ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН АЯЛДЫ КАНТИП ТЫҢЫТУУ КЕРЕК?

Адатта кыргыз келиндери төрөт үйүнөн чыгып келгенден кийин үйдө жетиштүү эс ала алышпайт. Тиричиликке дароо аралашып кетип, жакшы тыңыбай калышы мүмкүн. Тыңыбай калуунун залакасы кандай? Төрөттөн кийин аял өзүнө кантип кам көрүшү зарыл? Заманбап медицина жана элдик медицинада бул жаатта эмне дешет?

“Аялдын организми 6-8 аптада калыпка келет”

Кадырбек кызы Айканыш, Ош облустук адам репродукциясы борборунун акушер-гинекологу:

– Толгоо, төрөт учурунда бүт органдар ордунан козголот, анткени баланын төрөлүшү үчүн организмде даярдык жүрөт. Төрөттөн кийин кош бойлуулук жана төрөт кезинде өзгөрүүлөргө дуушар болгон органдар акырындап калыпка келе баштайт.

Жатын. Жатындын жыйрылып калыпка келүү убактысы кош бойлуу мезгилдеги түйүлдүктүн чоңдугунан, түйүлдүк суусунун көп же аздыгынан көз каранды болот. Калыпка келүү 6-8 аптага созулат. Жатындан бөлүнүп чыкчу суюктук “лохии” деп аталат. Ал 5-6 аптадан кийин токтойт. Бул аралыкта 500-1500 миллилитр лохии бөлүнүп чыгат. Төрөттөн кийин аялдын жатыны ачык болгондуктан инфекция кирип кетсе эндометрит оорусу пайда болот. Ошондуктан жыныстык катнашка барбоо, мончого түшпөө сунушталат. Душтун алдына туруп жуунуу туура. Ал эми дааратканага барган сайын сууга марганцовканы мала кызыл кылып кошуп алып жуунуу керек. Жатын калыпка келиши үчүн койчу баштык, тегерек баш чөптүн кургатылган жалбырактарын кайнатып ичсе да жакшы жардам берет.

Эмчек. Төрөгөндөн кийин организмден пролактин гормону көп бөлүнүп чыгып, эмчекте сүттүн пайда болушун шарттайт. Бирок 48 сааттан кийин өлчөмү кескин төмөндөп, кайра 2 апта аралыгында акырындык менен көтөрүлөт. Ушул мезгилде жаш энелер "эмчегимден сүт чыкпай жатат" деп ымыркайга даяр аралашма (смесь) бере башташат. Бул туура эмес. Пролактин гормону көбүрөөк иштелип чыгышы, эмчекке көп сүт келиши үчүн баланы бат-баттан эмизүү зарыл. Эмизгенде эмчектин үрпүн баланын оозуна толук салбаса, бала соргондо аба кирет да, эмчек кесилип кетет.

Ички органдар. Төрөттөн кийин организмде гормоналдык кайра түзүлүү жүргөндүктөн тарамыш, байламталар серпилгичтигин жоготот. Андыктан сөөк, анын ичинде жамбаш сөөктөрү, муундар аз кыймылдуу болуп калат. Кош бойлуу кезде чоңоюп жаткан жатындын айынан ордуларынан жылышып, кысылып калган ашказан, ичеги, табарсык да ордуна келип баштайт. Бул да аздан оорутуу менен коштолот. Ушул себептүү аял азыраак кыймылдашы шарт. Муздак сууга колду салып жумуш кылганда артрит, цистит, эндометрит оорусу пайда болорун эске алуу зарыл.

Тамак-аш. Төрөттөн кийин аялга 40 күн кордо (сууга кайнатылган күрүчкө сүзмө аралаштырып ичүү), атала ичирүү боюнча медицинада карама-каршы көз караш бар. Аял төрөттө 500-1000 миллилитр кан жоготот. 6-8 апта лохии келет. Алсызданып, аз кандуулук менен жабыркап турган аял толук кандуу тамактануусу керек. Анын үстүнө ымыркай өзүнө керектүүнүн баарын энесинин сүтүнөн алат. Андыктан сүт жана сүт азыктарын, брокколи, жумуртка, каймак май, ундун катуу сортунан жасалган нан, балык, майлуу эмес уйдун, тооктун эти, банан, өсүмдүк майына жасалган диеталык тамактарды жеп-ичүүгө болот.

Жегенге болбойт: таттуу, майлуу, кычкыл, ачуу, куурулган тамактар, аллергендүү азыктар: шоколад, какао, жаңгак, бал, козу карын, кулпунай. Ичимдик ичүүгө жана тамеки тартууга болбойт. Алкоголь жана никотин эмчек сүтүнө оңой өтөт, бул баланын мээсине доо кетирип, анын психикалык өнүгүүсү артта калуусу мүмкүн.

“Оор көтөрсө грыжа жаралат”

Ташбү Каразакова, Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну, элдик дарыгер:

– Аял төрөгөн соң анын колун сууга көп салдырбай, майлуу, туздуу, куурулган, таттуу тамак жегизбей, суукка чыгарбай, оор көтөртпөй, жылуу кармап 40 күн тыңытуу керек. Эмне үчүн 40 күн? Анткени кош бойлуу кезде чоюлган жатын менен курсак, төрөт учурунда ачылган жамбаш сөөктөр, дегеле бүтүндөй организм калыпка келет.

Түштүк аймакта климат ысыгыраак болгондуктан аял төрөгөн соң 40 күнгө чейин кордо ичиришет. Илгеркилер атала да ичиришкен. Сууга күрүчтү бышырып, ага айран же сүзмө катыктап койсо кордо болот.

Түндүк аймактарда климат салкын, суугураак болгондуктан ал жактагыларга кордо ичүүгө болбойт, сууктап кетүүлөрү мүмкүн. Алар тооктун этин сууга бышырып, күрүч салып, ошол суюк тамакка айран, сүзмө катыктап ичишсе болот. Аял төрөгөндө денеси бошойт, ошондо эт менен сөөктүн, тери менен эттин ортосундагы чел кабыктарда жел туруп калат. Төрөгөн соң ошол желди тер менен чыгарып жибербесе, аял жел кабышка (желкабыз) кабылат. Жел чыкпай калса анын ордуна алгач суу, кийин эт, май толуп, аял семирип, кайра арыктай албай калат. Колун муздак сууга салып, суукта жөргөндө суук тиет, чел кабыктарда туруп калган жел көбөйөт. Төрөгөндө тиштер да бошойт, ошого суукка чыкпай, муздак ичпей кармануу кажет. Суукка чыкканда оозду таңып алуу сунушталат. Болбосо бошогон тиштер акырындап түшүп, же ортолору ачылып калат. Эркек малдын этин жесе аялдагы тердин бөлүнүп чыгышы азаят да, жел толук чыкпай калат.

Жаңы төрөгөн аял жаңгак, бадам, мисте да жебеши зарыл. Алар ысык келип аялдын организминин калыпка келүү процесси бузулат. Жемиштерди абайлап жеш керек, анткени иммунитети төмөн болуп турган аялдын оозу оюлуп же ичи өтүшү мүмкүн. Газдалган суусундук, бозо, максым, кымыз, кыям, салаттар болбойт. Кой, жылкы, эчки, үндүктүн эти жел болот, андыктан булар сунушталбайт.

Тооктун эти, атала, сууга бышырылган жумуртканын агы, компот, тузу аз калама нан жегенге болот. Өсүмдүк майына диеталык тамактарды жасап берүү керек. Ичти тартып байлоо 40 күндөн кийин колдонулат.

Аял көбүрөөк чалкасынан түз жатып жүрсө төрөттө бошогон омурткалар ордуна келип туура ката баштайт. Төрөп келип эле иш кылуу, оор нерселерди көтөрүүдө ордуна келе элек омурткалар жылып кетип, акырындап бел оору, грыжа пайда болушу ыктымал.

Моюнду түз алып эмизбесе төрөттө бошогон моюн омурткалар толук калыпка келбей, кийин бүкүрлүк жаралат. Андыктан илгертен эле келинди тыңысын деп кээ бир учурда төркүнүнө жөнөтүп, мүнөздөп тамак беришкен. Булардын баарын эски деп чанып, илгерки ырым-жырым деп колдонбой коюу аялды оорукчан болуп калууга жеткирет.

“Бошогон тиш түшпөсүн деп бөйрөктү ысытып тиштетет”

Сагыйпа Курманбаева, Токмок шаарынын тургуну, элдик дарыгер:

– Аял 20 күнгө чейин диета кармашы зарыл. Тооктун этин жеп, шорпосун ичүүгө уруксат. 10 күндөн кийин жаш уйдун, 20 күндөн кийин койдун этине аздан аралашса болот. Этти 1 сыйра кайнатып туруп шорпосун төгүп, кайра суу куюп кайнатып анан этин жеп, шорпосун ичсе организмге жагымдуу болот. Илгери койдун омурткасы менен кар жилигинин эти жеңил болот деп тамакты көбүнчө ошолордон жасап беришкен. Төрөгөндө бошогон тиштердин түбүн бекемдөө үчүн койдун бөйрөгүн ысытып тиштетишет. Суусундуктан компот, жарма болот. Бозону төрөттөн 15-20 күндөн кийин ичип башташы керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kadam
2022-10-01 09:48:00
Келинди тыңытканга куурма чайдан өтөөрү жок. Кыргыз качан брокколи жечү эле? Брокколи жей берип, ого бетер сууктабайбы?
0
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан