Кечээ социалдык тармактан “мени сүйөм деп жатат” деп тепилдеген Аруузат менен Алибек тууралуу видеону көрүп өзүмдүн биринчи сүйүүм эске түштү. Кандай таза сезимдер! Мен аны биз 4-класста окуп жатканда баштан өткөргөм. Ата-энеси кайсы бир себептер менен биздин айылга көчүп келишип, Айсулуу биздин мектепке кирди. Элеси азыр да көз алдымда. Эки жагына ташталган эки өрүм чачы, ботонукундай жайнаган капкара каректери, апакай жүзү... Таң калганым – анын ошол кездеги кийимине чейин көз алдымда калыптыр. Ак фартук, кара форма кийип кирип келген, жонунда кызыл сумкасы бар эле. Баарынан жакканы – күндү көзүнө батырып алгандай күлүңдөп караган көздөрү эле. Ал көздөр кийин кимди гана ыйлатпады экен. Биздин класста бардык балдар ага ашык болуп калышты. Бирок эң туруктуу күйөрманы мен элем. Ал үйдөн чыккандан тартып аркасынан ээрчиген мен, мектепке чейин артынан тиктеп барчумун.
Кайран өзүм, сүйүүгө туруктуу экенмин, 10 жашымдан баштап 17 жашыма чейин Айсулуудан башканы көзүм көрбөдү. Чоңойгон сайын көз жоосун алган сулуу кыз болду. Бирок...
Сулуулук аялзаты үчүн чоң курал. Ошонун бийиктигин билген, сулуулук бул табият тартуулаган чоң белек экенин билген жакшы. Болбосо ал ар кимдин бут алдында тебеленип калат тура. Айсулуу өзүнүн сулуу экенин билгенден тартып эле жигиттерди мээлейдей алмаштыра баштады. Канчасы мендей чын дилинен сүйдү, канчасы үчүн көңүл ача турган объект болду, билбейм. Бир жолу балдар менен отуруп сүйлөшүп калып, ал тууралуу жаман сөздөрдү уктум.
– Оозуңа карап сүйлө!- дедим титиреп.
– Эй, келесоо, аны бизден башка деле толтура балдар колдонуп жүрөт. Сен эле жанына баргандан коркуп алигиче ооз ача албай жүрөсүң,- дешти алар жанды кашайтып.
Жашоомдогу эң ыйык адамды балдардын баары балчыкка тебелеп жатышты. Мушташып кеттим, таяк жедим. Бирок денем ачыганынан да жүрөгүм ачыганы башкача эле. Дагы деле Айсулуу ар кимге кол жоолук болгонуна ишенбей турдум. Өз көзүм менен көрмөйүнчө...
Бир жолу велосипедим менен кетип баратып анын мектепти көздөй бара жатканын көрдүм.
– Салам...
– Салам, кайда баратасың?- деди ал адатынча көзүндө күн тургандай күлүңдөп.
– Абамдарды чайга чакырып келгени жогорку айылга бара жаткам. Сен кайсы жакка?
– Мектепке. Кошумча сабакка бара жатам.
Унчукпай калдык, бир топто эркимдин баарын жыйнап туруп “кечинде сен жакка барайын, сага сөзүм бар эле” дедим. “Мейли” деди ал жымың эте. Тим эле ошол күнкү бактылуулукту айт. Күн асманга жабышып калгансып, кеч кирбегенин айт. Эптеп кеч кирсе, мен эмне деп сүйлөйм деп бушайман болгонумду айт. Ошентип жатып Айсулуунун үйү тарапка бардым. Болжолдогон жерге барып “кантип чакырсам?” деп туруп калдым. Жүрөгүм кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөйт. Бир маалда кобур-собур үн чыгып калды. Мен жашына калдым, эмнеге анттим билбейм. Бизден улуу эки жигит менин жанымдан өтүп барып токтоп калды да, фонариги менен белги бергендей болду. Бир аз убакыт өткөндө Айсулуу чыга келди. Мурун эле жолугуп жүргөнбү, биринин күрмөсүнө култ эте эле кирип кетти. Оозумду ачып туруп калдым. Тиги жигиттин экинчиси ары басып кетип калды. Ансайын кыналыша кучакташкан экөө көз алдымда мени муунтуп жатышты.
– Болду эми, бирөө-жарым көрүп калат,- деп жаткандай тигинин асылып өпкүлөп жатканына кылыктанган Айсулуу. Тигиниси болбойт. Жана мени менен жолугуп, кечинде кезигебиз деген убадасы такыр эле эсинен чыгып кеткендей. Жанымдан бомба жарылып кеткендей эле далдырадым да калдым. Мен ошол күнү суу боюна барып буркурап ыйлаганым эсимде. Жүрөгүмдө багып, аялуу буюмдай сактап келген сүйүүмдү айта албай кала бергем. Мектепти бүткөндөн кийин баарыбыз чачырадык. Мен окууга кеттим, бирок ата-энем карып калгандыктан “мал-жанды караганга адам жок” деген шылтоо менен жогорку окуу жайын бүткөн жокмун. Аябай жакшы, түшүнүктүү жарым болду. Эки чүрпөнүн атасы болдум. Убакыт көз ачып-жумганча өтөт экен, бир топ жылдар бою Айсулууну көрбөдүм. 20 жылдык болгондо “Айсулуу келет” деп уктум. Кандай болуп калды экен? Мурункудай эле сулуу болду бекен? Жүрөк кургур дал 4-класс кезимдегидей булкунду. Аябай күттүм. Бирок келген жок, Москвада эл катары мигрант болуп жүргөнүн, турмушка чыгып ажырашып кеткенин айтып жүрүштү. Эми жакында 25 жылдыгыбыз болот. Айсулуу дагы келет болду бекен деп ойлоп коём. Биринчи тунук, аруу махабатым ошол экен. Бир дагы аялзатын мен анчалык аздектеп сүйбөгөн экенмин. Кызыгы, ал менин чоң махабатым экенин билди бекен? Же көптүн ичинде калып кеттимби? Көзүнө бир карап ушуга жооп алсам, ээ?..
Алмаз