“ЫЙЛАБА, КЫРГЫЗЫМ”, “ОЙЛОН” ырлары кантип жаралган?

Кыргызга ар кырдаалда дем-күч берген, жүрөктө патриоттук сезимди ойготкон мыкты ырлар бар. Өлкө башына сыноо түшкөн азыркы оор учурда элге дем берген 2 ыр тууралуу сөз кылалы дедик. Сыймык Бейшекеевдин “Кыргызым” жана Эрлан Андашевдин “Ойлон” ыры кантип жаралган?

Сыймык Бейшекеев: «Мигранттардын оор тагдырын көрүп ушул ырды жазгам»

“Ыйлаба, кыргызым” деп башталган ыр учурда көп жаңырууда. Ырдын сөзүн да, обонун да Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев жазган. Кийин ырды Айдин Шер, Гүлназ Чыныбек кызы жаңылап ырдап чыгышты. Ырдын жаралуу тарыхы тууралуу автор буларды айтып берди:

– “Кыргызым” деген ырды 2000-жылдары, алгачкы жолу Орусияга барганда жазып баштагам. Ал жактан:

“Базарда көр турмуш,

Кыйналдың сен бир укмуш.

Күдөрүң үзбөчү,

Болор чоң бурулуш”, – деген куплетин жазып келгем. Бир жарым жылдай көкүрөктө сакталды ушул ыр. Анан 2002-жылдын башында жарыкка келди. Эмнеге таасирлендим? Ошол жылдардагы элдин кыйналганы, оокат үчүн эл туш-тарапка миграцияга кетип жатканы жүрөк толгонуусуна алып келип, ушундай ыр жаралган.

Гүлназ Чыныбек кызы: «Сооротуп, дем берген ыр»

– Бул ырды пандемия учурунда жаздыргам. Оору аябай каптап, башында баарыбыз нес абалында калбадыкпы. Кайрымдуулук иштеринде, элге азык-түлүк таратканда айрым үй-бүлөлөрдүн абалын көрүп аябай жүрөгүм ооруп, ыйлагым келип бук болдум. Тамак ичейин десем эле жаш балдардын жалдыраган көздөрү көз алдыма тартыла берди. “Алар азыр минтип тамактана албай жатышат да” деп жаман болом. Анан бир таанышым “ушул ырды ырдабайсыңбы, азыр элге дух берет эле” деп калды. Ырды угуп 1 сааттай ыйлагам. Дароо эле Сыймык байкенин номерин таап чалып сурасам, макул болду. Ырды жаздырып ырдагандан кийин өзүмө келип, кайрымдуулук иштерин улантып кеткем. Көрсө, мындай иштерди кылганга адам психологиялык жактан даяр болуш керек экен. Баарын жүрөккө жакын ала бербеш керек тура. Азыркы оор кырдаалда да бул ырды видеолорго тиркеп чыгарып жатышат. Өзүм кечээ Бишкектен Ошко учкам, жолдо ушул ырды улам кайталап угуп келдим. “Кыргызым” соорото турган, дух бере турган, ошол эле учурда ичибиздеги муңду чыгара турган ыр.

«Кыргызым»

Сөзү, обону: Сыймык Бейшекеевдики

Күн дагы бүркөлдү

Адамдын кабагындай.

Турмушуң үзүлөр

Алманын сабагындай.

Кайырмасы:

Кыргызым, ыйлаба,

Күн тийет сага да.

Намыстуу эр чыгат,

Буйруса, бактыңа.

Ыйлаба, кыргызым,

Бөксөрбөйт ырысың.

Азап күндөн алып чыгат,

Буйруса, уул-кызың.

Базарда көр турмуш,

Кыйналдың сен бир укмуш.

Күдөрүң үзбөчү,

Болор чоң бурулуш.

Кайырмасы:

Ыйлаба, кыргызым,

Кемибейт ырысың.

Азап күндөн алып чыгат,

Буйруса, уул-кызың.

Демиңе дем берем

Мукамдуу ыр менен.

Тирүүлүк дөңүндө

Жашаймын эл менен.

Элимдин ырысын

Кемиткен наадандар,

А дүйнөгө барганда

Бир Кудай жазалаар.

Тийбечи, суранам,

Элимдин нанына.

Убалы кыргыздын

Уктатпайт сени да.

Кайырмасы:

Эрлан Андашев: «Элге дух берсин деген ниетте чыккан ыр»

“Ойлон” ырынын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Эрлан Андашевге таандык. Эрлан мырзанын аткаруусундагы бул ыр да элге дем-күч берүү, намысты ойготуу ниетинде жазылган. Эрлан мырза ыр тууралуу буларды айтты:

– Сапарда жүргөндө “элибиз ойгонсо, жаман адаттарды таштаса” деп көп ойлончумун. Ушундай мааниде ыр жаратсам деп жүргөм. Бир күнү сериал тарткан балдар байланышып, “спортчуларга дем-күч, мотивация бере турган ыр керек болуп жатат” деп калышты. Менин оюмдагы ыр менен алардын сураганы төп келип калды. Анан Акбар Кубанычбеков сөзүн жазып берип, бул ыр киного саундтрек катары жаралган. Негизинен, элибизге дух берсин, ойлондурган ыр болсун деген ниетте жазылган.

Акбар Кубанычбеков, акын: «Ар бир кыргызга тиешелүү ыр»

– Бизге “Стимул” деген сериалды тарткан балдар кайрылып калышты. Балдар тасманын мазмуну тууралуу айтып берип, саундтрек жазууну сунуш кылгандыктан, бул ырды ошого карап жаздым. Бирок чындыгында, бул ар бир кыргызга тийиштүү ыр. “Элиңдин келечегин бүгүн ойлон, ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон” деген саптар бар. Ар бирибиз таң эрте ойгонгондо Мекенге болгон сүйүү менен ойгонсок... Кыргыздын кандай ынтымактуу, биримдиктүү экенин көрүп бекеринен мындай ыр жазылбаптыр деп ойлойсуң. Элибиз мындан да мыкты ырларга татыктуу. Бул куру пафос эмес.

Дача-СУда учак кулаганда деле жеп жаткан нанын тең бөлүп берген элим, тарыхка кайрылсак деле ички маселеде гана эмес, коңшулар кыйналган учурда да кол сунуп жардам кылган элим. Ортодо бир учур болду, жеке амбицияларыбызга берилип кеткен. Бирок кийин кайрадан элде улуттук дух, аң-сезим ойгонуптур. Спорт жаатында кыргызды дүйнөгө таанытып желегин желбиреткен балдар, кыздарыбыз кандай сыймык алып келип жатышат. Билим жаатында, IT жаатында, деги койчу өлкөнү таанытып жаткан жаштарыбыз көп. Ар бирибиз ойгонсок, алакандай болгон Кыргызстаныбызды асманга көтөрүп кете алабыз деген ниет менен жазылган ыр.

“Ойлон”

Сөзү: Акбар Кубанычбековдуку

Обону: Эрлан Андашевдики

Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,

Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.

Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн

Пейилиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.

Тар жолдо тайгаланса канча жаның,

Багыттан алга деген чарчабагын.

Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,

Кыялды, максатыңды таштабагын.

Кайырма:

Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,

Элиңдин келечегин ойлонуп.

Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,

Калың журт колдоп турат баары тең!

Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,

Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.

Татыктуу урпак болуш үчүн анда,

Эртең кеч болот, билсең, бүгүн ойгон.

Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,

Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.

Тайманбай алдыда бар улуу сапар

Баралы келечекке бизди күткөн.

Кайырма:

Эр Манастын урпагы,

Эчен доордон бул жагы

Кырчылдашкан майданды

Жеңип өтүп сынбады.

А азырчы не болду?

Улууларын укпады.

Көрүнгөндү сындады,

Минте берсе кандай болот бул жагы?..

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан