(Башы өткөн сандарда)
– Бул жакка эч ким жыргаганынан келбесе керек,- Байыш маңдайында отурган Шерзатка карады.
– Байыш, көп сөздүн кереги жок. Эгер кетенчиктейм деп турсаң, эми кеч болуп калды. Сенден башында өзүңө ишенимдүүсүңбү деп жакшы эле сурагам. Мен бул жерде бекерчи эмесмин да, жолугууга келе турган кишилер көп. Болду эми, бизге биротоло байландың.
– Эме...- Байыш бирдеме айтайын деди эле, Шерзат колу менен ишарат кылып аны тыйып койду.
– Сөз бүттү. Эми иштеш гана керек. Кана, ишке өтөлү.
– Русь,- кол жаңсап каалганын жанында турган жигитти чакырды.
– Угуп жатам,- шыпылдап жетип келди сакалчан сары жигит.
– Байышты алып бар дагы, Лёшага тапшыр, эки күндө баарын үйрөнүп, ишке киришкидей болсун.
Байыш башка эч нерсе дебей, тиги сары жигитти ээрчий басты. Чыгып эле айнектери караңгылатылган унаага отурушту. “Эмнеси болсо да башка салганын көрөм. Балким, кредитимден кутулуп алсам, эптеп булардан да чыгып кетермин. Кыргызстанга кетип калсам аркамдан издеп барбаса керек...” деп ойлонуп бара жатты Байыш.
– Кел, таанышып алалы, Руслан,- деп колун сунган жигит Байыштын оюн бөлдү.
– Байыш,- деди жактырбагандай түр менен.
– Сени түшүнүп турам. Кайда баратканыңды билбей түпөйүл болуп турасың. Мен деле ошентип келгем. Башында мен дагы башымды кайсы балээге калтырдым деп коркком, бирок 2 жыл болду, жакшы эле акча таап койдум,- деди орусча аралаштырып сүйлөгөн жигит.
– Эмне, 2 жылдан бери кишилерди тонойсуңбу?- Байыш көздөрүн алайтып шашыла сурады.
– Ооба, башында баары эле ушул этаптан өтүшөт. Азыр өзүмдүн жеке тобум бар, болгону алардан үлүш алам. Сен деле бир жылда ошол деңгээлге жетсең болот. Эгер аркаңдан 10 киши алып келсең, аларың жакшы иш көрсөтсө, болду, сен алардын ишинен үлүш алып жата бересиң. 100-150 миң рублду бир айда иштеп араң таап жатасыңбы, тууган? Аны бат эле таап койсо болот,- эки колун эки жакка жайып өзүнө канааттанган адамдай түр көрсөттү.
– Ушундай система менен иштейсиңерби, муну ким түзгөн? Ушул кезге чейин укук коргоо кызматкерлерине кармалган учурлар болдубу?- Байыш кызыгып калды. Акча кимди гана кызыктырбайт, кимди гана азгырбайт.
– Сен укук коргоочуларды ойлобой эле кой. Айтты го сага Шерзат. Алардан сени Шерзат коргойт, ал жагынан бир да жолу маселе жаралган эмес. Системаны ким түзгөнүн билбейм, Шерзаттан мурун башында бир чечен турчу деп көп жыл мурун келгендер айтып калышат. Аны мен көргөн-билгеним жок.
– Эгер иштен чыгып кетсе эмне болот?
– Бул жакта иштегендер иштен чыгуу тууралуу ойлонбой деле калышат. Жылдар өтсө сен эмес, система сага иштеп калат.
Русландын негизги куралы тили болчу. Аны менен сүйлөшкөн киши ишке кызыкпай койбойт. Баарын сөзү менен гана ишке кызыктырып салат. Азыр дагы Байыштын жанында ал өз ишин аткарып жатты.
xxx
Айсара Тимурду тамагын даярдап күтүп жаткан, аңгыча Тимур шашыла кирип келди.
– Мен тезинен Италияга учушум керек.
– Эмне?- Айсара акырая карады.
– Уулум жол кырсыгына кабылып ооруканага түшүптүр. Барбасам болбойт,- деди Тимур чемоданын шкафтын үстүнөн түшүрүп жатып.
– Уфф,- деп үшкүрүп колундагы ноутбукту жерге таштап жиберди Айсара.
– Айсара, эмне болуп жатасың?
– Аялым, уулум деген темаң тынчып калды эле. Кайра башталдыбы? Биз качан өзүбүз үчүн жашайбыз деги?- кыйкырып ый аралаш сүйлөдү Айсара.
– Айсара, түшүнсөң, ал менин жалгыз уулум. Ал ооруканада бөтөн жерде жатса мен кантип барбай коё алам?
– Сен баары бир барасың да, мен барба дегенде эле барбай калган күнүң болду беле?
– Айсара, эмнеге ачууланасың? Мен барып көрүп, абалы жакшырары менен кайра келем. Сен борборуңдун оңдоп-түзөө иштерин жасата бер, документ иштери менен алектенип тур. Санжар менен Жолдошко дайындап койдум. Эмне керек болсо ошолорго айт.
– Ал жакка Нурзат дагы барабы?- мурчуя Тимурду карады.
– Сен эмне кызганып жатасыңбы? Мен аны менен байланышкан дагы жокмун. Жанына жолобойм дагы.
– Макул, анда жакшы барып кел, балаң сакайып кетсин батыраак,- деп жаңы эле чагылган болуп чартылдап жаткан Айсара тынчтана түштү.
– И-и, ошентсең, менин дагы жүрөгүмдү оорутпай, - деген Тимур Айсара менен коштошуп үйдөн чыгып кетти.
xxx
Гүлзада Карлыгачтын эки баласын кийинтип, каалагандарын алып берип кечинде Карлыгачка видео, сүрөт тартып салып жиберди. Карлыгач балдарынын жүзүндөгү кубанычты көрүп сүйүндү. Көптөн бери оюндагы нерселерин ала элек немелерге чын эле бул күн майрам болуптур. Алар улам-улам рахмат айтышып Гүлзадага аябай ыраазы болуп жатышты.
– Жеңе, сизге рахмат. Балдар сиздикинде көп күнгө калса мага сөзсүз кабарлап коюңуз, суранам. Мен акча салып жиберем,- деди Карлыгач.
– Макул, балдарың жакшы жүрөт, сарсанаа болбо,- деп жооп жазган Гүлзада Карлыгач өзүнө салган акчага алган көйнөгүн кийип көрүп күзгүгө каранып жатты. Карлыгач бир нерсе суранган сайын Гүлзадага акча которот. Акча менен болсо дагы Гүлзада менен мамилени кармап балдарымды көрүп турсам деп ойлонгон. Гүлзада дагы Карлыгачтан акча алганга көндү, суранычын аткарат, айтпаса дагы Карлыгач акча которорун билет.
Кош бойлуу болгонгобу, Карлыгач акыркы күндөрү өтө жашык болуп кетти. Үйдө жалгыз отурган неме бир топко балдарынын сүрөтүн карап алып ыйлады.
– Бир күнү, балким, бир болорбуз,- деп сүйлөнгөн Карлыгач бир колу менен көз жашын аарчып, бир колу менен курсагын сылады. Байыш жумуштан келгенче кебетемди оңдоюн деп ойлонгон ал жуунуп, боёнуп ыйлаган көздөрүн жашырууга аракет кылды. Тамагын жасап бир топко телефонго алаксып, Байыштын келишин күтүп отурду. Жазгандарын окубай койгон Байышка чалып көрдү эле, өчүк экен. Карлыгачтын жан дүйнөсүндө кайрадан дүрбөлөң башталды...
xxx
Марат балдарын алып кетүүгө барганда Гүлзада жеңеси ашканада тамак жасоого киришти.
– Балдарды алып эле кетем, жеңе, тамакка убара болбоңуз,- деди Марат.
– Кой, ботом, кайдагы убара? Тамак ичип кет,- деп Гүлзада арыдан-бери тамак жасап жиберди. Чай ичилип бүткөндө:
– Ата, Гүлзада апам мага бул автоматты алып бербедиби, тах-тах-тах!- деп кичүү уулу аркы бөлмөдөн алып чыккан мылтыгын атасына кезеди.
– Корктум, корктум,- колун көтөрүп калды Марат.
– Эй, мен силерге Гүлзада апаңарды кыйнабагыла дебедим беле.
– Жок, биз кыйнаган жокпуз, ал өзү алып берди.
– Ой, Марат, аларга мен алып бердим атайын, эмне урушасың?
– Эми, жеңе, ансыз да мен жокто балдарымды карап жатсаңыз, анысы аз келгенсип...
– Ой, эмне болуп жатасың, биз эмне бөтөн киши белек? Ме, буларды дагы ал, мен кечээ балдарымды базарга алып чыккам,- деп Маратка бир баштык карматты.
– Жеңе, жөн эле койбопсуз да, канча акча коротуп салгансыз деги? Мен сизге акча болгондо кайтарам.
– Кайтарып беремиңди токтот, мен балдарыма дагы да алып берем,- деди Гүлзада шакылдай.
Эки бала Гүлзада апасын кучактап коштошуп, Маратты ээрчип үйлөрүнө кетишти...
(Уландысы кийинки санда)