ОРГАНИЗМДИ СУУККА ДАЯРДАЙБЫЗ

Азыр байкасаңыз көчөдө, коомдук жайларда, коомдук унааларда чүчкүрүп-бышкыргандар, бырылдап мурдун тарткандар, жөтөлгөндөр көбөйдү. Мунун баары организмдин күзгө даяр эместигинен, башкача айтканда, ысык аба ырайынан суукка өткөнгө даяр эместигинен кабар берет. Кантип даярданабыз?

1. Сөзсүз эртең менен колу-бутту чоюп, 10 мүнөт болсо да гимнастика жасаганга көнүңүз, сергек жүрөсүз. Болбосо булчуңдарыңыз сууктан коргонуп тырышып алат, натыйжада эртең менен төшөктөн тургуңуз келбей ыкшоолонуп баштайсыз.

2. Жайдан күзгө өткөндө эртең менен муздак, түштө ысык болуп эмне киериңди билбей каласың. Баягы бири куртка, бири футболка кийген “ассорти мода” башталат. Күзүндө негизгиси бутуңузду жылуулаңыз. Бут кийимиңиздин таманы жок дегенде 2-3 сантиметр калың болушу шарт. Бутуңуз тердеп, бут кийимиңиздин ичи ным тартып кетсе дароо кургагына алмаштырганга аракет кылыңыз. Колдон келсе табигый териден тигилген бут кийим кийиңиз. Башкадан аясаңыз да, сапаттуу бут кийимден каражат аябаңыз. Анткени көптөгөн оорулар буттан сыз өткөндөн башталат.

3. Күн кыскаргандыктан уйку бези жетиштүү түрдө мелатонин гормонун иштеп чыга албай калат. Бул гормон организмдин биологиялык ыргагына жооп берет. Натыйжада адам күзгү депрессияга кабылат, маанайы чөгүп, бат-бат ачууланганга өтөт. Эмне кылыш керек? Дем алыш күндөрү кооз табиятка чыгыңыз, эмоционалдык абалыңызды тең салмакка салганга аракет кылыңыз. Укалоо сонун жардам берет. Адистерге барып бүт денеңизди укалатыңыз, тырышкан булчуңдарыңыз жазылып, кан жакшы жүгүрүп, маанайыңыз да көтөрүлүп калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан