ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-октябрдан 9-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жашооңузду бир нукка салууга ыңгайлуу мезгил. Үй-бүлөлүү болсоңуз түгөйүңүз менен мамилеңиз ишенимдүү, туруктуу жана олуттуу болот. Бойдоктор сүйүктүүсүнө сүйүү сезимдерин айтып гана тим болбостон, иш жүзүндө көп эрдиктерге бара алышат. Апта ортосунда ден соолугуңузга сак мамиле кылыңыз. Жакындарыңыз менен каржы маселесинде түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн, анча көп эмес аласаңыз болсо кечип койгонуңуз жакшы.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сасык тумоо жана түрдүү инфекциялык оорулардан сак болуңуз, өтүштүрүп алсаңыз өнөкөт ооруга айланып кетиши мүмкүн. Үй-бүлөлүк мамиледе кызганыч сезимин тыйып, жок нерсени ойлоп таппаганга аракет кылыңыз, сиздин негизсиз айыптоолоруңузду түгөйүңүз көтөрө албай чоң чыр чыгып кетиши күтүлөт. Жумушта жоопкерчиликтүү тапшырманы моюнга алгандан кийин аны өз убагында бүтүргөнгө аракет кылыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумушта көп убакыт өткөрүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл бурбай жатканыңыз даана билинип, бул абал жакындарыңызга анча жага бербей жатканын түшүнөсүз. Жакын арада үй-бүлө жана карьеранын ортосунда тандоо болот. Бизнес жаатында баш тарта алгыс кирешелүү сунуш түшөт. Сүйүктүүсү алыста жүргөндөр жашоосунда олуттуу чечим кабыл алышат. Бул жер которуу же турмушка чыгууга байланыштуу чечимдер болушу мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйүңүзгө керектүү болгон ири жана кымбат буюмдарды сатып аласыз. Алдыда кирешеңиз көбөйүп, турак жай же автоунаа сатып алуу тууралуу пландар пайда болот. Апта ортосунда сизди кабатыр кылган өзүңүз тууралуу ушактарды угушуңуз мүмкүн. Мындай учурда эң жакшысы – ал сөздөргө маани бербеңиз. Апта аягында ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Күз – вирустук инфекцияларды жана сезгенүү ооруларын алып келиши ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Өзүңүздүн жасаган иштериңизге, сырткы келбетиңизге, башкалар менен болгон мамилеңизге толугу менен ыраазы болосуз. Апта жаңы таанышуулар жана иш сапарлар үчүн ыңгайлуу учур. Тааныштар, туугандар, кошуналар менен болгон мамилеңиз жакшырат. Студенттер окууда жаңы нерселерди өздөштүрүүдө ийгиликке жетишет, маанилүү тапшырмаларды жана тесттерди тапшыра алышат. Аптада акчаңызды коопсуз жерде сактаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Акыркы учурларда жашооңузда болуп жаткан окуялар тууралуу ой жүгүртсөңүз болот. Бул аптанын негизги вазыйпасы – жан дүйнөдө тынчтык орнотуу. Ички тынчтык жана өзүңүзгө болгон ишеним жашооңуздун көйгөйлүү жагдайларын турукташтырууга жардам берет. Апта ортосунда имиджиңизди өзгөртүүнү каалап, чачыңызды ачык түскө боёп же жаңы кийим сатып аласыз. Апта аягында үй-бүлөлүк иштерге, түйшүктөргө көп убакыт жана күч жумшоого туура келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Окшош күндөрдөн тажасаңыз көптөн бери көрүшө элек досторуңузду же туугандарыңызды конокко чакырыңыз. Алар менен баарлашып, чер жаза сүйлөшүү сизге энергия тартуулайт. Жашооңузду узак мөөнөткө пландаштырууга ылайыктуу мезгил. Мүмкүнчүлүктөрүңүздү кылдат пайдалана алсаңыз реалдуу жетишкендиктер болот. Бойдоктор сүйүүсүн табат, болгону жакшылап издеңиз, ал коомдук унаада, аялдамада же маңдайыңызда деле отурган болушу мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар көмүскөдө калууну каалаган таасирдүү адамдын колдоосуна ээ боло алышат. Апта ортосунда күтүүдөн же айрым бир тоскоолдуктардан улам көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн. Жакшысы, жашоодо баары сиз каалагандай боло бербешин түшүнгөнүңүз туура. Досторуңузга ишенип сырларыңызды ачпаңыз. Жылдыздар апта аягында акчаңызды тобокелге салып, ири сатып алууларды жасабоону эскертишет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта башында узак сапарга чыгышыңыз мүмкүн, бул кокусунан эмес, көпкө пландалган саякат болот. Жумушуңузда өзгөрүүлөр болот, жетекчиңиз сизди кызматтык тепкичтен көтөрөт. Өспүрүм жаачылар эркиндигинин чегин кеңейтүүнү каалап ата-энеси менен чыр-чатакка барышы мүмкүн. Өткөөл курактагы балаңыз менен келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен гана чече аласыз, коркутуу, басым жасоо жардам бербейт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жаман адаттардан чечкиндүү түрдө арылууга убакыт келди. Аптада болуп көрбөгөндөй эркиңиз күчтүү болуп, мурун мүмкүн эмес деп эсептеген адаттарыңыздын баарынан арыла аласыз. Ошондой эле алыска сапарга чыгуудан жана жаңы таанышуулардан этият болуңуз. Жуманын аягында жалгыз калбаганга аракет кылып, мүмкүн болсо ар кандай стресстен алыс болуп, ден соолугуңузга кам көрүңүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Мамилени мыйзамдаштыруу үчүн ыңгайлуу мезгил, бул аптада түзүлгөн биримдик абдан бекем болот. Көп жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөн түгөйлөр ашыкча чыгымсыз, саналуу адамдын катышуусунда никесин мыйзамдаштырышса туура болот. Залдагы машыгууларды кийинкиге калтырып, спорттук мелдештерге катышуудан баш тартуу сунушталат, жаракат алуу коркунучу өтө жогору.


БАЛЫК (20.02-20.03

Балыктарга жылдыздар үйүн иретке келтирип, күнүмдүк иштерин өзгөртүүгө кеңеш беришет. Уктоо убактысын башкача пландаштырыңыз, балким, азыраак уктап, көбүрөөк иштейсиз. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жаңы график боюнча жашоого аракет кылсаңыз, бул өзгөрүүлөрдүн баарын оңой эле ишке ашыра аласыз. Апта ортосунда жубайлар менен мамиле өзгөчө назиктикке толот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Махабат
2022-10-18 14:58:00
Баары туура
0
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан