Бакыт Мамаев, ырчы: «АЗЫРКЫ ЖЫЛДЫЗДАРДЫН КӨБҮ ВОКАЛДЫ БИЛБЕЙТ»

Бир топ ырларга обон чыгарып, өзү да сахнада жүрүп кийин көрүнбөй кеткен Бакыт Мамаев бул жолку маектешим. “Чыгармачыл адам жөн жатпайт, музыкалык мектеп ачканы жатам” деген агабыз саясаттан баштап, жеке жашоосуна чейин кеп куруп берди.

– Саламатсызбы? Сахнадан, ырчылыктан алыстап кеттиңиз, учурда эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?

– Саламатсыңар, учурда музыкалык мектеп куруу иши менен алекмин. Артыңдан из калтыруу жакшы нерсе да. Ал жерден, буюрса, актёрлор, режиссёрлор, ырчылар, обончулар тарбияланып чыгышат. Бизде азыр музыкалык мектеп жок деп койсок да болот. Мамлекеттик бирин-экин мектеп бар, албетте, бирок каалоочулардын баары ал жакка батпайт да.

– Мектеп ачууга, балдарды тарбиялап чыгарганга билим тажрыйбаңыз жетеби?

– Москвада актёрлук, режиссёрлук кесипке окугам. Биз биринчи курс болгондо Кыргызстан алгачкылардан болуп Союздан бөлүнүп кетти, экинчи курста Кыргызстанга келип Каридин Акматалиевдин киномектебин бүтүрдүм. Кесибим актёр, бирок элге обончу, ырчы катары таанылдым. Кадрдын арты, алды, этюд бүт баарын билем, билимим да, тажрыйбам да жетет деп ойлойм. Мен кыргыздын нукуралыгын сактап калгым келет. Байкасаңар, ар бир обонумда нукура кыргыздын саптары, кайрыктары бар. Европаны, Чыгышты эч качан туурабайм. Мисалы, Гүлнара Кахарова ырдап жүргөн “Кереги эмне байлык, бийлик башканын? Ырлар жана достор – менин канатым” деген ырдын обону меники. Гүлбү Орозкул кызы аткарган “Агарып таңдын атканы, кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн өзүңсүз өтүп жатканы” деген ырды карап көрсөңөр болот. Азыр композиторлор союзу ырчыларга ээ боло албай калды. Ырчылар популярдуу болуп жаткан ырдын кайрыктарын алып, бир аз өзгөртүп туруп эле "уруп" ийип жатышат. Мен аранжировкачы болуп да иштедим, инкубатордон чыккандай эле обондор азыр. Жылдыз болуп жаткандардын көбү вокалды билбейт, “жандуу ырдап көрчү” десең, “үнүм уктап жатат” дейт. Кечинде да үн уктамак беле?

Тигинден, мындан алган ырларда кыргыздын колорити жок. Мен биринчи жолу “Сармерденде” шаман бийин бийлеп чыкканда талаш жаралды. “Кыргызда бий болгон эмес” дешти. Төлөмүш Океевдин эбак тартылган тасмасын көрсөттүм, кыргызда кантип бий болгон эмес? Кара жоргону да казактардыкы деп алышыптыр, кыргыз каганаты бийлик жүргүзүп турганда казагың жок болчу. Шаман бий, талма бий, сынма бий, кара жорго бүт кыргыздыкы.

– Өзүңүз актёрлукка окупсуз, кантип обончу болуп калдыңыз?

– Биздин үй-бүлөдө баары таланттуу, мен окуучу кезде эле обон жазып жүрчүмүн. Апам табып болчу, мыкты ырдачу, атам да чыгармачылыкка жакын адам болчу. Бир тууган агам дагы музыкант. Вокалды Москвадан биз менен кошо келген Моисеева деген мыкты мугалимден окугам. Кийин Кыргызстан жакпай калдыбы, ал мугалим кетип калды. Опера ырчысы Бактыгүл Бокоева, Салима Балтаева, Чырмаш Төрөбеков болуп чогуу окуганбыз. Мектеп жашымда эле ырчы катары атым чыккан, кийин чоң сахнага аттандым. Ырчылыкка келгиче көп жерден өзүмдү издедим. Спорттон издедим, бирок өзүмдү сахнадан таптым. Башында обондорду чыгарып ырчыларга берип койчумун, Алим Токторов өткөргөн бир сынакта байге утуп алып, анан ырчы катары чыга баштадым.

– Кийинки кездерде көрүнбөй кеттиңиз...

– Азыр телеге деле акча бергендер чыгып жатат. Мен талантымды акчага баалагым келген жок. Обон жаратып, чыгармачылык өз нугунда эле бара жатат. “Мени чыгарып койчу” деп эч жерге баргым келбейт. Ошол үчүн көрүнбөй калгандай болуп жатам. УТРКнын "Музыка" каналын карап көрүңүз, көбү өз күчү, таланты менен чыккандар эмес. Мен антким келбейт. Канча жылдан бери ырларым эл оозунда ырдалып келе жатат, окуучуларым чыгып жатышат. Ушуга да шүгүр.

– Үйдө кандай ата, кандай күйөөсүз?

– Менин 4 уул, 1 кызым бар. Чоң ата болгом. Атам кандай ата болгон болсо, ошондой элемин. Балдарым чыгармачылыкка жакын эмес, кичүүсү эле көркөм өнөр академиясында окуйт. Жеңеңер болсо тигүүчү. Бирок чыгармачылыкка жакын, биринчи сынчым ошол. Анткени үйдө музыкалык аспаптарда ойноп обон чыгарып жатканда басып-туруп уга берет да. Өз оюн айтып калат.

– Кыргыздын алпы Жеңишбек мырзаны сиз элге алып чыктыңыз эле. Кийин мамилеңер жакшы болбой калды деп уккам...

– Ооба, Жеңишбекти элге мен алып чыккам. Өзүм Нарындын Ак-Талаасынан болом. Ошондо эле “элге эмне кызмат кылам?” дечүмүн. “Ак-Талаа үчүн эмне кыла алам?” дедим. Акчам болсо жол салып берет элем. Жеңишбекти да көп чыгым болуп клипке мен тарткам. Келсек, КТРК клипти жаратпай, эфирге бербей койду. Анда пират дисктер бар эле, ортодон бирөөлөр уурдап алып, клип элге жайылып кеткен. Ошол клип аркылуу Жеңишбек элге таанылды. Кийин мамлекет ага үй берди. Кийин өзү эмес, ага-тууганы мага доомат артып жүрдү. Мен ал аркылуу атымды чыгарып жаткандай сезилди. “Бакыт Мамаев Жеңишбектен акча жасап жатат” дегенде аябай ыза болгом. Бирок аларга теңелип бир нерсе деген жокмун. Мен ойлоп калдым, чоңдорду деле биз өзүбүз бузат экенбиз. Алар иштейбиз деп эле келет экен, анан “антпей жатат, минтпей жатат” дей берип иштегисин келтирбей коёт окшойбуз. Калыс-Ордо жаңы конушунда жашап жатканыма көп болду, барып чечилбей жаткан маселесин чечкенимде “Бакыт баарына эле башын сала берет” дегендей кылышты. Бирок үч күндүн ичинде иретке салып бергем. Маршрутка жүргүзүп, майда-барат маселесинин баарын чечкем. Чынын айтсам, мени президент кылып шайлашса эки жылда Кыргызстанды бутуна тургузмакмын (күлүп).

– Маегиңизге рахмат, бар болуңуз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан