ИТ МУРУН КАН ТАМЫРДЫ ТАЗАЛАЙТ

Ит мурун ден соолукка пайдалуу өсүмдүк. Мөмөсүнөн пюре, кыям, повидло, мармелад, компот жасашат, момпосуй, киселдин курамына да кошушат. Гүлүн, жалбырагын мөмөсүнө кошуп, чай демдеп ичүү кадимки эле көрүнүш. Кандай пайдасы бар десеңиз, төмөнкү макаладан жооп табасыз.

МЕДИЦИНАДА ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛАТ?

Аскорбин кычкылы, сироп, ит мурун майы, каратолин (тери ооруларында колдонулат), холосас (өт суюктугун кубалоочу дары, гепатит, холециститте ичилет). Ит мурундун гүлүндө, жалбырагында, мөмөсүндө да адам организмине керектүү витаминдер, микроэлементтер бар. Мөмөсүндө P, B1, B2, K, E, C витаминдери, кант, лимон, алма, линолен кычкылдары, каротин, эфир майы, микроэлементтерден калий, кальций, магний, темир, жез, цинк жана башкалар бар. C витамини аталып жүргөн аскорбин кычкылы лимондогудан 50, кара карагаттагыдан 10 эсе көп.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Организмди жашартат, артритте муундардагы оорутууну басаңдатат, жүрөктүн иштешин, зат алмашуу процессин жакшыртат, организмдин инфекцияларга, сезгенүүгө каршы туруктуулугун күчөтөт, кан тамырларды тазалайт.

Жаранын бат айыгышын шарттайт, ойлоо, иштөө жөндөмдүүлүктү арттырат, рактын алдын алат.

Иммунитетти жогорулатат, анемиядан арылууга жардамдашат, өт суюктугун кубалайт.

Сиробу. Тамакка табит жоголгондо, өт баштыкчасында өт суюктугу туруп, коюуланып калганда, авитаминоздо, анемияда, бат-бат ооруга чалдыга бергенде ичилет. Бир күндө чоңдор 1-2 аш кашыктан, балдар жашына карап 0,5 чай кашыктан 1 аш кашыкка чейин күнүнө 2-3 маал ичишет.

Тундурмасы. Кургатылган мөмөсүн талкалап, андан 1-2 аш кашык алып, термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп, 40 мүнөттөй демдеп, анан сүзүп иче берсе болот. Мындай тундурма авитаминоздо, иммунитетти көтөрүүдө, өт ооруларында, кан тамырды тазалоодо, оорудан, операциядан кийин бат калыпка келүү үчүн 1 күндө 2 маал 50-100 граммдан ичилет.

Элдик дарыгерлер минтип 6 ай ичсе, буга кошо диета кармаса жогорку кан басымдан кутулууга болот дешет.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Бронхиалдык астма, гастрит, ашказан жана 12 эли ичегисинде жарасы барларга оорусу курчуп турган кезде ичүүгө болбойт. Кант диабети барлар врач менен кеңешүүлөрү кажет. Ошондой эле ит мурундан аллергиясы барларга сунушталбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан