Нурбек Юсупов, улакчы: “КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНА АТТАРЫБЫЗ БАРБАЙ КӨҢҮЛҮБҮЗ ЧӨКТҮ”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда түптөлүп, 2014-2016-2018-жылдары Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. 2018-жылы эстафета Түркияга берилген эле. 2020-жылы өтө турган оюн пандемиядан улам жылып отуруп, эми 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өтөрү күтүлүүдө. Көчмөндөр оюндарына Кыргыздын улуттук оюндары негиз болот деген илгери үмүт акталбай, Түркия тарап кыргыз оюндарын мелдештин негизги оюндарынын катарына кошпой койду. Оюндун негизги тизмесине көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу сыяктуу спорт түрлөрүн киргизишти. Өкүнүчтүүсү – Кыргыздар демилгелеген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз оюндарынын өгөйлөнүп калганы болду. Улуттук көк бөрү командасы аттары менен бирге даярданып жатканда “көк бөрү негизги оюндардын катарына кирбей калды” деген кабар алардын шаабайын суутуп, атүгүл команданын Көчмөндөр оюндарына барар-барбасы арсар абалга кептелди. Сүйлөшүүлөр жүрүп, мелдештин башталарына саналуу гана күндөр калганда көк бөрү жана алыш күрөшү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында негизги мелдеш катары киргизилгени жарыяланды. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көргөзмө оюн катары көрсөтүлөт.

Дагы бир жагдай – Кыргыздын улуттук көк бөрү, көкпар командалары Түркияга аттары жок кетишти. Муну Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Түркия тарап көк бөрү Көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды алып барууга макул болгон учактын убактысын башка тараптар ээлеп алды” деп түшүндүрдү. Түркияга сапар алуу алдында көк бөрү боюнча улуттук курамдын капитаны Марлис Койгелдиевди жана көкпар боюнча улуттук курамдын капитаны Нурбек Юсуповду кепке тарттык.

– Саламатсыздарбы? Түркияга кандай маанайда сапар алып жатасыздар? Барат-барбайт деп арсар болуп турдуңуздар, бул нерсе оюнчулардын жалпы маанайына сөзсүз таасирин тийгизди да?

Марлис Койгелдиев:

– Ооба, баарыбыз эле жумуштарыбызды таштап сбордо жүрдүк да. Улуттук курамга кирдик, жакшы оюн көрсөтүп келели деп балдардын баары жакшы даярдыкта жүрүштү. Көк бөрү негизги оюндардын тизмесинде жок экен, барар-барбасыбыз арсар дегенди укканда баарыбыздын маанайыбыз түштү. Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда түптөлүп, көк бөрүдөн башталган да. Анан эле көк бөрүнүн тизмеге кирбей калышы бизди таң калтырды.

Нурбек Юсупов:

– Көк бөрү командасы барбайт деген кабар бизге дагы таасирин тийгизбей койгон жок. Баарыбыздын маанайыбызды түшүрдү. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көпкө күткөнбүз. Көк бөрүчүлөр үчүн Олимпиадага тете оюн ушул Көчмөндөр оюндары да. Ушул үчүн улуттук курам чогулат, улакчынын баары эле улуттук курамга кирип оюн көрсөтсөм дешет. Нооруз, 9-Май турнирлеринде көп улакчылар өзүн көрсөткөнгө аракет кылышкан. Улуттук курам түзүлүп, Ысык-Көлдө бир айдан ашык убакыт сбор өттүк. Анан эле барат-барбайт деп арсар болуп отуруп 16-сентябрда сбордон тарадык. Бир нече күн ичинде эки команда тең бара турганы белгилүү болду. Көп узабай эле аттар алып барылбай турганын айтышты.

– Аттарсыз кыргыз эли күткөндөй оюн болбосу анык. Кандай аттар менен ойноор экенбиз деген түпөйүл суроо көкүрөктү өйүп турса керек?

Марлис Койгелдиев: – Бир жарым айдан бери аттарды даярдап, аларга ылайыкташканбыз. Тилекке каршы, аттар алып барылбай калды. Эми айла жок, ал жактан берилген аттарды үйрөтүп оюнга чабууга туура келет. Кандай аттар, оюнга колдонулганбы, жокпу, азырынча маалыматыбыз жок, барып көрөбүз.

Нурбек Юсупов: – Оюн Казакстан же Кыргызстанда эмес, Түркияда болот. Нейтралдуу аймакта кыргыз-казак жакшы оюн көрсөтөбүз деп даярданып жатканбыз. Мыкты, күчтүү аттар чогулган эле. Аттарыбыз барбай калып көңүлүбүз сууп калды. Аттар оюнда негизги ролду ойнойт, эми биз күткөндөй оюн болбой калат да. Ал жактан ижарага алынган аттар кандай болот, азырынча билбейбиз. Биз негизи аттарды өзүбүзгө, оюндагы позициясына көндүрүп көп убакытка таптайбыз.

– Нурбек ага, сиздер көкпар ойногону бара жатасыздар. Көкпарга канчалык деңгээлде даярдана алдыңыздар?

– Сбор учурунда эрежелерин карап даярданып жаттык, курамдагы айрым балдар 2017-жылы Казакстанга барып ойноп келишкен. Көкпар көк бөрүдөн башкача, чийимге улак таштамай, ат жетелеп бири-бириңе жардам бермей жок. Көк бөрү 3 бөлүктөн турса, көкпар 2 бөлүктөн эле турат. 20 мүнөттөн 40 мүнөтүң көз ачып-жумганча өтүп кетет. Казактардыкы менен биздеги муляждардын айырмасы бар. Казактардын муляжы менен даярдансак дедим эле, тилекке каршы, ишке ашкан жок.

– Бардык жагдайларга карабай жеңиш менен кайтабыз деген каалоо-дымак барбы?

Марлис Койгелдиев: – Ар бир спортчу мелдешке утам деп барат да, биз деле атсыз баратсак дагы жеңиш менен келебиз деп бара жатабыз. Буюрса, барганда ар ким өзүнө аттарды ылайыктап тандайт, ошого жараша иш кылабыз. Негизи даярдыгыбыз абдан жакшы болчу.

Нурбек Юсупов: – Эми болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

– Маегиңиздерге рахмат! Кудай карууңарга күч берип, ийгилик жылмайсын!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан