жеткиңиз келет?

– Бакытка, түбөлүк бактылуулук болсо андан жакшы.

– Апаңызды эсепке албаганда, эмнеге мода тармагын тандадыңыз?

– Мода – бул искусство. Ар бир муун, ар бир адам “модага такыр кызыкпайм” деген күндө да ошол учурдун тенденциясына көз салат, өзүнө жаккан кийимдерди айкалыштырып жатып жаңы мода жаратканын өзү да билбей калат. Андыктан мода адамдын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Мен болсо өз муунумдагы мода жаңылыктарын чагылдырган кызмын.

– Ата-энеңиздин популярдуу адамдар экенин канча жашыңызда билдиңиз?

– Эрте эле. Албетте, ата-энем таланттуу адамдар. Бирок мен үчүн эң башкысы алар жөнөкөй, камкор ата, апа,- дейт журналисттер менен болгон маегинде Кассель.

Атасынын “таттуусу”

“Elle” журналы Деваны “Италиялык моданын жаңы музасы” деп атап, мурда бул орунда турган Моника Беллуччини экинчи планга жылдырды. Учурда эне-кыз француздардын “Karin Models” агенттигинин канатынын алдында чогуу иштеп келишет. 2021-жылы Дева апасына белек тартуулады. Анын белеги Моникага эле жакпастан, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдардын суктануусун, таң калуусун, колдоосун жаратты. “Vogue” журналы менен сүйлөшкөн кыз апасы экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн башкы бетке жайгаштырган. Дал ушул фотосессия аркылуу дүйнө эли, анын ичинде кыргыз күйөрмандары да Моника менен Деваны салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду окшойт. “Апам менен чогуу түшкөн сүрөтүм анын курсагында жүргөн кезимде болгон экен. Эми апам мени эркиндикке коё берип жатканда дагы бир жолу чогуу түшкүм келди”,- дейт кыз. Азыр Деванын моделдик карьерасы алдыга кадамдап эмес, чуркап баратат окшойт. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн кыз ата-энесине ыраазычылык айтат. “Атам да, апам да менин тандоомо каршы болушкан жок. Негизи эле бизди эркин, өз көз карашыбызды айта алган адам катары тарбиялашканына, ар бир кадамыбызды колдоп келишкенине терең ыраазымын”,- дейт модель кыз.

Венсан Кассель экинчи үй-бүлөсү менен жашайт. Бирок биринчи жубайы Моника менен да достук мамилесин үзбөй келет. Кыздарын жакшы көрөрүн анын интернет баракчаларындагы сүрөттөрдүн алдына жазган билдирүүлөрүнөн байкасаңыз болот. “Менин сүйүүм, менин кубанычым, менин ааламым, менин таттуум. Чексиз сүйүүм, туулган күнүң менен!” Деванын туулган күнүндө атасы сүрөт жүктөп, алдына ушул сөздөрдү жазган.

Жеке жашоосу

Сулуу, жаш кызды жандап келишимдүү модель жигит Лука Саландра жүрөт. Лука менен Дева күтүлгөндөй эле мода дүйнөсүндө таанышкан. 2019-жылдан бери кыз-жигит мамилесинде. Франциялык жигитин Дева ата-энеси менен тааныштырган, алар болсо өз кезегинде кызынын тандоосун кабыл алып, Лука менен жылуу мамиледе.


Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан