Таалайгүл Чондоева, 56 жашта: “ТИЛЕГЕНИМ – САУЛЕНИН БАСЫП КЕТИШИ”

– Аты-жөнүм Таалайгүл Чондоева, 56 жаштамын. Нарын шаарынын тургуну болом. Жээним Сауле Айтбекованы төрөлгөндөн өзүм багып-чоңойтуп келе жатам. Учурда 14 жашта. Тубаса оорукчан төрөлгөн, диагнозу – балдардын шал оорусу (ДЦП). Кичинесинде чыгырык менен, анан бирөө жетелесе бир аз басчу. Кийин такыр эле баса албай калды.

Туулгандан бери ар 6 ай сайын ооруканага жаткырып, дарылатып келе жатабыз. Мындай дарт менен ооругандарга комплекстүү дарылоо керек. 7 жашында Ысык-Көлдөгү Ак-Суу реабилитациялык борборуна алып барып дарылаттык. Ошондо денесине массаж жасайбыз деп жатышып оң жамбашын чыгарып салышыптыр. Аны болсо бизге айтышкан эмес, бирок Сауле кыйналып ыйлаган эле. Биз жамбашын рентгенге тарттырсак ал жердегилер “жакшы эле экен” деп коюшту. Сауле баспагандыктан анын жамбашы чыгып кеткенин биз билбей жүрө бердик. Качан гана бир буту кыскарганда билдик. Текшертсек, жамбаш сөөгү чыкканын жана ошондон улам омурткаларына күч келип, кыйшайып сколиоз болуп калганын айтышты. Азыр сколиоз дарты 4-даражага жетип калды.

Саулени мурдагы жылы кайрадан Ак-Суу реабилитациялык борборуна алпарып дарылатсак дагы массаж жасайбыз деп сол колун сындырып салышты. Сыягы, ошол жакта атайын окууну бүтпөгөн бирөөлөр эле иштешет окшойт. Ошентип алар 2 жолу бизге азап тартуулашты, кызымды майып кылышты (ыйлап). Бишкекке алып келип, операция жасатсак сынган колуна темир салып беришти. Кийин аны алдырттык. Сауленин азыркы абалын айтсам жамбашы чыккан, жамбашка бекиген сөөктүн башы чирип баратат. Оорунун айынан күнү-түнү онтоп ыйлайт. Ооруп жатып да “кийин врач болом, ооругандарды айыктырам” деп коёт. Көңүлү кичине көтөрүлсө ырдап калат (ыйлап).

Кыйшайып, буралып кеткен омурткалары ички органдарын кысып кыйнайт, оорутат. Ошого тамак иче албайт, оңдуу жата албайт. Оң жамбашы чыккандыктан бир гана сол капталы менен жатууда.

Бишкектеги ортопеддерге алпардык эле, алар “операция жасап бергиле десеңер жасап, жамбашын салып беребиз. Бирок тарамыш, байламталары тартылып тургандыктан жамбашы кайра эле чыгып кетет. Кайра операция жасоо керек. Ушунун кереги барбы, өзүңөр чечкиле” дешти.

Өткөндө “Түркиядан врачтар келиптир” деп угуп, Саулени көрсөттүк. Алар: “Операция жасатуу керек, басып кетиши мүмкүн. Баспаган күндө да отурганга жарап калат. Операцияга 21 800 доллар кетет, минтип жүрө берсе жамбаш сөөгү чирийт. Сколиозуна да 2 этап менен операция жасап беребиз, ага 22000 доллар жумшалат. Кыйшайган омурткаларды түзөтүп, омурткалардын артына серпилгич темир бекитебиз. Кийин омурткалар түзөлгөн соң темир алынат”,- дешти.

Биз ошол врачтарга үмүт артып жатабыз. Бирок баягы эле кендирди кескен каражаттын жоктугу болуп жатат. Кыргыз эли боорукер эл, кайрымдуулук жасасаңыздар сиздерге рахмат айтып, кызыбызды илдетинен айыктырып алат элек. Бардык үмүтүбүз сиздерде. Бизди азаптан куткаруу сиздердин колуңуздарда.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом: 0700871291

Элсом картасы: 9417 0189 2578 2591

Мбанк: 996700871291

Сбер банк картасы: 2202 2061 1470 4781

Айыл банк: 1350 7120 1217 0852

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан