Бактыгүл Бокоева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЖОЛДОШУМДУН УБАДАГА БЕКТИГИ ЖАГАТ”

Бул жолку “Жан шерик” рубрикасынын коноктору – опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыгүл Бокоева жана анын өмүрлүк жолдошу Майсалбек Мырзаев. Бул эки адамдын сүйүү баяны көпчүлүктүкүнө окшобойт, андыктан маек сизге кызыктуу болот деп ишенем.

– Саламатсыздарбы? Экөөңүздөрдүн туулган күнүңүздөр удаа экен, кандай өткөрүп алдыңыздар?

Бактыгүл Бокоева: – Саламатсыңарбы? Туулган күнүбүз жакшы өттү. Менин туулган күнүмдө алыстан курбуларым келди, эртеси күнү Майсалдын туулган күнү болчу, ага-туугандарыбыз келип жакшы өткөрүп алдык.

– Салттуу сурообуздан баштай берели, кантип таанышып калгансыздар?

Майсалбек Мырзаев: – Мен “Дордой” базарында соода кылам, каршымда отурган айым Бактыгүлдүн курбусу экен. Сөздөн сөз чыгып отуруп Бактыгүл тууралуу айтып калды, мен телефон номерин сурадым. Номерин алганым менен, батына албай бир айдай телефон чала албай жүрдүм. Клиптерин көрүп коём, ырларын угам. Бир күнү Опера жана балет театрында бир кече болуп калды, баягы базардагы курбусу “Бактыгүл бүгүн ырдайт, жүрү барып келели” деп калды. Жанынан көрүп ого бетер сүйүүм күчөп кетти (күлүп).

Бактыгүл Бокоева: – Мага Майсалдын сүрөтүн курбум көрсөткөн. Сүрөттө спорттук кийимчен, кепка кийген жигит экен, анча жактырган жокмун. “Менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт болуш керек” деп ойлогом. Концертке бул апакай спорттук бут кийим кийип келиптир. Көрүп ого бетер жактырбай калдым. Опера-балет театрына да кроссовки менен келеби (күлүп)? Кийин классикалык кийимге үйрөтүп алдым.

Майсалбек Мырзаев: – Концертке баралы деп мен базарда жүргөндө сунуштап калды да, кийим алмаштырууга убакыт болбой, базардагы боюнча эле келгем. Болбосо классикалык стилде эле кийинип бармакмын.

– Алгачкы көргөндө спорттук кийими жакпаган экен, байке сиздин жүрөгүңүзгө кантип жол тапты?

Бактыгүл Бокоева: – Жолдошум бир сөздүү, убада берсе сөзсүз аткарат. Ушул сапаты менен багындырып алды. Өзү ит жылында төрөлгөн үчүнбү, аябай туруктуу. Башка да мыкты сапаттары бар, бирок көз тийип кетпесин, айтпай турайын (күлүп).

– Сизге биринчи Бактыгүл эженин ажайып үнү жакса керек?

Майсалбек Мырзаев: – Мени Бактыгүлдүн жүрөгү багындырып алды. Таптаза, баланыкындай жүрөгү бар. Чынчыл, ак көңүл. Экинчиден, сиз айткандай, тубаса таланттын ээси, үнүн баалайм. Дүйнөлүк деңгээлге чыга турган таланты, үнү бар.

– Таанышкандан кийин мамилеңиздер кандай уланды? Бат эле көнүшүп кеттиңерби бири-бириңерге?

Майсалбек Мырзаев: – Тааныштык, анан телефондон жазышып жүрдүк. Жолугуу керек деп ойлойм, бирок “кантип?” деп толгоном. Жолугуу үчүн “сизден вокалдан сабак алайын” деген сунуш киргиздим. Сабак алып жүрдүм, анан “экөөбүз дуэт ырдап чыкпайлыбы?” деп сунуштадым.

Бактыгүл Бокоева: – Сунушу жакты. Идеясы мындай болчу: мен кооз көйнөк кийип алып опера ырдайм, кайырмасын Майсал кепка кийип алып рэп менен коштоп турмай болду. Жолдошум чыгармачылыкка жакын, жакшы обондуу ырлары бар. Акындык жайы да бар, кээде ырлардын сөздөрүн оңдоп берет. Бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк, жылдызыбыз келишип, бири-бирибизге тартыла баштадык. 6 миллионго жакын адамдын ичинен өзүңдүн адамыңды табыш деле кыйын да, бирок биз, Кудай жалгап, табышып калдык. Ыраазыбыз!

Майсалбек Мырзаев: – Дагы бир кызыктуу жагдай болду, Бактыгүл менен сүйлөшүп жүргөнүмдү айтсам апам сүйүндү. Анткени апам Бактыгүлдү мурунтан эле билип, талантын баалайт экен. “Союз жоюлуп кетпегенде Эл артисти наамын алмак” деди ошондо. Апамдын колдоосун уккандан кийин ого бетер сүйүнүп калдым.

– Сиздердин мурунку никеңиздерден балдарыңыздар бар, үйлөнүү чечимин алар кандай кабыл алышты?

Бактыгүл Бокоева: – Биздин балдар тез аралашып кетишти. Майсалдын уулу менен менин уулумдун жашы тең. Быйыл жайында Майсалдын уулу Алиаскарды Бишкекке алып келдик. Башында мамилелери кандай болор экен деп турганбыз, тил табышып кетишти. Бирок экөө эки башкача, бири орусча, бири кыргызча сүйлөйт (күлүп). Ал экөө биз жактырган тамактарды жебей, кээде ээрчишип алып өздөрүнчө тамактанып келишет. Менин уулум “бул менин бир тууганым да” деп калат. Буга сүйүнүп калабыз.

– Баш кошуу чечимин кабыл алуу оңой эле болдубу?

Бактыгүл Бокоева: – Башынан бир турмуш өтүп калган аялга чечим кабыл алуу кыйын эле болот. Майсал экөөбүздүн мурунку турмушубуз окшош экен. Экөөбүз тең уруш-талаш менен ажырашкан эмеспиз. Мурунку жолдошум башканы тандап кеткен. Аны чыр чатаксыз коё бергем. Ал бактысын башка аялдан тапты, беш баласы бар, бактылуу. Айрымдар Кудайдан капчыгы калың күйөө сураса, мен “мени сүйгөн, талантымды баалаган, анан тагдырлаш адам жолукса экен” дей берчүмүн. Дал сураганымдай эле берди. Майсал үйлөнүү сунушун киргизгенде көпкө ойлондум, бирок туура чечим чыгардым, азыр бактылуубуз.

Майсалбек Мырзаев: – Аял эле эмес, эркек деле “экинчи турмушумда да жаңылып калбайын” деп коркот. Менде да кооптонуу болду, бирок сүйүүбүз жеңди.

– Ким кызганчаак деп сурагым келди?

Майсалбек Мырзаев: – Кызгануу үчүн бир себеп керек да, андай себеп жок бизде. Экөөбүз тең кызганчаак эмеспиз, бири-бирибизге ишенебиз.

Бактыгүл Бокоева: – Элдин адамыбыз да, той-ашта, концертте көп жүрөбүз. Башында бир аз коркуп жүрдүм, кызганычтын айынан уруш-талаш чыгат болду бекен деп, чыккан жок.

Майсалбек Мырзаев: – Биз мурунку сүрөттөрдү да өрттөп салган жокпуз (күлүп). Кээ бир аялдар күйөөсүнүн мурунку турмушундагы аялы бар сүрөттөрдү өрттөп, жок кылып жиберет экен. Биз өтмүшүбүздү да жайына койдук, анткени ал болгон нерсе да.

Бактыгүл Бокоева: – Майсалдын мурунку никесинен Орусияда дагы эки баласы бар. Мен, тескерисинче, “алар менен тез-тез байланышып тур, сен алардын атасысың, мээрим төгүп чоңойт” деп турам.

– Баш кошконуңуздарга бир жылдан ашып калыптыр, казан-аяк кагыша элекпи?

Бактыгүл Бокоева: – Айрымдар “калп айтып жатышат” деши мүмкүн. Чын эле биз такыр урушуп көрө элекпиз. Уруш, балким, бекерчиликтен чыгат. Же али урушканга эртеби, кыскасы, уруша элекпиз. Урушпай эле коёлу.

– Сүйүүнү муздатпай, өчүрбөй кантип сакташ керек?

Бактыгүл Бокоева: – Сүйүү – ишеним. Бири-бириңе ишенбей, жаман сөз айтып, баркын билбесең сүйүүнү жоготуп алуу тез эле. Сый-урмат сөзсүз болушу керек.

– Бактылуу болуңуздар, кызыктуу маегиңиздер үчүн рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан