ЖЫЛЫНА ЭКИ АЙ ГАНА АККАН ДАРЫЯ

Адатта биз дарыянын баары дайыма агып турат деп билебиз. Бирок дүйнө кызыктары менен таң калтырып бүтпөйт. Буга чейин эки ай гана агып, калган убакта музга айланып тоңуп калган дарыя тууралуу уктуңуз беле?

Бул дарыянын бар экендигин көпчүлүк биле беришпейт. Анткени ал Антарктида материгинде жайгашкандыктан, материкте дарыялар болушу мүмкүн эмес деген ойлор болгон. Бул – Оникс дарыясы. Анын узундугу 30 чакырымга жакын болгонуна карабастан, бул Муз континентиндеги эң узун дарыя.

Кызыгы, Оникс дарыясы жылына эки ай гана агат, калган убакта түбүнө чейин тоңгон боюнча турат. Дарыя Райт өрөөнүндө, Виктория Жеринде (аймактын аталышы), Мак-Мердонун кургак өрөөндөрүндө жайгашкан. Ал Браунуорт көлүнөн агып чыгып, Ванда көлүнө куят. Антарктиданын ченемдери боюнча алып караганда, бул жерде климат абдан жагымдуу, жайында жылуу. Дал ушул жылуулук Оникс дарыясына бир аз убакытка муздан бошонууга мүмкүндүк берет. 1974-жылдын 5-январында Антарктидадагы эң жогорку температура +15 градус Со дал ушул аймакта катталган.

Антарктиданы толугу менен кар жана муз менен капталган деп ойлоп жүрөсүзбү? Жок, андай эмес. Мисалы, Оникс агып жаткан Мак-Мердонун кургак өрөөндөрү Антарктиданын дээрлик кар жаабаган эң чоң аймагы болуп саналат. Бул өрөөндөрдүн жалпы аянты болжол менен 8000 чарчы чакырымды түзөт. Аталган өрөөндөрдө катуу шамал тынымсыз согуп тургандыктан, кар турбайт. Дарыяда балык жок, балырлар жана микроорганизмдер гана бар. Оникстеги суунун деңгээли абанын температурасына жана мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгына жараша олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат.

Оникстин бир нече куймалары бар жана ал Антарктиданын жай мезгилинде (февраль, март айлары) гана агат. Калган убакта дарыянын агымы муздан жасалган лентадай көрүнөт. Кээде бир нече жылдар бою дарыя Ванда көлүнө жете албай калат. Бирок өзгөчө суу ташкындары да бар, алардын бири 1984-жылы катталган.

Оникс дарыясы куйган Ванда көлү гипер туздуу: суудагы туздун өлчөмү жадакалса Өлүк деңизге караганда бир топ жогору. Жыл бою калың муз катмары менен капталган, жайында гана жээктери эрийт. Бул жерде да балык жок.

Мак-Мердонун кургак өрөөндөрүндө Антарктиданын дагы бир кооз жери – Тейлор мөңгүсүнөн агып чыккан Кан шаркыратмасы бар. Кичинекей муз жаракасынан аккан суу чындап эле кандын түсүнө окшош. Бул анын курамында темир оксидинин көп болгонуна байланыштуу. Бул өзгөчө шаркыратма 1911-жылы австралиялык геолог Гриффит Тейлор тарабынан табылган.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан