ООР КҮНДӨ БИР МУШТУМГА АЙЛАНГАН КЫРГЫЗ...

Жай турмушта байкалып-байкалбаганы менен, өлкөнүн башына оор сыноо түшкөндө бүт Кыргыз бир муштумга бириге аларын бир нече жолу далилдеди. Чек арадагы 14-17-сентябрдагы кол салууда да элибиз биримдигин, кайрымдуулугун, тилектештигин көрсөттү. Баткен элине, жоокерлерге гуманитардык жардам жөнөтүп, маалыматтык согушта “жоокерге” айланып, ар бир Кыргыз жараны күйүп-бышып, жардам берүүгө шашып жатты. Алардын арасында айрым белгилүү инсандарга диктофон сундук.

Ассоль Молдокматова: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ЧОҢ ҮЛПӨТ ТОЙ ӨТКӨРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫК»

– Оор кырдаалда биригип, ар бирибиз колубуздан келген жардамды берип жатканыбыз өтө маанилүү, баа жеткис күч. Андыктан жардам берген ар бир үй-бүлөгө, ар бир адамга ыраазычылык айтам. “Ассоль” штабы 1 миллион сом чогултту. Жолдошум Бекназар экөөбүз чоң үйлөнүү тоюбузду өткөрүүдөн баш тартып, ага кетчү каражатты, 300 миң сомду жардам катары коштук. Тоюбуз тар чөйрөдө, 30 чакты жакыныбыздын курчоосунда гана өтмөй болду.

1 миллион сомго дары-дармек, гигиеналык каражаттарды, азык-түлүк, техника, кийим-кечек, дрон, рациялар алынды. Муну Баткенге барып өз колубуз менен тапшырып жатабыз. Бул жакка рация, дрон, дүрбү, тушёнка, жылуу кийим, кол чырактар, байпактар, камералар, балдар кийими, бут кийимдер керектелүүдө.

Эмил Токтошев: «БИР АПА МЕНИ КУЧАКТАП ЫЙЛАДЫ»

– Мен өз атымдан азык-түлүк тараттым. Элден акча чогулттум, азыр да эсепке каражат түшүп жатат. Баткендеги аскерлер менен сүйлөшүп аларга керектүү телефон кубаттагычтарды, батарейкаларды, кол чырактарды жеткирип бердик. Абал курч болуп турган маалда Баткенге кирип чыктык, албетте, биз үчүн да кооптуу болду. Түндө унаанын фараларын күйгүзбөй айдап, абайлап өтүп барып келдик. Аскерлер менен жолугуп аманаттарды өз колдоруна тапшырдык. Айыл өкмөттөрүнө жолугуп, аларга да тапшырдык. Буюрса, жардам берүү уланат. Бул окуялардан улам өзүм жаман абалда болуп жаткандыктан ал жактагы эл менен көп сүйлөшкөн жокмун. “Жакшы турасыздарбы, буюрса, баары жакшы болот” деп эле берчүлөрдү берип, кайра кайттым. Бир апа “качан бул нерсе токтойт?” деп мени кучактап алып ыйлады. Мекен чегинде жүргөн кыргыз жигиттери үчүн коркконун айтып көз жашын төктү. Маселе тезирээк чечилсе экен, экинчи мындай абал кайталанбаса экен деген гана тилек менен жашап жатабыз да баарыбыз.

Азамат Исмаилов: «МЫНДАЙДА ТЫНЧ УКТАЙ АЛБАЙТ ЭКЕНСИҢ»

– Азыркы учурда Кыргызстандын ар бир жараны колунан эмне келсе ошону менен жардам берип жатат. Ата-апалар пенсияларын, кичинекей бөбөктөр оюнчук алам деп чогулткан акчасын көтөрүп келип жатышат. Кийим-кечек, тамак-аш алып келгендер да көп. Айрымдар өздөрү жүк ташуучу унаа жалдап, майын куюп, айдоочунун эмгек акысын төлөп, Баткенге чейин жеткирип жатышат. Биз республикалык штаб менен бирге иш алып барып жатабыз. Маданият өкүлдөрү өзүнчө да акча чогулттук. Социалдык тармактардагы баракчаларда маданият өкүлдөрүнүн катталуучулары көп эмеспи, дүйнө коомчулугуна чындык жетсин деп орус, англис, кытай, түрк тилдерине которулган туура маалыматтарды таратуудабыз. Ыктыярчы балдар, кыздар күнү-түнү Бишкектеги Спорт ордосунда иштеп жатышат. Кыздар келгендерди сорттоп, каттап жатса, жигиттер оор жүктөрдү ташып жүрүшөт.

Былтыркы кол салууда да ушундай иштерди кылганбыз. Мунусунда былтыркыдан оор болду, тилекке каршы, көп адамдар каза болду. Мекен сакчыларыбызды жоготтук. Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушта дзотко төшүн тоскон баатырдыгы менен канча адамдын жанын сактап калса, кечээги кол салууда Эламан баатырыбыз да жоокерлерди сактап калыш үчүн өз жанын курмандыкка чалды. Мекенин сактап калыш үчүн жанын садага чапкан жоокерлерди көрүп жүрөк эзилет экен. Кыргызстан үчүн бассак-турсак Кудайдан тынчтык, жакшылык сурап жатабыз. Мекендин эртеңки келечегин ойлоп, мындайда тынч уктай албайт экенсиң.

Бусурманкул Абдибаит уулу: «ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ДУХУН КӨРҮП СЫЙМЫКТАНДЫМ»

– Бир топ күндөн бери Баткенде жүрөбүз. Бишкекте досторубуз менен элдик штаб ачып, өзүбүз да акча кошуп, элден каражат чогулттук. Ошол каражатка азык-түлүк жана башка каражаттарды алганбыз. Аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, медицина кызматкерлерине жана эвакуацияланган элге өз колубуз менен тапшырып жатабыз. Азыркы учурда жаш балдарга такма жалаяк, кийимдер, жууп-тазалоочу каражаттар, электр энергиясы жок болгондуктан зымсыз телефон кубаттагычтар керек болуп жатыптыр. Бул тууралуу Бишкектеги штабга улам кабарлап жатабыз. Ушундай кырдаалда элдин биримдикте жардам берип жатканын көрүп сыймыктанат экенсиң. Чек арачылардын духун, кайратын көрүп сыймыктандым. Чыныгы баатырдыкты көрсөтүп жатышат, аларга терең ыраазычылык айтабыз. Бул жактагы элдин тилегени эле тынчтык. Жүрөктү өйүгөн ушул көйгөй тынчтык жолу менен эртерээк чечилсе экен деп күтүп жатышат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан