Нурбек Монолов, сексолог: «КУМАРЛУУ АЯЛДАН ЭРКЕК КЕТПЕЙТ»

Жубайлар ортосунда ынтымактын, сүйүүнүн бекем болушу кыргыз коомчулугу уят деп ачык талкуулоону анча жактыра бербеген “төшөк” маселеси менен тыгыз байланыштуу дешет адистер. Сексолог Нурбек Монолов “секстин 90 пайызы психология” дейт. Окурмандардан келген суроолорго Нурбек мырзадан жооп алып бердик.

– “Мен жарабай калдым окшойт” деп үйлөнбөй жүргөн эркектер бар, буларга кандай жардам бере аласыз?

– Бул негизи жыныстык эмес, психологиялык маселе. Үйлөнүү – чоң кадам, “апасынын баласы” болуп эрке өсүшүп, жоопкерчиликтен корккон эркектер көп учурда үйлөнбөй калышат. Адам менен мамиле түзгөндү, кызга туура мамиле жасаганды билиш керек. Секс акыркы кезектеги маселе. Аны бат эле оңдоп койсо болот. Эркектерге айтарым, “турбай калды” деген маселенин өзү жок, аны жөнөкөй дарылоонун жардамы менен эле чечип койсо болот.

– Жыныстык мүчөнүн узун же кыскалыгы секстин сапатына таасир этеби? Аялдардыкы төрөгөндөн кийин кеңейип кетет деген да маселе бар...

– Эркектин жыныс мүчөсүнүн узун же кыскалыгы төшөктө эч кандай мааниге ээ эмес. Узундугу 5 сантиметр болсо, ошол деле жетет. Бирок жоон же ичке болгонунун таасири болот. Анткени аялдардын эрогендүү зоналары жыныс кынынын капталдарында көбүрөөк жайгашкан. Түбүндө деле бар, бирок аз. “Меники кичине” деген – бул эркектер өздөрү эле ойлоп таап алган комплекс. Бирок нормадан кичине мүчөлөр да болот, ал маселени мүчөнү чоңойтуу аркылуу чечип койсо болот. “Мүчөм кичине” деп эркек өзүн ишенимсиз сезип жатса, анда башка жагын күчөтүү керек. Мисалы, аялга камкор болуп, мамилесин жакшыртып, кирешесин көбөйтүп дегендей. Аялдар боюнча адис эмесмин. Бирок жыныс кыны булчуңдардан турат, ал чоюлуп, кеңейип турган орган. Төрөттөн кийин өзү калыбына келет, же көнүгүүлөрдү жасоо менен келтирсе болот. Негизи, түгөйлөр көп жыл чогуу жашашса, өлчөмдөр деле бири-бирине туура келип калат.

– "Аял төшөктө сойкудай болушу керек, ошондо күйөөсү башка аялга кетпейт" дешет...

– Мен аялдарга ошондой кеңеш берем. Эч нерседен уялбай, фантазияларды ойготуп, төшөктө сойкудай болуш керек. Аялы ошондой болсо эркек коркот, “аялым кумарлуу, мен анын муктаждыгын канааттандырбасам, башка бирөөгө кетип калышы мүмкүн” деп үйгө чуркап келип турат. Башка аялга убактысы да, энергиясы да калбайт. Эркектерге негизи табышмактуу, кумарлуу аялдар жагат. Аял үй тиричилигинде эмес, төшөктө активдүү болгону жакшы. Жашоодо жакшы аял боло бергиле, балдарыңарды жакшы карагыла. Кайын ата, кайын энени сыйлагыла. Ал эми кечинде күйөөңөр каалагандай болсоңор, жеңиш силердики!

– Төшөк маселеси тууралуу кеп-кеңеш көп айтасыз. Кыргыздарда кайсы төшөк маселеси актуалдуу?

– Өлчөм, позалар жана эрте бүтүп калуу, мүчөнүн турбай калышы тууралуу эркектер көп сурашат. Кыскасы, кыргыз эркектерин көп учурда физиология кызыктырат. Ал эми аялдардагы маселе – мамилелер. Кыргызда эркегине көңүлү ток, ыраазы аялдар аз. Секс – аялдар үчүн эртеңкиге болгон ишеним, стабилдүүлүк. Аны көп эркектер бере албай жатышат, аялга ишеним бериш керек. Аялдар сезимтал болушат. Мисалы, күйөөсүнө ишенбесе, эртеңкиге туруктуулугуна ишенич болбосо, сексуалдык каалоосу кантип ойгонот? Кыргыз аялдары дайыма “не до секса” болуп эле жашай беришет. Муну өздөрү сезбеген аялдар да көп. Эркектерде андай эмес, ошол үчүн күйөөсү табышкер болуп, стабилдүүлүк тартуулай алса аялы менен төшөктөгү мамилеси жакшыра баштайт.

– Окурмандардан нике түнү кыздыкты кантип туура алыш керек деген суроо көп келет...

– Биринчи жыныстык катнашта кан кээде болот, кээде болбойт. Бул индивидуалдуу нерсе, анткени кыздык чел кабыктын формасы ар кандай. Айрымдар кыз менен өмүрү өбүшпөй, кол кармашпай туруп үйлөнүп калышы мүмкүн. Эми баарыбыз заңгыраган ак сарайларда жашабайбыз да, үй тар болушу мүмкүн. Той болуп эл топурап жүргөн маалда эки жаш нике түнүн өткөрүүгө туура келет. Кызда эле эмес, жигитте да стресс болот. Ошондуктан той болгон күнү эле дароо жата калыш шарт эмес, бири-бирине көнүп, тойдун эртеси же мейманканага барып, жубайлар "улуу түндү" ошол жактан өткөрүп келишсе да болот. Бул түн эркек үчүн маанилүү, анткени нике түнү турбай калса, коркуп, бир жылдай натыйжа чыгара албай жүргөндөр бар. Мага андай кардарлар көп келишет. Олуттуу психикалык травма алгандан көрө, бир күн чыдай туруп нике түнүн көңүлдөгүдөй өткөрсө, кийинки жашоосуна да жакшы.

– Жакшынакай аялы турса деле айрым эркектер башка аялдын төшөгүн каалай беришет...

– Бул маселенин эки тарабы бар. Азиаттарда, КМШ өлкөлөрүндө күйөөлөрү башка төшөккө оонап келсе деле аялдары кечире беришет, Европада андай эмес. Алар кечиришпейт. Биздин эркектер “аялым ажырашып кете албайт, чыдайт” деп башкага бара беришет. Өзүнө ишенимсиз эркектер, аялдан жакшы энергия ала албагандар башкаларды издешет. Аялдарда да күнөө бар, эркекке кызыктуу боло албаса, өзүн өнүктүрбөсө, сулууланбаса, өзүн карабаса, чыныгы аял боло албаса күйөөсү башка аялды издеп кетиши мүмкүн. Көзгө чөп салуу – бул төшөк маселеси менен эле чектелбейт.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан