МУЗДАТКЫЧТА КАЙСЫ АЗЫКТЫ КАНЧА УБАКЫТКА САКТООГО БОЛОТ?

 Азыктарды муздаткычта туура сактоонун да өз эрежеси бар. Кайсы азыкты канча убакытка сактоого болот? Пайдалуу кеңешке көз салыңыз.


Азыктардын муздаткычта өз орду бар

• Эң жылуу жай – муздаткычтын эшигиндеги чөнтөкчөлөр. Ал жерде соус, суусундуктар, татымалдар, дарылар турушу керек. Жумуртка дагы ошол жерде турушу керек дешет, бирок бул ката. Жумуртка муздак жерде турушу шарт.

• Тоңдургучтун алдындагы (же үстүндөгү) текчеге сүт азыктары, колбаса, эт, балык сакталганы туура.

• Андан кийинки текчеде даяр тамактар, консервалар, таттуу даамдар (торт, пирог), салаттар турганы жакшы.

• Жашылча-жемиштерди атайын кутуларына койсоңуз болот.

Азыктарды сактоо эрежелери

1. Азыктарды сөзсүз целлофан баштыктан чыгарып сактоо талапка ылайык, анткени андай баштыктан бактериялар тез көбөйүп, азык бат бузулат.

2. Бышкан тамактын үстүн бекем жабуу керек же контейнерге салып сактоо кажет. Колбаса, сырларды пергамент кагазына ороп сактаса жакшы “дем алат”.

3. Сүттү кагаз кутудан айнек идишке куюп алса жакшы сакталат.

4. Укроп, кинза сыяктууларды банкага салып оозун жаап, же суу куюп тигинен коюп койгондо көп убакытка сакталат. Сууну алмаштырып туруу керек.

5. Бышкан тамакты ысык бойдон муздаткычка салууга болбойт, муздагандан кийин оозун бекем жаап сактоо кажет.

Муздаткычсыз эле “жашай турган” азыктар

• Пияз, сарымсак

• Картошка, ашкабак

• Бал

• Нан – жыт жана нымды өзүнө тез соруп алат

• Шоколадды аз убакытка гана койгон туу ра, анткени тез бузулат

• Зайтун майы – муздакта касиетин жоготот.

• Банан – тез карайып кетет

• Жүзүм – тез соолуйт

• Бадыраң, баклажан, помидорду муздаткычта көпкө кармоо туура эмес, нымды тез кабыл алат.

Эскертүү! Муздаткычты бир айда бир жолу жакшылап жууп туруу керек. Ал эми аарчып, сүртүп туруу күнүмдүк иш.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан