Дамира Дүйшөканова, 60 жашта: “БАЛАМ КЫЙНАЛГАНДА ЧИРИГЕН БУТУМДУ КЕСТИРИП САЛАЛЫЧЫ ДЕЙТ”

– Аты-жөнүм Дамира Дүйшөканова, учурда 60 жаштамын. Бишкекте жашайбыз. Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар. Эң кичүү балабыз Чолпонбек учурда 30 жашта. Төрөлгөндө эле оорукчан төрөлүп, врачтар ага “баш сөөк алдындагы басым”, “көздүн чалырлыгы” деген диагноздорду коюшту. Мурдунун ички жагында да тешик бар. Анын организминин өзгөчөлүгүнөн нерв системинин клеткалары оорутууну 30 пайыздай гана сезет. Жыгылса, бир жери күйсө же кесилсе да оорутууну сезбейт. Башка балдардай болуп оорутууну сезсе бир жери ооруса айтса, биз убагында айыктырып турмакпыз. Качан оорусу өтүшүп кеткенде гана билип, карайлап калып жатабыз.

Чолпонбектин тиштери кадимкидей эле чыгып, кийин өзү эле түшүп калды. Оорутууну сезбегендиктен кичинесинде тилин жарымынан тиштеп, кырчып салган. Врачтарга алып барсак, алар кырчылган жерин тигишкен. Тамак ичкенде сүйлөгөндө күч келди окшойт, айтор, врачтар тиккен жери бошоп, тилинин жарымы түшүп калды. Ошондон кийин чулдурап сүйлөйт.

Баламдын тарткан азабы муну менен токтогон жок. 6 жашында жыгылып, астыңкы оң жаагын сындырып алды. Операция жасатып, айыктырдык. Анан 8 жашында бир күнү “апа, бутумду карасаңыз, бир бутум чоң экен” деди. Карасам оң буту шишип калыптыр. Врачтарга көрсөтсөк “сөөктүн рак оорусу. Онкология ооруканасына алпарып дарылаткыла” дешти. Ал жакка алпарсак “сөөктүн учук оорусу” деп бизди учук оорулар диспансерине жөнөтүштү. Алар “бул башка оору” дешип, балдар ооруканасына барышыбыз керектигин айтышты. Ал жактагы врачтар толук текшерүүдөн өткөргөн соң “бир кезде жыгылып, ошондо жаракат алган жерде кан уюп калган. Дарт ошондо башталган” деп, ооруканага жаткырып дарылап чыгарышты. Бирок бутунун шишиген жерине улам суу толуп кетет, ооруканага алып барсак дарылашып, суусун сордурушат. Бирок чыккандан көп өтпөй эле кайра суу толуп, оорусу күчөйт. Кайра дарылатмай...

10 жашында Бишкектеги ортопеддерге көрсөтсөк, анализдерин алып, “остеомиелит” (сөөктүн, ичиндеги чучугунун жана алардын тегерегиндеги ткандардын бактериядан улам сезгенип ириңдеши, чириши) деп диагноз коюшту. Ошондон бери ошол ооруган бутуна баш-аягы 30 жолу операция жасалды. Бутунун чирип бараткан жерин улам кырып, тазалашат. Акыры жарабай калган тизе сөөгүн алып салышып, бутуна аппарат коюшту. Бирок буту кайра эле шишип, аппарат кармалбай калды. Бир буту ошентип кыскарып кетти.

Акыры айлабыз кетип Орусиянын Курган шаарына алып барып операция жасаттык. Алар да бутун кырып, тазалашып, аппарат тагып беришти. Анысы 3 ай гана кармалып, түшүп калды. Шишиген жеринин тегереги тешилип, суу чыгып турчу, анын токтогонуна 3 ай эле болду.

Балам катуу ооруганда уктай албай, тамак иче албай кыйналат. Жанынын кыйналганынан улам балам жакындан бери “бутумду кестирип эле, протез тактыралычы” деп жатат. Түркиянын 2 ооруканасынын врачтары менен сүйлөшүп көрдүк. Биринин врачтары 1 операция үчүн 120 миң доллар кетет дешти. Экинчи ооруканадагылар “10 миң доллар, бирок операциядан кийин улам келип көрүнүп турушуңар керек” деди. Ушул ооруканага алып барсак дейбиз. Бирок операциядан кийин канча ирет барышыбыз керек экендиги, ага кетчү акчанын суммасы да белгисиз болуп жатпайбы.

Жолдошум экөөбүз тең пенсиядагы адамбыз. Экөөбүз тең ушул балабыздын кайгысын тартып жүрүп оорукчан болуп калдык. Атасы инсультка кабылды, мен кант диабети жана жогорку кан басым оорусун таптым.

Кайрымдуу элим, ар бирибизде бала бар. Баланын ооруганын, азабын эч кимиңиздерге бербесин. Жардамга кол сунсаңыздар ушул балабызга Түркиядан операция жасатып, жанын кыйнаган оорудан кутултсак дейбиз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 0100 0747 8446

Мбанк: 996700201120

ККБ visa: 4728 9100 2239 4038

О деньги: 0700201120
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан