Самат Дөөлөтбаков, ырчы: «АЙРЫМДАР БАТКЕНДЕГИ АБАЛДЫН ОЛУТТУУ ЭКЕНИН ТҮШҮНБӨЙ КОЮШТУ ОКШОЙТ»

– Саламатсызбы, Самат мырза? Өлкөбүздө орун алган оор кырдаалда маалыматтык согушта жигердүү иштедиңиздер. Аракетти кайсы учурда баштадыңыздар?

– Саламатсыздарбы? Баткенде коогалаң башталгандын эртеси күнү мени штабга чакырышты. Маалыматтык штабды президенттин иш башкармалыгы, Маданият министрлиги, Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы биргеликте түзүптүр. Маалыматтык согуштан жеңилип бара жатабыз деп ЖМКлардын, медиа түзүмдөрдүн өкүлдөрүн, жүзгө жакын блогерди, журналисттерди, видеограф, мобилограф, айтор, контент жасай ала тургандардын баары чогулдук. Блогерлерди жетектөөгө координаторлукка мени шайлап коюшту. Мен жоопкерчиликтүү иштен баш тарта алган жокмун. Дароо эле ишке кириштик. 3 топко бөлүнүп алып иш алып бардык. Бири сүрөттөрдү даярдап, журналисттик иликтөө жасап, экинчиси текст жазып, үчүнчүсү жазылган маалыматтарды чет тилдерге которуп жатты. Анан ошол такталган маалыматтарды бардык социалдык тармактардан бөлүшүп жаттык. Башында жүздөн баштаганбыз, азыр макро, микро блогерлердин саны 300гө жетип калды. Ар бир блогер эмоционалдуулук менен башкача өңүттөгү маалыматты берип жибериши мүмкүн эле, бул ирет жакшы болду. Штабда 3 багытта иш алып бардык, биринчи тарабы дүйнөлүк коомчулукка бере турган маалыматыбыз орус, англис, немис, француз, араб, кытай, япон, түрк, тажик, 9 тилге которулуп, берилип жатат. Маалыматтардын баарына тандалган жалпы хештегдер колдонулууда. Экинчи багыты – гуманитардык жардам боюнча маалыматтарды 2 саат сайын жаңылап турабыз. Үчүнчү багыты – кыргызстандыктарга арналган, жоокерлерге, элге дух берүүчү, мотивациялык видео, сүрөттөрдү чыгаруу.

– Маалыматтык согуш катуу жүрдү, үнүбүздү дүйнөлүк коомчулукка жеткире алдыкпы?

– Маалыматтык согуш өтө маанилүү. Жалган жаңылык менен туура маалыматты бир тараптуу кылып көрсөтүп койсо болот. Ал жагынан тажик тарап жакшы даярданганбы, айтор, орус маалымат булактары дагы тажиктердин маалыматын чыгарып жатышты. Ошондон улам түнү менен видео-роликтерди даярдап, таратып баштадык. Ыктыярчылардын кимисинин колунан эмне иш келсе, аткарып жатышты. Дагы идеяларыбыз бар.

– Маалымат таратууда айрымдарга нааразычылык билдирген учуруңуз дагы болду. Такыр кайдыгер болуп койгондор дагы болуп жаттыбы?

– Туура айтасыз, маалымат таратууда айрымдарга нааразычылык билдирдим. Негизи айрым социалдык тармактарда катталуучусу көптөр бул жагдайдын олуттуу экенин түшүнбөй, жөн гана чек арадагы чыр деп кабыл алышты окшойт. Ошол видеону 7 жолу жаздырып өчүрдүм. Өтө катуу, эмоционалдуу абалда элем, аттарын айтып салайын дегем. Кайра ойлондум, эртең баары бир жүз көрүшөбүз да. Бул жагдайда баарылап каршы аракет көрбөсөк, бул оюнчук эмес. Эгерде согуш режими боло турган болсо ырчы-чоорчу эч ким эч нерсе кыла албайт, той болбойт, бизнес өнүкпөйт. Ансыз деле каатчылык абалда турабыз, 3 адамдын экөөсүнүн кредити бар. Ошондуктан азыр чуркап, колдон келген жардамыбызды кылышыбыз шарт. Азыр 4-күн болду, толугу менен өзүмдү ушул иштерге арнап жатам. Жеке иштерим калды, албетте, зыяны бар. Бирок өз ишимден да маалыматтык согушта жеңүү маанилүү болуп турат. Ошол нерсени айрым кесиптеш, блогерлерге айтайын дегем. Мисалы, айрым катталуучусу меникинен эки эсе көптөр аза күтүү күнүн, анан "жаткан жериңер жанаттан болсун" деген гана нерсени чыгарууга жарашты. Алардын аудиториясы дагы мааниге ээ да.

– Билим алууну четке каккан, акча тапсам болду деген бир катмар бар экени баарыбызга маалым. Өсүп-өнүгүү үчүн билимдин мааниси тууралуу айтсаңыз.

– Билимдүү болуш сабырды, убакытты, ойлонууну талап кылат. Тилекке каршы, илим-билим фактылары смартфонубузда болгону үчүн биз барган сайын жалкоо болуп бара жатабыз. Ошондон улам жаштар өнүккүсү келбейт. Азыркы жаштарга жөн гана диалог керек. Билимдин канчалык маанилүү экенин билүү зарыл. Мисалы, кээ бир адамдарга таң калам, болгону бир гана тил билет, башка тилди билгиси келбейт. Дүйнө деген көп улуттуу элдерден турат, 3 миңден ашуун диалект бар. Жок дегенде бир чет тилин жакшы түшүнгүдөй кылып билип алуу шарт. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – бул социалдык тармактар. Жеңил-желпи, кыска убакытка эмоция берген видеолорду көрүшөт. Ал нерсени көп ойлондурбаганы үчүн тандашат. Билимге бөлө турган убакытты жеңил нерсеге коротуп жатабыз. Бул адамдын физиологиясындагы нерсе. Барган сайын бул тенденция чоңоёт. Ар бирибиз балдарыбызга билимдин канчалык маанилүү экенин диалог аркылуу айтып жеткиришибиз керек. Андан башка жолу жок.

– Сизге сунуш түшсө, жаңычылдык киргизүү үчүн мамлекеттин кайсы бир тармагын жетектеп берүүгө макул болот белеңиз?

– Буга чейин ар кандай сунуштар болгон. Бардык нерсе өзүнүн салыштыруусу менен каралат. Кээ бир позициялар мен ойлобогондой, анчалык маанилүү эмес болду. Мени маданият жаатында көрүшсө, мен өзүмдү билим берүү жаатында көрөм. Маданияттан тышкары билим берүү тармагына салым кошсомбу деген оюм бар. Эми Маданият министрлиги өзүнө спорт, маданият, туризм, жаштар саясатын камтыган чоң министрлик. Бул жааттан дагы жакшы сунуш болсо мен даярмын. Кудайга шүгүр, өзүмдүн иштерим өз жолунда, жеке, үй-бүлөлүк муктаждыктар жабылган. Мамлекет үчүн иштеп бергенге даярмын. Өлкөгө пайдамды тийгизе ала турган жерге барсам жакшы болот эле.

– Көп чет мамлекеттерде болгонсуз. Дегеним, өлкөдөгү туруксуз абалдардан улам башка өлкөгө кетип калуу тууралуу ойлор болгонбу? Мекенге болгон сүйүү деп эмнени айтар элеңиз?

– Өлкөдөгү абалдын туруктуу-туруксуздугу боюнча эл аралык аналитиктердин айтканына карай турган болсок, баары эле бизге “мындан дагы оор болот” деп терс бааларын берип келишет. "Бул жагдай 2026-жылдарга чейин барат" деген да пикирлер бар. Баарын убакыт көрсөтөт. Кырдаалга жараша адам баласынын ою өзгөрө берет да. Негизи бир учурда бул жердеги активдерди сатып башка жерге кетсекпи деген дагы ойлор келген. Мен кыркка жакын өлкөдө болдум, кээ бир өлкөлөрдө жашап, иштегем. Абдан жакшы өлкөлөр бар. Менден сураганда мен дүйнөнүн адамымын деп айтам. Бирок “туулган жердин топурагы алтын” дегендей, ушул жерде жашап, ушул жерде карыгым келет. Балдарым да ушул жерде болсун деген ниетим, тилегим бар. Мекенге болгон сүйүү баарыбыздын жүрөгүбүздө жашайт. Туугандарыбыз, үй-бүлөбүз ушул жерде. Баарыбыздын өзөгүбүз бир, бир көз караштабыз, баарыбызда бир кан жүрөт дегендей. Мен кыргыздын уулу экениме сыймыктанам.

– Маегиңизге рахмат! Жергебизде бейпилдик орун алсын!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aidai_suluukyz
2022-09-26 18:31:00
Азаматсыз! Аллахым ыраазы болсун! Аябай сыймыктанам Самат байке менен озумдун бир тууган агам болгондой. Сиздей билимдуу жигиттер коп болсун! Интелекти аябай жогору, аябай баалап, сыйлайм. Аида эжеге повезло, завидую (белая зависть)
+1
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан