Куралчан күчтөрдү бири-биринен алыстатуу
Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймагынан 3 постун жана 1 чек ара заставасын алат. Мындай чечим 25-сентябрда чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн УКМК төрагалары жетектеген делегациялардын жолугушуусунда кабыл алынды. Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн №42 протоколго кол коюлду, ага ылайык, Кыргыз тараптан “Булак-Башы”, “Катта-Туз”, “Ак-Сай” посттору жана “Тамдык” чек ара заставасы жоюлат. Тажикстан тараптан да ушул аймактагы 3 пост, 1 застава алынарын билдирди УКМКнын маалымат кызматы. Аталган жерлерде мындан ары чек арачылар турбайт.
– Бул протокол убактылуу – Кыргыз-Тажик чек арасы толук такталып бүткөндө күчүн жоготот, – деп билдиришти УКМКдан.
Чек арачылар алынган аймактар мындан ары видеобайкоо жана милиция кызматкерлери аркылуу көзөмөлдөнөт деп айтылды. Кыскасы, эки өлкөнүн куралчан күчтөрүн бири-биринен алыс кармоо аракети. Коомчулуктагы күтүлгөн реакция
Кол коюлган №42 протокол Кыргыздын кызыкчылыгына каршы келет деген пикирлер айтылып жатат. Андай позициядагылардын бири – парламент депутаты Султанбай Айжигитов. Депутат Тажикстан Кыргыз тарапты протоколго мажбурлап кол койдурду деген ойдо.
“Тажикстан тарап ушул протокол толук аткарылса гана тынчтык болот деп жатат, бул ачык эле агрессия” деген депутат №42 протоколду да, 2021-жылкы чек арадагы окуядан кийин кабыл алынган №39 протоколду да жокко чыгаруу керектигин белгиледи парламент жыйынында.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылар №42 протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда. Тагыраагы, Ворух анклавынын тегерегиндеги аталган чек ара пункттарын алып салуу Кыргыздын артка чегиниши, утулушу катары сыпатталып жатат.
26-сентябрда президент Садыр Жапаров №42 протокол боюнча “бийлик жерлерибизди берип салды” деп жалган маалымат тараткандарды резервдик ротага мобилизация кылып, Баткенге алып барып, чек ара такталгыча аскерлерге кошуп кызмат кылдырууга тапшырма бергенин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Бир бийликте эки башка позициябы?
26-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып 14-17-сентябрдагы Баткендеги куралдуу кол салуу боюнча мындай деди: “Биз Тажикстандын туруктуу армиясынан же Чек ара кызматынан коргонгон жокпуз. Биздин чек арага ар кандай адамдар өтүп жатышты, биз кандайдыр бир башка адамдар менен чатакташтык, согушчандар десе да болот”.
Бул билдирүү көпчүлүктө суроо жаратты. 20-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУ трибунасынан Тажикстанды агрессор атаган эле. Ташиев бир аптадан кийин “ким агрессор экенин атайын уюмдар аныктайт” деп билдирди.
Талкаланган айылдарды оңдоо
Баткендеги куралдуу кол салуудан талкаланган айылдарды калыбына келтирүү иши башталды. Айылдан качып кетүүгө аргасыз болгон миңдеген тургундар акырындап үйлөрүнө кайта башташты. Тажикстандын кол салуусунан жалпы 1158 объект талкаланган, анын жарымынан көбү үйлөр. Жашоого жараксыз абалга келген 453 үй жаңыдан курулары айтылды. Дагы бир протокол
26-сентябрда өлкөгө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен келип, Бишкекте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюлду. «Бул протокол чек аранын айрым тилкелери боюнча жаңы келишимдин долбоорун даярдап баштоого жол ачат», – деп билдиришти Министрлер кабинетинен. Буга чейин Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча көйгөй жок экенин, баары чечилип бүткөнүн жарыялаган эле. Коомчулукта “Кемпир-Абад” суу сактагычы сыяктуу стратегиялык мааниге ээ жайлардын тагдыры кантип, кимдин кызыкчылыгына ылайык чечилди деген суроо ачык бойдон турат. Парламенттен айтылган сын
Парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Баткендеги окуялар боюнча Кыргыздын чалгын кызматын, бийликтин аракетин сындады.
– Кайдыгерлик жана шалаакылыктын айынан адамдар каза табышты. Буга сөзсүз бирөө жооп бериши керек. Парламент өз милдетин аткарып, армияны күчтөөгө ири суммада каражат бөлүп берген. Бул акчалар кайда? – деп суроо салды депутат.
Депутат Кыргыз эли 2021-жылы баарына президент жоопкерчилик алат деп президенттик башкаруу формасын тандап алганын эскертти.
– Чындык ачуу болот, чыдагыла. Эл бизди жабык эшик артында жыйын кургула деп шайлаган эмес. Биз деле мамлекеттик сырды сактаганды билебиз, бирок Баткендеги окуяны жаап-жашыра албайбыз. Эл баарын билет, – деген депутат президент Садыр Жапаровду маалымат угуу жана берүү үчүн парламентке чакырды.
Айрым депутаттар Камчыбек Ташиевди сындоого активдүү киришти. Бул арада Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов саясатчыларды сырткы күчтөрдүн чырагына май тамызбоого, алардын кыргыздын ыркын кетирүү максаттарына курал болуп бербөөгө чакырды.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 28-сентябрда да чек ара маселесин жабык эшик артында талкуулады.
АКШ тажикстанга учак береби?
АКШ Ооганстанда калып калган 100дөн ашык аскердик учагын Тажикстанга берет деген маалымат бар экенин Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат, парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
– Ал учактарды Тажикстан коргонуу максатында эмес, Кыргызстанга агрессия жасоо үчүн колдонору белгилүү. Бул маселеге олуттуу көңүл буруп, дипломатиялык мүнөздө алдын алуу чараларын көрүү керек. Агрессордун колуна андай заманбап техникаларды карматууга болбойт, – деди Айдарбеков.
Жыл башынан бери Кыргыз-Тажик чек арасында 14 кагылышуу катталганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 2012-жылдан 2021-жылга чейин аталган өлкөнүн чек арасы менен кесилишкен аймакта 130 кагылышуу орун алганын белгилейт мекеме. Алардын көбү 2013, 2014 жана 2019-жылдарга туура келет.
Депутат Эмил Токтошев Баткендин тургундарынын балдарына берилчү мамлекеттик жөлөк пулду 2 эсе көбөйтүүнү сунуштаса, депутат Жусупбек Коргонбай уулу Бишкектин тегерегиндеги аскердик бөлүктөрдүн баарын Баткенге көчүрүү керек деп чыкты.