Тима Мукашев, ырчы: “ӨЗҮМДҮН ЫРДОО СТИЛИМДИ ТАПТЫМ”

Лирикалык ырларга басым жасаган конур үндүү ырчы Тима Мукашев маек төрүбүздө. “Акчадан адамдын намысы бийик турушу керек, акча үчүн намыска шек келтирген кадамдарды жасабайм” деген ырчы мырзанын маегине көз чаптырыныз.

– Саламатсызбы, Тима мырза? Мекен чегиндеги каргашалуу окуядан улам сизде да толгонуулар болуп жатса керек...

– Саламатсыздарбы? Кыргызстандын жараны болгондон кийин мекенибизде болуп жаткан окуялар жан кейитпей койбойт. Канчалаган жай тургундар үй-жайын таштап качып, канчалаган мекендештерибиздин өмүрү кыйылып жатат, абдан өкүнүчтүү. Бул жагдай, албетте, мага дагы психикалык жактан таасирин тийгизди, эч нерсеге көңүлүм чаппай, тынчсызданып жаттым. Алыста турган биз ушундай абалда болуп жатабыз, Баткенде жашаган элге, чек араны коргогондорго таазим! Баары жакшы жагына чечилип эл-жерибизде тынчтык орноп, эч кимдин көз жашы төгүлбөсүн!

– Кептин нугун чыгармачылыгыңызга буралы. Кандай жаңылыктар бар?

– Чыгармачылыкта былтыр бир жыл тыныгуу болду. Быйыл кайрадан жең түрө ишке кириштим. Бир кездерде популярдуу болгон кытайлык кыргыздардын “Ардагым” деген ырын жаздырып, клиби менен элге тартууладык. Андан башка дагы жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Учурда бир ырым даяр турат, элге жарыяланар учурда минтип өлкөдө жагымсыз окуялар орун алып калды. Мындан улам чыгарган жокпуз. Андан тышкары 3 жаңы чыгарма жазылып жатат. Клип тарттыруу пландары бар.

– Мурун көбүнчө жай ыргактагы ырларды ырдачу элеңиз. Репертуарыңызга шаңдуу ырлар кошула баштады, ырдоо стилиңизди өзгөртөйүн дедиңизби?

– Өзүмдүн үнүм лирикалык баритондо болгондуктан, мага лирикалык ырлар көбүрөөк жарашат. Башында шаңдуу ырларды ырдай алчу эмесмин. Музыка өзүнчө болуп жаткансып, таппай эле кыйнала берчүмүн. Азыр көнүп калдым. Даярдалып жаткандардын баары шаңдуу ырлар. Негизи чыгармачылыктан өз ордуңду табуу дегенди мен өзүңдүн ырдоо манераңды, стилиңди, үнүңдү табуу деп түшүнөм. Мен ошол нерсени таптым деп ойлойм. Кандай ыр болбосун өзүмдүн стилиме салып ырдайм. Кээ бир ырчылар бири-бирине окшош, үнүн угуп ким экенин билбей чаташтырасың. Мисалы, Мирбек Атабеков ырдап жатса дароо үнүнөн тааныйсың да.

– Чыгармачылыкта тыныгуу алышыңызга эмне себеп болду?

– Негизи чыгармачыл адамдарда мындай учурлар болуп турат. Турмуштук жагдайларга байланыштуу же жан дүйнөңдө чыгармачылык каатчылык болот. Менде чыгармачылык каатчылык болду. Анын үстүнө былтыр чоң атам дүйнөдөн өтүп кетти. Мен ал кишинин колунда өсүп калганга жакын болчумун. Ошондон улам дагы чыгармачылыктан оолактадым көрүнөт.

– Чоң ата, чоң эненин колунда эркелеп чоңойгон экенсиз да?

– Ооба, айылда таянарым чоң атам болчу. Көчөдө балдар менен мушташып же үйдөн бир кылмыш кылсам дароо чоң атама чуркачумун. Ал мени коргочу. Балдар менен мушташып кеткенде чуркап барып дарбазадан кирип кетсем болду, мага эч ким тийише алчу эмес. Айылдагы байкелер “буга чыгасыңбы?” деп өзүмдөн улуу балдарды көрсөтсө деле мен “баарына чыгам, мушташам” дей берчүмүн. Бирок алар “мунун атасы урушат” деп болбой коюшчу. Чоң атам Ат-Башынын үч айылынын аксакалдар соту эле, айыл эли сыйлаган аксакалдардын бири болчу. Жакшы өмүр сүрдү. “Көзүмдүн тирүүсүндө үйлөн” деп көп айтты. Азыр мурда эле үйлөнбөй деп өкүнүп калам. Себеби ал кишинин мага болгон мээрими, эмгеги өз ата-энемдикинен да көп десем болот. "Адамдын баркы көзү өткөндөн кийин билинет" деген чын. Акыркы учурда айылга көп барбай жүргөнүмө өкүндүм. Мен айылга барып келгенден 20 күндөн кийин дүйнө салды.

– Бир учурда “Алтын үн” сынагынын жеңүүчүсү болгонсуз. Эл аралык сынактарга катышсам деген ойлоруңуз барбы?

– Азырынча андай оюм жок. Эгер жакшы сунуштар болуп калса менде катышканга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анын үстүнө сынактар мурункудай стимул бербей калды десем болот. Себеби мурун эл аралык эле эмес, Кыргызстандагы сынактардын да кадыр-баркы жогору болчу. “Оо, бул баланча өлкөгө сынакка барыптыр” деп баалашчу. Азыр сынактардын кадыр-баркы кеткендей туюлат.

– Сынактар стимул бербей калды деп жатпайсызбы, буга ырчылардын той ырларына ыктап кеткени себеп эмеспи? Негизи эле ырчыларга эмне стимул берет?

– Себеби той деле болушу мүмкүн. Эл кайсы жакка басым жасаса, элдин табитин табуу үчүн чыгармачыл адамдар дагы ошого ыкташат да. Бирок баары эле элге карап ыктабайт, чыгармачылык багытын өзгөртпөй сапаттуу чыгарма жаратуу менен алектенгендер дагы бар. Бирок андай чыгармачылык менен көп каражат табыш кыйын. Бардык эле ырчылар сынак же наам үчүн иштебесе керек. Себеби ар бир адам артыма из калтырсам дейт да. Менин максатым да ошол. Элдин жүрөгүнө, кулагына сиңе турган ыр жаратуу. Өзүмдүн жазган ырымды болбосо дагы, мыкты авторлордун ырларын өзүмдүн аткаруумда элге сиңирсем дейм.

– Жашоодо эмнеден чоң сабак алдым деп айтат элеңиз?

– Бир нерседен сабак алып, акылдуу болуп калдым деп айта албайм. Азыр деле ошондой процесс болуп жатат. Күн сайын жашоодон сабак алат экенбиз. Улууларды укпай “меники туура” деп текеберленебиз го, менимче, көп жашаган адамды жашоо көбүрөөк тарбиялайт экен. Өзүнүн убактылуу кызыкчылыгы үчүн досум деп коюн-колтугуңа кирип, өз пайдасы үчүн жакын адамдай көрүнгөн тааныштар көп болгон. Андайларга таң калып же кайгырбай деле калдым. Мен ошол нерселерден сабак алып адамдарга өтө жакын болбой, сый мамилени сактоого аракет кылам. Адам от сыяктуу, өтө жакындасаң күйөсүң, өтө алыстасаң үшүйсүң деген чын.

– Чач жасалгаңыз бир калыптан такыр өзгөрбөйт, канча суммадагы акча сунуштаса сахнага чачыңызды кырып чыгат элеңиз?

– Миллион берсе деле кырдырбайт элем. Адамдын ар-намысы акчадан бийик болушу керек. Ар-намыс акчага сатылбашы керек. Акча үчүн андай кадамдарга барбайт болчумун.

– Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык эргүү каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан