ЖОГОТУУНУН АЗАБЫН КАНТИП ЖЕҢИЛДЕТҮҮ КЕРЕК?

Өлкөбүз дагы бир оор сыноону баштан кечирди – бул Баткендеги соңку окуялар. Мындай учурда элдин коркунучка кептелип, стресс, дүрбөлөңгө алдырып коюу коркунучу бар. Бул абалдан чыгуу үчүн кванттык психолог Ызаткан Жусупова кеңеш берет. “Бирөөгө жардам берүү, тиричилик менен алек болуу, энергияны жакшы нерсеге буруу менен оор кырдаалдан чыгып кете алабыз” дейт ал.

– Көпчүлүк “согуш чыгып кетеби?” деген дүрбөлөңдүн кучагында калды, мындай абалда кантип алаксуу керек?

– Психологияда лоялдуулук мыйзамы деген бар. Чөйрө дүрбөлөңгө түшсө адам каалайбы, каалабайбы, ошол нерсени ээрчип кете берет. Коркунуч, чындыгында, жок эле нерсе. Биз оюбузда чоңойтуп алган нерсеге эле стресс болуп жатып калабыз. Мындай абалда адам өзүн кармаганы оң. Аң-сезиминин фокусун башка нерсеге буруш керек. Логикага салып эле ойлонуп көрүү керек. Биздин дүрбөлөңгө түшүп жатканыбыз кимдир бирөөгө пайда алып келип жатабы? Жок! Биз бул жакта туруп, мисалы, Баткендеги элге, аскерлерге кандай энергия жөнөтүп жатабыз? Албетте, коркунуч. Ошол үчүн ар ким өзүн токтотуп, фокусту позитивге багытташы керек.

– Жакшы энергияны кантип жөнөтө алабыз?

– Биздин ата-бабаларыбыз согушка бекем турган, кайраттуу эл болгон. Биздин генибизде ошол энергия бар. Болгону аны ата-бабадан алып, азыр чек арада турган аскерлерге жөнөтүү керек. Аны кантип жөнөтө алабыз? Оюбузда ата-тегибиздин энергиясына кирип, алардын бизге жардам беришин сурап, ошол энергияны эле кайра аскерлерге жөнөтө алабыз. Түшүнүктүү болуш үчүн мындай айтып берейин. Бир эне баласынан алыс жүрүп “балам эмне болуп жатат?” деп түйшөлө берсе, баланын абалы да кыйындай берет. Эгерде эне “менин баламда баары жакшы болот” деп өзүн ишендирсе, ал энергия ортодогу аралыкка карабай баласына жетет. Андыктан бул жакта отуруп оюбузда эле аларга ишеним, күч, кайрат жибере берсек болот. Энергия башкарыла турган булак, аны негатив жакка бурсак, эки эсе негатив келет. Позитивге бурсак да эки эсе позитив болот.

– Аялдардын энергиясы күчтүү дейбиз, бул жактан туруп эркектерге дух бере алабызбы?

– Албетте, энергия бере алабыз. Акыркы учурларда “эркектер андай, мындай” деп сындаган, өздөрүн кыйын сезген аялдар көп болуп кетти. Аялдар эркектин улуктугун түшүнгөндө гана аларга чоң энергия бере алабыз. Бул жакта отуруп эле ыйлап-сыктап, “кокуй, абайла” дей бербестен “баары жакшы болот, мен ишенем сага” деген ишеним менен энергия берүү керек. Ошондой сөздөрдү айтуу зарыл.

– Тажрыйбада колдоно турган ыкмалар кайсылар?

  • Социалдык тармактардан бир аз алыстаганга кеңеш берет элем. Өзгөчө улгайып калган адамдарга. Оюбузда жаман эмес, жакшы жаңылыктарды издеп, ошого көңүл бурган туура.
  • Физикалык жактан көп кыймыл кылыш керек.
  • Күнүмдүк кылып жүргөн тиричиликти кыла бериш керек (үй жыйноо, короо-жайды тазалоо, балдарга көңүл буруу). Бул кыймылдар алсыздык жана коркуу сезимин жеңүүгө жардамга келет.
  • Ыктыярчылык менен алек болгон туура. Мында адамдын өзүнө жана чөйрөгө ыраазылык сезими туулат. Же жаныңыздагы адамдарга деле жардам берүү менен өзүңүздү алаксытсаңыз болот.

– Социалдык тармактардагы айрым билдирүүлөр да элди коркунучка түрткөн көрүнүш болду окшойт...

– Сөзсүз болду, “эл башчылары кыймылдабай жатат, антпей койду, минтпей койду” деген наалыган постторду окубай өтүп кеткен туура. Адамдар түшүнбөй жатышат, биз эл башындагыларга кандай сын айтсак, аларды төмөн түшүрсөк, ошончолук алардын энергиясы нөлгө түшүп калат. Мындан ким утат? Тескерисинче, кубат берип, дух берүү керек. Эл көзүндөгү, көп катталуучулары бар адамдар, тескерисинче, элге дух берип, жакшы жаңылыктарга эле көңүлдү бурдурганы оң. Бардык нерседен позитив көргөнгө аракет кылыш керек. Баткендеги окуя болбогондо, балким, биз тынч, бейпил турмуштун баркын азыркыдай билбейт элек.

– Баткенде көп адамдар үйлөрү өрттөлүп, мүлктөрүнөн айрылып калышты. Стресске түшүп калбоо үчүн бул адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Албетте, оор, анткени алар кийбей, ичпей үй-мүлктү топтошкон. Бул окуя болду, муну артка кайтара албайбыз. Мындай абалда адамдар өтө маанилүү нерсеге көңүл буруулары керек! Эң башкысы, жанын куткарып кетти. Үй-мүлк менен өрттөнүп кеткен жок. Тирүүлүк – бул эң чоң белек. Андай мүлктү кайра топтоп алса болот. Мээнетке күйөсүң, бирок бул үчүн стресс болуп ден соолукту жоготуп алуу жакшы эмес. Мен катуу ооруп, өлүм менен беттешкен учурлар болду, ошондой учурда өзүңө “мен кандай үйдө жашадым?” деп эмес, “мен өзүм үчүн эмне кылдым?” деген суроо берет экенсиң. Айыгып чыккандан кийин тирүүлүк эң чоң белек экенин билдим. Эң негизгиси, стресс болуп ден соолукту жоготуп албоо керек.

– Ондогон адамдардын өмүрү кыйылды, алардын жакындарынын абалы түшүнүктүү. Мындай оор абалдан чыгууну кантип жеңилдетсе болот?

– Жакындары үчүн оор абал. Тагдырга моюн сунуу менен кабыл алыш керек деп айтат элем. Төрөлдүкпү, кайсы бир күнү өмүрдөн баары бир кетебиз. Демек, ал баатырлар ушундай ченелүү өмүр менен төрөлүшкөн экен. Эң негизгиси, алар Мекен үчүн курман болушту, бул улуу иш, тарыхый эрдик. Баатырларыбыздын сүйүүсү өмүр бою жакындарынын жанында кала берет, алардын жашоодон кетүү чечимин кабыл алып, ыраазычылык менен коё берүү аларга да жеңил болот. Баатырлар эч качан унутулбайт!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан