ЧАЧЫМ ТҮШҮП ЖАТАТ, ЭМНЕ КЫЛАМ?

“Коронавирустун кесепетинен адамдардын организми алсыз болуп, стресс абалы дале болсо сакталууда. Мындан улам чачтын көп түшүшү менен кайрылгандар арбын болууда”,- дейт “КосМед” косметологиялык борборунун косметолог, трихологу Нурмери Гаджал. Чачтын түшүшүнө дагы кандай факторлор таасир тийгизет? Чач түшүүнү кантип токтотууга болот? Бул тууралуу трихологдун кеңешин сунуштайбыз.

Чачтын нормада түшүшү физиологиялык процесс

Чачтын нормадан ашык эмес түшүп турушу физологиялык процесс болуп саналат. Түшкөн чачтын ордуна кайра эле жаңы чач чыга берет. Күнүнө 50дөн 100 даанага чейин чачтын түшүшү норма. Эгер чачтын түшкөнү көбөйүп, кайра ордуна чыкпай жатканы билинсе, чекенин алысташы, белгилүү бир жерде чач сейрек болуп же таз болуп кетсе трихологго кайрылууга туура келет. Чачтын нормадан көп түшүшү алопеция деп аталат.

Чачтын түшүшүнүн себептери

СЫРТКЫ ФАКТОРЛОР

Туура эмес тамактануу

Курамында химиялык заттар көп кошулган шампунь, бальзам, лактар

Курамында химиялык заттар көп чач боёктор, химиялык тармалдатуу

Күн астында көп жүрүү же такыр күн көрбөө

Такай чачты чоймо менен тарттырып бекем байлап жүрүү

Секелек кыздардын чачын колу менен орогулап тарта берген адаты жана башка

ИЧКИ ФАКТОРЛОР

Стресс

Организмде витаминдердин жетишсиздиги

Гормоналдык дисбаланс (гормондорду бөлүп чыгаруучу бездердин калыптагыдай иштебеши, аларга байланыштуу оорулар)

Аутоиммундук оорулар

Зат алмашуунун начарлашы

Аялдардагы пременопауза, менопауза (айыздын биротоло токтошу)

Дары-дармектерди ичүү

Кош бойлуулук, же төрөттөн кийин

Наркоз алуу, операция жасатуу

Гендин таасири

Залалдуу шишик ооруларында дарылануу, химия алуу

Косметологиялык ыкмалар менен дарылоо

Трихолог ар бир кайрылган адам менен индивидуалдуу иш алып барып, жашын, жашоо шартын, ооруларын, дары-дармек ичкен-ичпегенин билет. Анын негизинде гана ага гемоглобин, гормондор, D витамини, кандагы темир жетиштүү-жетиштүү эместиги сыяктуу анализдерди тапшыруу сунушталат. Булардын арты менен чач эмнеге түшүп жатканы аныкталып, ага жараша витаминдин түрлөрү же гормондорду калыпка келтирүүчү дарылар жазылат. Же болбосо косметологиялык ыкмаларды жасоо сунушталат. Мисалы, натыйжалуу деп саналган дарсонвализация (электротерапия), криомассаж (-190 градустагы азот менен массаж жасоо), мезотерапия, плазмотерапия сыяктуу дарылоо ыкмалары жасалат.

Чачтын бекем болушуна таасир этет: В тобундагы витаминдер, С, А витамини, темир

Чачтын түшүшүн алдын алуу

Ошондой эле ачуулануу, санаага батуу, депрессия сыяктуу психологиялык абалдан бат чыгуу керек. Сейилдөө, сүйүктүү хобби менен алек болуу шарт.

Кээ бирлердин чачы бат майланышкандыктан башын күнүгө жууганга, фен, үтүк колдонгонго туура келет, бирок булар чачтын түзүлүшүнө таасирин тийгизгени менен, түздөн-түз чач түшүрүүгө көп себепчи болбойт. Бирок мындай учурда кам көрүүчү спрей, кремдерди колдонуп, маал-маалы менен фен, үтүктөн эс алдырып туруу оң.

Чачты жуунун алдында тароо массаж катары жакшы таасир бере алат, ал эми суу кезинде тароо, тескерисинче, түбүнүн бошотуп, түшүшүнө алып келет.

Кичине балдар, жашы да, карысы да чачтын түшүшү менен жабыркашы мүмкүн. Чачтын түшүшүн алдын алуучу негизги эрежелердин бири – туура тамактануу. Адам азыктардан жетиштүү деңгээлде витамин, микроэлементтерди ала алат. Бирок биз “эт, шорпону көп ичип-жейбиз, витаминдүү тамактанабыз, иммунитетибиз жогору” дегенибиз менен, эттен кийин чай ичип, андагы пайдалуу заттарды жууп салып жатабыз. Ошондуктан туура тамактануу биринчи орунда турат.

Курамы табигый азыктардан жасалган шампунь, бальзам, чач боёкторун же кам көрүүчү каражаттарды тандаңыз. Алар терини кургатып жаткан жокпу, чачыңызга жагып-жакпай жатканын анализдеп колдонуу же адис менен тандап алуу керек.

Массаждын натыйжасы

Чач түшүп одуна чач чыкпай калган учурда массаж жасоо жакшы таасирин берет. Анткени укалоо менен баштагы кан айланууну жакшыртып, чач фолликулдарын ойгото алабыз. Массажды башты жуурда же жуугандан кийин жасоо туура.

Алгач массажды чекеден чыкыйга чейин жасайбыз. Эки каштын ортосуна эки сөөмөйдү коюп, эки тарапка чачтын түбүнөн кашка чейин жеткизип спираль сымал кыймыл менен жасайбыз.

Мындан соң колду чачтын араларына киргизип манжалар менен айлантканча укалап чыгабыз.

Моюнду да ушул кыймыл менен укалап, далыга көнүгүүлөрдү жасап коюу керек.

Массажды жагымдуу маанайда, өзүн сүйүп, жакшы ойлорду ойлоп жасоо жакшы натыйжа берет.

Чачтын түшүшүнө каршы маскалар

  • Башты жуугандан кийин иригирээк тамак-аш тузу менен чачтын түбүн 5 мүнөт укалап, кайра жылуу суу менен чайкап коюу керек. Бул жогорудагы массаж сыяктуу таасирин тийгизет.
  • Уйгак майы, зайтун майы, кастор майын жуунун алдында териге укалоо менен сүйкөп, жылуу ороп 10 мүнөт коюп анан жуу керек.
  • Ошондой эле бальзамга дарыканада сатылган алоэ ширесин, В6 витаминин кошуп маска катары коюуга болот.
  • 1 пияздын кабыгын 2 литр сууга кайнатып, жылуу кезинде чачты чайкоо керек.
  • Дарыканада атайын маскалар сатылат, ошолорду чачтын тибине, көйгөйүнө жараша тандап, курамын окуп колдонуу керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2022-10-05 08:10:00
Кайсы көк мээ суперстанды өчүрүп салды, сонун пайдалуу кеңештер бар эле
0
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан