«БИЗ ЖУЛУНБАЙТ ЭКЕНБИЗ, ЖАЛКООБУЗ». Интернет жылдызы “Эки сулуу” сүйлөйт

Бүгүнкү каармандарыбыз интернетте породия видеороликтери менен таанымал. Көпчүлүккө “Эки сулуу” деген ат менен белгилүү. Дегеле алар үй-бүлөсү менен чыгармачыл, позитивдүү инсандар.

– Кандайсыңар? Алгач өзүңөрдү тааныштырып кетсеңер...

Азада: – Саламатсызбы? Менин атым Азада, 25 жаштамын, “Эки сулуунун” негиздөөчүсүмүн. Жекутай менен Айдана 22 жашта, Айдана экөөбүз бир тууганбыз, Жеку атабыздын бир тууган агасынын кызы. Ал Нарында окуп, Бишкекке келгенде биз менен чогуу жашап, чогуу видео тартып калганбыз.

– Породия тартуу идеясы кантип жаралган?

Айдана: – Эң биринчи жөн эле “кыздар, келгиле видео тартабыз” деп "Абу-бандитти" тартып, түнкү саат 2де Тиктокко киргизип койдум. Анда баракчам деле таанымал эмес. Эртең менен турсак эле көрүүлөр 1 миллионго жетип калыптыр. Ошондо “ушундай кылсак болот турбайбы” деген чечимге келдик да, ошол күү менен “Адинайды”, “Кеңеш” тобун, “Не пара”, “Буй-буйду” тартып жатып таанымал болуп кеттик.

– Учурда “Эки сулуу” эмне менен алек?

Азада: – Мен жакында эле эне болдум, учурда бала менен үйдөмүн. Долбоорлор көп, пландар, бизнес-пландар да бар. Бирок жалкообуз, баштай албай жүрөбүз. Породия тарткандан башка, элге кызыктуураак болсун деп Инстаграмдан бир долбоор баштаганбыз, буюрса, бир айдын ичинде чыгарабыз.

Айдана: – Учурда мен иштейм, ал жерде дагы видеолорду тартам, контент-менеджермин. Быйыл Кыргыз экономикалык университетин аяктадым. Кесибим – экономист.

Жеңишгүл: – Кандайсыңар? Микрофон мага эми араң жетти го (күлүп). Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде акыркы, 5-курста окуп жатам. Адистигим искусство жагы, театр-кино актёрумун.

– “Эки сулуу” долбоору аркылуу түшкөн каражаттарды кантип бөлүшөсүңөр?

Азада: – Каражаттарды топтойбуз. Ал бирөө-жарымдын туулган күнү, той-топур болуп калса, ошого кетет. А эгер бирибизге зарыл болуп калса, ага беребиз. “Ии, жакшы иштедиңер” деп мен бул экөөнө кээде сыйлык берип коём. Көз тийбесин, акча боюнча үчөөбүз уруша элекпиз.

– Кандай учурларда урушасыңар?

Жеңишгүл: – Биз урушпайбыз, биз айтып-айтып туруп кетип калабыз (күлүп).

Азада: – Мен урушам буларды. Анткени булар экөө тең жалкоо. Илхому келмейинче эч нерсе кылышпайт, буларды түртүп туруш керек. Колдонуучулар “жаңы видео качан чыгат?” деп жазып калышат. Буларга көрсөтүп, “көрдүңөрбү, күйөрмандарыбыз сурап жатышат” дейм. Башкаларга ушундай мүмкүнчүлүк келсе, эчак колдонмок. Биз жулунбайт экенбиз, дагы деле “ии, кылыш керек эле” деп коюп жүрөбүз.

– Маанайыңар жок кезде эмне кыласыңар?

Айдана: – Жекунун маанайы жокто дароо эле билинет, дыңкылдап-мыңкылдап сүйлөбөй калат. Негизи жигит үчүн эле маанай бузулат (каткырып). "Жигит келет, кетет, эмне болуп жатасың?" дейбиз (күлүп). Тамаша. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп эле жүрөбүз.

– Жигитиңер барбы?

Айдана: – Жеку, жигитиң барбы?

Жеңишгүл: – Жигиттер бар (күлүп). Бар деп коё берейинчи.

Азада: – Жок болсо деле бар дей бересиңби?

Айдана: – Артынан чуркаган балдар бар.

Жеңишгүл: – “Ухажёрлор” бар, жигитим жок.

Айдана: – Жеку экөөбүздүн тең жигитибиз жок, мындай эле, балдардын көңүлүн оорутпай сүйлөшүп жүрөбүз.

– Айдана, Жеңишгүл, кокустан экөөңөр бир жигитти сүйүп калсаңар эмне кыласыңар?

Айдана: – Жеку экөөбүздүн табитибиз ар башка, айрыкча жигитке келгенде такыр окшошпойт. Эгерде бир жигит экөөбүздү тең жактырып калса, экөөбүз чикилдешебиз дебейинби (күлүп).

Жеңишгүл: – Улуураак деп мага берип койбойсуңбу (күлүп).

Айдана: – Жок, эми сүйлөшөт болушубуз керек (ойлонуп). Э, жок, ай, экөөбүз тең сүйлөшпөйт болчубуз.

Жеңишгүл: – Ооба, ооба.

– Азада, келиндик жашоо кандай өтүп жатат?

Азада: – Мага бойдок кез менен келин болгондон кийинки жашоомдун айырмасы аябай деле билинген жок. Анткени бойдок кезде деле жолдошум менен чогуу жүрө берчүбүз. Экөөбүз бир жарым жылдай сүйлөштүк. Турмушка чыккандан кийин деле ошондой эле жашоо, азыр өзүбүзчө жашайбыз. Кайын журтум абдан сонун адамдар, күйөөм дагы ар тараптан колдоп турат.

– Айдана, Жеңишгүл, силерге кандай жигиттер жагат?

Жеңишгүл: – Чынында, мен жөнөкөй көрүнгөнүм менен жигитти аябай тандайм. Эми ар бир кыз тандайт да, чынбы? Азырынча кыялымдагы адам... Эми болушу мүмкүн, жок да болушу мүмкүн да. Жигитти өзүмдүн мүнөзүмө окшоштуруп, мага кылган мамилесине карап тандайм.

– Жоопторуңа караганда, бир адам бар окшойт?

Жеңишгүл: – Эми, бир-экөө бар, ооба. Баарын убакыт көрсөтөт. Эң башкысы, жакшы, ыймандуу жигит болсо, кантсе да чыгармачылыкка аралашып калдык, ошону түшүнгөн, биздин жездебиздей болсо эле сүйлөшөт элем.

Айдана: – Мага менден бою узун, харизмалуу, менин бир нерсеге кызыгым бат тарайт, ошону түшүнүп, туура мамиле кылган, кызыктуу нерселерди бат тапкан, тамашакөй, мени колдогон жигит болсо эле, кете берем (күлүп).

– “Эки сулуунун” келечектеги планы кандай?

Айдана: – Келечекте биз да турмушка чыксак, минтип породия тарта албай калабыз. Ошондуктан ага чейин иштеп калышыбыз керек. Анан породиядан тышкары башка тематикада, каржылык жактан дагы жардам бере тургандай, бирок “Эки сулуунун” атын өчүрбөй иш алып барабыз, учурда ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

– Өзүңөр дагы ырдайсыңарбы?

Жеңишгүл: – Жок, негизи ырдабайбыз, бирок тойлорду жарып коёбуз (күлүп). Эжебиздин тоюнда ыр жаздырып ырдаганбыз.

– Жашоодо кандай бүлөсүңөр?

Жеңишгүл: – Азыр Азада эжем конокко эле барат, биз үйдө төртөөбүз жашайбыз. Биздин үйдө бир эле маселе бар, ал – үй жыйнамай (күлүп). Анан апабыз вотсаптан “басарга жер жок, аттап-буттап бутубуздун учу менен басып жүрөбүз” деп жазганда үй жыйнап баштайбыз.

Азада: – Негизи үй-бүлөбүз шатыра-шатман. Видеого дагы көп нерсебизди тартпай калабыз. Өзүбүзчө эле жадырап-жайнап турабыз, күлүп жатканда камера да эске келбей калат. Ошондуктан биз 100 пайыз блогерлерге кирбейбиз. Алар бардык учурда камерасын алып чыгып тарта калышат го.

– Эмне үчүн “Эки сулуу”?

Азада: – Алгач мен өзүмдүн баракчама эле бул экөөнү тартып киргизе берчүмүн, анан популярдуу боло баштаганда “Эки сулуу” деп баракча ачтым. Негизи мен оператор, а аткаруучулар бул эки сулуу.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан