ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-сентябрдан 2-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада үй-бүлөлүк мамилелер жакшырып, ортодо болуп көрбөгөндөй ынтымак орнойт. Буга чейин чечилбей келген курч маселелерди эмоциясыз жана тынч чече аласыз. Жаңы таанышкан кой жылдызындагыларга таанышуудан кийин дароо турмуш курууну сунуштасаңыз сүйүктүүңүздү чочутуп аласыз. Жумушта жүрүм-турум эркиндиги, бири-биринин алдындагы милдеттер боюнча талаш-тартыштар жокко чыгарылбайт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Материалдык жана тиричилик маселелерин чечүүгө ыңгайлуу учур. Капчыгыңыз кампайып, керектүү буюмдарды сатып аласыз. Үй жаныбарларын сатып алууга да ыңгайлуу убакыт. Үй-бүлөлүк жашоодо тынчтыкты бузган абал пайда болушу мүмкүн, андан чыгуу үчүн жакындарыңызга камкор болуп жанынан чыкпаңыз. Кайсы бир окуя тууралуу талашып-тартышкандан мурун анын чын-бышыгын териштирип алганыңыз туура.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жеке инсандык жана чыгармачылык жактан өнүгүүгө жагымдуу мезгил. Өз жөндөмүңүздү толук ачууга жана көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Мектепти жакшы окуп бүткөндөр студенттик татаал окуу материалдарын өздөштүрүүдө такыр кыйналышпайт. Романтикалык мамилелер жакшырат. Балдарыңыздын жүрүм-турумуна жакшылап көз салыңыз, аларды тарбиялоо ишинде нервиңизди тең салмакта кармай албай калышыңыз мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада бөйөндөр эс алууга, бирөөнүн жубатуусуна же жалгыздыкка абдан муктаж болушат. Убакытты тынч жерде өткөрүңүз. Табият коюнунда эс алуу сиздин жан дүйнөңүздү кайра калыбына келтирүүгө жардам берет. Апта ортосунда балдарыңызга же сүйүктүүңүзгө белек сатып алуудан баш тартканыңыз оң. Балким, жакындарыңыз сизден кымбат баалуу белектерди күтүшөт, бирок бул мамилени жакшыртууга жардам бербейт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Иш сапарында же тажрыйбалуу адамдар менен пикир алмашууда дүйнө таанымыңыз кеңейет. Апта ортосунда көптөн күткөн кыялыңыз орундалышы күтүлөт. Мисалы, көптөн бери күтүп жүргөн адамды жолуктура аласыз. Ошондой эле көптөн бери издеп жүргөн маалыматты таба аласыз. Жакындарыңыздын пикирине карабастан, өз демилгеңиз менен маанилүү иштерди жасагыңыз келип, алардын нааразычылыгын жаратышыңыз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтер бул аптада ойлоп табуучулукка астейдил көңүл бурушса, көп нерсеге жетише алышат. Эгер сиз өз алдыңызча бир буюм сатып алууну максат кылып, ага акча топтой баштасаңыз, анда керектүү сумма тез эле чогулат. Ошондой эле аптада табитиңиз ачылат. Ашыкча жеп-ичүүдөн карманууга аракет кылбаңыз, болбосо бир нече килограмм салмак кошконуңузду өзүңүз байкабай каласыз. Саякатта жүргөндө бейтааныш адамдар менен унаага отурбаңыз, жолдо түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Алыска сапарга чыгууга камданып жүргөндөр аттана беришсе болот. Студенттер үчүн бардык зарыл болгон экзамендик тапшырмаларды тапшыруу, окуу материалын үйрөнүү жана түшүнүү кыйын болбойт. Апта ортосунда досторуңуздун бири карызга акча сурап кайрылышы мүмкүн. Ага акча берсеңиз да, бербесеңиз да мамиленин начарлашына алып келет. Дем алыш күндөрүн үйдөн алыс өткөргөн жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрү келишпестиктен улам урушуп кетүү коркунучу бар.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада сизди кандайдыр бир кызык жана түшүнүксүз окуялар тынчсыздандырса, ал сырдуу кубулуштарга жооп таба аласыз. Бийлик жана мыйзам өкүлдөрү менен курч маселелерди чечүүгө ылайыктуу учур, аны коомчулукка чыгарбоо керек. Балким, сизди таасирдүү адам колдойт. Айрым демилгелериңиз жумшак каршылыкка учурайт. Эгерде сиз бардык нерсенин гармониялуу бүтүшүн кааласаңыз, анда өз чечимдериңизди күч жана эрктүү басым менен түртпөшүңүз керек.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Ишкер өнөктөшүңүз менен олуттуу пикир келишпестиктер жаралса, ортомчунун жардамына кайрылууга аракет кылыңыз. Түгөйүңүз менен келечекке биргелешкен пландарды түзүп, чогуу жүрүп, чогуу кыялдануу сиздерди бириктирет. Апта ортосунда ушак-айың кептерге өзгөчө көңүл буруңуз, алар аброюңузга доо кетирет. Эч кимге сиздин атыңызды каралоого жана маанайыңызды түшүрүүгө жол бербеңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдө жана жумушта баарын иретке келтирип тартипке салыңыз. Маселени конструктивдүү чечүүгө көнүңүз. Бул убакыт тааныштар менен болгон мамилелерде чыр-чатактын күчөшү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Сүйүүдө сүйлөшкөн кызын досунан кызганган учурлар болот, жагымсыз сезимдердин сизди ээлеп алуусууна жол бербеңиз. Дем алыш күндөрү оор иштерди жасабаңыз, эс алып, күч топтогонуңуз оң.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Балдары бар суу куярлар алардын тарбиясына көбүрөөк убакыт бөлүүсү сунушталат. Өзүңүздөгү педагогикалык таланттарды ачып, бала менен толук түшүнүшүүгө жетесиз. Сүйүү мамилелеринде сүйүктүүңүз менен баарлашууңуз кызыктуу болуп, бири-бириңизди жакшы түшүнөсүз. Дем алыш күндөрү маанилүү иштерди пландабаганга аракет кылып, жолугушуулардан алыс болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Аптада вирустук инфекциялар менен күрөшүү ыкмаларына өзгөчө көңүл буруу керек. Организмиңиз аларга өзгөчө сезгич болот. Тиричиликте жаракат алууңуз мүмкүн, андыктан курч нерселерди кармаганда өтө этият болуңуз. Үй-бүлөлүк жашоодо чоң ата, чоң энеңиз менен мурас маселесин талкуулай аласыз. Насыяга эмерек жана кымбат баалуу тиричилик техникасын сатып алууга ыңгайлуу учур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан