БАТКЕН: КАРГАШАДА АЙЫЛДАН КАЧУУГА АРГАСЫЗ БОЛГОНДОР ЭМНЕ ДЕЙТ?

14-17-сентябрдагы Баткендеги куралдуу кол салууда айылын таштай качууга аргасыз болгон жүздөгөн үй-бүлөлөр учурда Бишкек, Ош шаарларында, башка облустарда убактылуу баш калкалап жатышат. Учурда Бишкекте, Кыргыз медициналык академиясынын жатаканасында күн кечирип жаткан баткендик бир боорлордон кабар алдык. Ал жерде 3 эркек, 33 аял, 47 бала жашап жатат.

Назгүл Туратова, Лейлектин Арка айылынын тургуну: “8 жыл курган үйүбүз күйүп кетти”

– Аты-жөнүм Назгүл Туратова, 35 жаштамын, Лейлек районунун Арка айылынан болом. Чек арага 500 метрдей жакын жашайбыз. 16-сентябрь күнү эртең мененки саат 8ге жакын снаряддардын жарылганы, атылган октордун үнү угулду. Айыл эли чаң-тополоңго түшүп, үй-жай, мал-келди таштап кача баштады. Айылда 3000дей адам болсо, баарыбыз Маргун айылына качтык. Жолдошум үйдө болчу, биз өзүбүздүн унаабыз менен чыгып кеттик. Шашылышта үйдөгү зер буюмдарыбызды, жолдошумдун аскер билетин, балдардын күбөлүктөрүн алганга жетишкен жокпуз. Үй-бүлөсүн коопсуз жерге алып кетүү максатында айдоочулар унааларды катуу айдашты. Ушундан улам жолдо баш аламандык, тыгын жаралды. Унаалар сүзүшүп да жатты. Бизди Маргунга жеткирген соң жолдошум бир топ эркектер болуп кайра айылга кайтышты. Аскерий бөлүктөгүлөргө жардам беришип, тамак-ашын жасап берип турушту.

Маргунда таанышыбыздын үйүндө 1 күн түнөдүк. Эртеси Сох анклавы аркылуу Кызыл-Кыяга жеттик. Чек арада кимдин документи болсо текшеришип, документи жокторду унчукпай эле өткөрүп жиберишти. Өзбек чек арачылары унчугушкан жок. Андан ары Бишкекке келдик.

Үйүбүз толук күйүп кетти. Малыбыздын өрттөлгөнү өрттөлүп, калганы жоголду. Жолдошум азыр айылда ар кимдикинде жашап жатат. Үйүбүздү 8 жыл бою курган элек. Акырында каражат жетишпей банктан 6 миң долларга жакын насыя алып, ошо менен бүтүргөнбүз. Насыяны дагы 2 жыл төлөшүбүз керек. Кыйналып тапкан үй-мүлкүбүз өрттөлүп, күлү гана калды. Эми айылга кайтсак балдар менен кайда жашайбыз, кыштан кантип чыгабыз, билбейм. Стресстен, жол кыйынчылыгынан жогорку кан басым, муун оорум козголуп, дары ичүүгө аргасызмын.

70 жаштын тегерегиндеги кайната, кайненем Ошко качып келишти. Алар да ооруп жатышат. Апам биз менен жашачу, ал да Бишкекке келген, учурда дары ичип жатат. Кулагы укпайт, көрүүсү начар, гипертония оорусу бар. Балдарым 13, 11, 8, 6 жашта. 6 жаштагы уулумдун тубаса баш сөөк алдындагы басым дарты бар. Анын да дарылана турган учуру келип калды.

Кайрымдуу элим, бизге материалдык жардам берсеңиздер сооп иш кылган болот элеңиздер. Дарыланышыбыз керек, үйдү кайра башынан курушубуз кажет. Суранычым ишке ашат деп үмүттөнөм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 0773 288394

Мархаба Айбашова, Лейлектин Кулунду айылынын тургуну: “Кошунабыздын унаасы менен тоо аралай качтык”

Менин аты-жөнүм Мархаба Айбашова, Лейлек районунун Кулунду айылынан болом. 5 балам бар. Чек арада коогалаң башталганда 5 баламды алып, эл менен кошо үйдү таштап качып чыкканбыз. Балдарым 18, 15, 12, 10, 9 жаштарда. 10 жаштагы уулум Нурсултан 1-топтогу майып. Гломерулонефрит дарты менен 1 жашынан бери ооруйт. Ооруганда бөйрөгүнүн басымы көтөрүлүп, заарасы кан аралаш чыгат. 2021-жылы оң бөйрөгүн алдыртканбыз. 2018-жылдан бери дарынын күчү менен жашап келе жатат. 3 ай сайын Бишкекке алып келип ооруканага жаткызып дарылатабыз.

Учурда оорусу күчөп, дары ичип жатат. 9 жаштагы балам Бишкекке келгенде ичеги инфекциясы менен ооруканага жатып калды. Аны кызым карап жатат.

Жолдошум жакында, сентябрдын башында Орусияга иштегени кеткен эле. Мурун да 4 жыл Орусияда курулушта иштеп келген. Анын тапканынын көбү Нурсултандын дары-дармегине кетет. Айылга, үйүбүз жакка азырынча айылдаштарыбыз барып кабар ала элек. Үйүбүз өрттөлгөн эмес болчу, тонолдубу, билбейм.

16-сентябрь күнү эртең менен мылтыктын үндөрү, атышуулар угулду. Сыртка чыксак эл дүрбөлөң, ызы-чууга түшүп качып баратышат. Мен шашылып документтерди, балдарды алып сыртка чыктым. Унаасына үй-бүлөсүн салып жаткан коңшубуздун Портер унаасына биз, дагы 2 үй-бүлө түшүп, тоо аралап качтык. 7 саат таштак жол менен жүрүп Сүлүктүгө жеттик. Ал жактан бизди бала бакчага жайгаштырышты. Анан бизди, 3 үй-бүлөнү 9 балалуу Агача деген келин үйүнө алып кетип, тамак-ашын берип 1 күн бакты. Эртеси Исфананын аэропортуна унаасы менен жеткирип койду. Ал жактан 19 оорулуу болуп Ошко микроавтобус менен 6 саатта жетип, жатаканага жайгаштык. Анда 1 күн жатканда балам Нурсултан катуу ооруп, ОшМУнун окутуучулары акча берип, бизди Бишкекке таксиге салып жиберишти.

Азыр тамак-аш жетиштүү. Менин да өнөкөт ооруларым козголуп дары ичип жатам. Дары-дармектен, акчадан, анан кийимден кыйналып жатабыз. Жардам кылсаңыздар жакшылап дарыланып, анан Кудай жол берсе, айылга кайтат элек.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 0704 686852

Зулайха Буриева, Лейлектин Жаштык айылынын тургуну: “5 үй-бҮлөгө бир гана жолу 8 килограммдык жардам берилди”

– Аты-жөнүм Зулайха Буриева, 40 жаштамын. Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну болом. Чек арадан 200 метр алыстыкта жашайбыз. 3 балам бар. Учурда кош бойлуумун.

16-сентябрь күнү эртең менен тажик тарап айылды аткылай баштады. Кошунабыздын үйүнүн чатырына миномёттун снаряды келип түшүп, үйү өрттөнө баштады. Жолдошумдун Москвага кеткенине 2 ай болгон. Документтерди гана жаныбызга алып, качканга мажбур болдук. Унаабызга балдарды салып тоону көздөй айдадым. Тоону өрдөп тыгында унаалар чыга албай жатканын көрүп, миномёт менен биз тарапты да аткылап туруп алышты. Азап менен Маргун айылына жеттик. Маргунда туугандардыкында 4 күн турдук.

Качып баратып кош бойлуу 4 аял корккондон, стресстен жолдо төрөштү. Бирөөсү ара төрөдү, аларды көрүп мен да жолдо төрөп коёмбу деп корктум.

Бишкекке келсек, азыркы жашап жаткан үйүбүздүн ээси жалпы 5 үй-бүлөнү Маевка айылына үйүнө алып келди. Бекер жашатып, тамак-ашын берип багып жатат. Үй ээлерине, келинчеги Перизатка рахмат айтабыз. Бизге бир гана жолу ичинде токочу, макарону бар 8 килограммдык гуманитардык жардам берилди, башка берилген жок.

Үйүбүз биз качканда өрттөлгөн эмес эле. Анан кийин өрттөлдүбү же тонолдубу, белгисиз. Айылда ишке жарактуу эркектердин дээрлик баары Орусияда иштеп жүрүшөт. Андыктан айылга барып үйлөрүбүздөн кабар алган эч ким жок. Жалгыз уюбуз бар эле, ал эмне болду, билбейм.

Азыр биз менен жашап жаткандардын арасында 3-4төн балалуу келиндер, ооругандар да бар. Баарыбызга кийим-кече, дарыга, жол киребизге, тамак-ашыбызга акча керек болууда. 25-сентябрда өкмөт тараптан “айылыңарга кайткыла” деген кабар келди. Эми кетишибиз керек. Төрөп калсам балдарымды ким карап, ким багат деп жүрөкзаада болуп жатам. Жолдошум азырынча Москвадан келе албайт.

Жардам берүү үчүн реквизиттер: 0755331424

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан