Түрк киносунун көрүнүктүү өкүлү Жан Яман талантынан сырткары өзгөчө келбети, анан да “ачуу сөздөрү” менен таанымал. Чаян жылдызынын алдында төрөлгөн актёрдун мүнөзүн көпчүлүк эле көтөрө албайт. Ошентсе да актёрлук таланты менен күйөрман топтой алган мырза тууралуу кененирээк айтып берели дедик.
Туулган жери: Түркия, Стамбул
Туулган жылы: 1989-жыл, 8-ноябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 183 сантиметр
Кесиби: адвокат, актёр, модель
Тартылган белгилүү сериалдары: “Өжөр сүйүү”, “Толгон Ай”, “Таңдагы куш”, “Ката мырза”, “Бизди Кудай колдосун” (Италия), “Көпкөк деңиз сындуу” (Италия) жана башка
Билген тилдери: немис, итальян, англис
Черткен музыкалык аспаптары: гитара, фортепиано
АДВОКАТ
Ата-энеси Жан 5 жашка чыкканда ажырашып кеткени менен, бала экөөнүн тең мээримине ток чоңойду. Ата-энеси жалгыз уулунан эч нерсе аяшкан жок, башталгыч класстарда жеке мектептен окуду, орто билимди италиялык “Lisesi” мектебинен алды. Болгондо да эң жогорку балл менен окуган бала “Lisesi’нин” тарыхында эң алдыңкы окуучу болуп алтын медаль тагынган. Жогорку билимди Стамбулдун Едитепе университетиндеги юридикалык факультеттен алды. Жогорку курстарда студент алмашуу программасынын негизинде АКШга барып тил үйрөнүп, тажрыйба топтоп келген. 2012-жылы дипломун колуна алып, юридикалык компанияга адвокат болуп ишке орношот. Кичинесинде костюм-шым кийип алып сот залында сүйлөп жаткан адвокат болорун элестетчү. Чоңойду, адвокат болду, эми сот залында өзүн ишенимдүү сезүү, дикцияны оңдоо үчүн актёрдук чеберчилик курсуна бара баштайт. Бир күнү Жанды ээрчип алып досу аны менен кошо театрга барган. Сабак учурунда Жандын берилип ойноп жатканын көргөн досу “сенин ордуң сот залында эмес, сахнада экен” дейт. Досунун сөзү түрткү болгон жигит кесибин алмаштыруу тууралуу ойлонуп калат...
ЧАЯНДАЙ ЧАГЫП АЛАТ
Чаян жылдызынын алдында төрөлгөн Жандын кыялы чорт, кызуу кандуу, оюна келгенин фильтрден өткөрбөй балп этип айтып салып ызы-чууга көп кабылат. Мисалы, журналисттин “кесиптештериңизден кимди жактырбайсыз?” деген суроосуна “Чагатай Улусой жакпайт, аны тасмадан көрсөм кускум келет” деп салган.
“Арабыздан ким сүйгөн жок?” сериалында өнөктөш болгон актриса Селен Сойдер “Жан Яман мени көздөй колундагы стаканын ыргытты, сөктү” деп сотко кайрылган.
Дагы бир жолу журналисттин “эмнеге түрк сериалдары жогорку рейтингге жетпей, жабылып кала берет?” деген суроосуна “анткени түрк актрисаларынын либидосу төмөн, алар экрандан кумар, сүйүү дегенди жетишерлик ойной алышпайт” деп айта коюп актрисалардын каарына калат. “Сөзүмдү журналисттер бурмалап коюшту” деп актанган актёрдун шылтоосу өтпөй калган.
АКТЁР
Спорттун көп түрү менен машыккан жигит айрыкча баскетболдо мыкты чебер. Спорт залга байма-бай барган Жан алгачкы жолу кастингге барганда тартуучу топ таң калган. 2014-жыл эле. “Жүрөк иштери” сериалынын режиссёру Жанга “харизмаң жакшы экен. Бирок сен ойной турган каарман анчалык келишимдүү, спорттук дене түзүлүшкө ээ эмес. Макул болсоң 7 килограммга арыкта” деген. Кинодогу биринчи ролу, биринчи курмандыгы... Жан ойлонбостон “арыктайм” дейт. Тажрыйбалуу актёр-актрисалардын көлөкөсүндө калбай, ал экинчи пландагы ролу менен күйөрмандардын, продюсер-режиссёрлордун кызыгуусун жарата алды.
Жан Яманды бир катар өлкөлөргө тааныткан сериалдардын тизмесине “Толгон Ай”, “Таңдагы куш”, “Ката мырза” сериалдары кирет. “Толгон Ай” сериалындагы өнөктөшү Өзге Гүрел Испания, Италияга белгилүү актриса. Анын аркасы менен “Толгон Ай” сериалы аталган өлкөлөрдө да популярдуу болуп, Жан Яман да күйөрман топтой алган. Ал эми “Таңдагы куш” сериалы Жанга дүйнөлүк атактуулук жана “Эң мыкты эркектин ролу” үчүн мекенинде “Алтын көпөлөк” сыйлыгын алып келген. Ливан өлкөсү да “Эң мыкты актёр” наамын берсе, АКШнын “Е!” кабелдик телеканалы “2019-жылдын популярдуу мырзасы” наамын ыйгарышкан.
Жан Түркия менен катар Италияда да актёрдук кесибин улап, бир нече сериалга тартылып келет. Анын актёрлук кесипте алдыга койгон максаты – толук метраждуу тасмага тартылуу. Баса, жакында Жан Яман башкы ролдогу “Түрк” сериалы экранга чыгат. Сериалды тарткан атактуу “Ay Yapim” компаниясы, көрсөтүү укугу Disney+ платформасына таандык. Сериалдагы баш каармандардын арасынан түрк улутунан Жан Яман эле, калгандары Италия баштаган бир нече өлкөнүн актёр-актрисаларынын башын бириктирет дешет тартуучу топ.
ЖАНДЫ ЖАНДАГАНДАР...
“Бабник эмесмин” дейт актёр. Бирок аны жандаган кыздардын тизмесин карап бул ойго кошулбайсың. Алгач Жандын актриса Ачелья Топалоглу менен сүйүү романы белгилүү болду, кийин анын ордун актриса Бестемсу Өздемир ээледи. “Таңдагы куш” сериалындагы өнөктөшү Демет Өздемир менен жетелешип калды. Кезекти мексикалык ырчы, актриса Белинда Перегрин алып, кайра италиялык алып баруучу Дилетта Леоттага өткөрүп берген. Ушуну менен токтолду го дедик. Анткени Жан кызга үйлөнүү сунушун киргизген эле. Бирок бул роман да “хэппи энд” болгон жок. Жан баягыдай эле бойдок статусунда жүрөт.
КИНОДОН СЫРТКАРЫ...
Модель. 2022-жылда жарнама бизнесинде эң көп каражат тапкан атактуулардын тизмесинде Жан Яман лидерлик сапта. 2018-жылдан бери Түркиядагы ири «CEPTETEB» банкынын жүзү. 2020-жылы «TUDORS» кийимдер бренди менен 2 жылдык келишим түзүп, гонорарына 3 миллион доллар алган. Ал эми “Mercedes Benz” компаниясын жарнамалаганы үчүн капчыгына 1 миллион доллар түшкөн. Бул эми Жандын жарнамадан тапкан пайдасынын билинген эле тарабы. Буюрсун, иштеген тиштейт эмеспи.
Адвокат. Жан убакыт коротуп окуган кесибин таштаган жок. Учурда Стамбулда жайгашкан юридикалык компаниянын тең төрагасы. Түркиядан сырткары Испанияда да юридикалык фирмасы бар.
Асыл Орозбекова