«МУНАРА»

Адреналиниңизди кайда короторуңузду билбей жатасызбы? Анда биз багыт берели, “Мунара” тасмасын көрүңүз. Тасманы идеалдуу дегенден өтө эле алыспыз, бирок быйылкы жайда бир нече өлкөнүн рейтингинде биринчи орунда турду.


Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия

Экранга чыккан жыл: 2022-жыл

Жанры: триллер, драма

Режиссёру: Скотт Манн

Композитору: Тим Деспич

Сценаристи: Жонатан Франк, Скотт Манн

Корогон каражат:
4 миллион доллар

Чогулган каражат: 12 миллион доллар

Башкы ролдордо: Грейс Фултон, Виржиния Гарднер

Бийиктик менен кармашуу

Бекки менен Хантер канында адреналин кайнаган, активдүү эс алууну, экстремалдык окуяларды жактырган, коркунучка, айрым учурда өлүмгө тике караган эр жүрөк курбу кыздар. Бирок жолдошунун каза болушу Беккини күйүткө салып, жашоонун кызыгы кетип үйүнөн чыкпай калат. Кырсык, өлүм каш-кабактын ортосунда экенин эми түшүнгөн кыз мындан ары эч кандай экстрими жок, тынч жашоо кечирем деп өзүнө сөз берет. Бирок Хантер “күйөөңдүн күлүн 600 метр бийиктиктеги радио мунарага алып чыгып чачабыз, сенин ага болгон урмат-сыйың ушул болот. Андан кийин тынч жашай бер” деп Беккини көндүрөт.

Чөлдө жайгашкан мунарага чыгуу бир карасаң оңой эле, анткени Хантер менен Бекки мындан кыйын кырдаалдардан өтүшкөн. Чынында эле кыйынчылыгы жок чыгышты, күлдү көккө сапырышты. Анан кайра ылдый түшүүгө убакыт жеткенде дат баскан темир тепкич кызмат өтөө убактысы бүткөндөй сынып түшүп, кыздар болсо 600 метр бийиктикте калышты. Анан да аларды айланып учуп таз жору жүрөт, качан эки кыз менен тамактанам деп... Бийиктик жеңеби же адамбы? Өлүмбү же өмүрбү? Мындан аркысын спойлер кылбай эле коёюн, өзүңүз көрүңүз.

Оң жактары

  • Мыкты оператордук иш. Тасманы чоң экрандан көргөндөрдүн башы айлана тургандай эффект бар. Өзүңүз 600 метр бийиктиктен ылдыйды карап тургандай бутуңуз титиреп кетет. Операторлорду мактай турган мындай кадрлардан бир нечесин көрөсүз. Бийиктиктен корккон акрофоб болсоңуз, колун мыкчып кармап отурганга жаныңызга бирөөнү чакырып алыңыз.
  • Көрөрманды чыңалууда кармайт. Сюжети жагынан “Мунара” тасмасына окшош тасмалар көп эле. Ошол эле “Тоңгондор”, “Тирүүлөй көмүлгөн” тасмаларында да өмүр үчүн күрөшкөн каармандардын окуялары чагылдырылган. “Мунарада” да кенедей жерде камалган эки кызды 1,5 саат кантип карап отурганыңызды билбей каласыз. Шамал болуп алардын чачы кыймылдаса кошо кыймылдап, темир бир жагына ооп кыйчылдаса качан кулайт деп кулак түрүп, айтор, кино бүткүчө уктап калбайсыз.
  • Мыкты музыка. Кино сүйүүчүлөр бир ооздон композитор Тим Деспичке жогорку баа берип, тасманы коштогон музыкалар ар бир окуяга төп келгенин белгилешти.

“Ляптары”

  • “Эки кызды бир нече сутка кантип жалгыз калтырып коёбуз” деп сценаристтердин боору ооруганбы же Айфондун жарнамасыбы, айтор, кыздардын телефонунун кубаты тасманын аягына чейин түгөнбөйт. Ошол эле учурда баарын видеого тартып келүүгө даярданган кыздар дрондун кубатын карабай калышат да, ал бат эле өчүп калат.
  • Окуя АКШдагы Мохаве чөлүндө болуп жатат. Биз Бишкекте жайкысын 1-2 саат күн алдында туруп калсак башыбыздан күн өтүп ооруп калып жатабыз. Анан элестетсеңиз, мээ кайнаткан чөлдө, болгондо да 600 метр бийиктикте, ысык тарткан темирде кыздар куурулуп калбай, жок дегенде эси ооп кулап түшпөй кантип 2-3 сутка турду дейсиң.

Жаралуусу

Режиссёр Скотт Манн “Мунара” тасмасын тартууга өзүнүн акрофобиясы себеп болгонун айтат. “Башка тасманы тартуу учурунда стадионду өйдөдөн ылдый тартыш керек болду. Бийиктиктен ылдый карасам килейген стадион кичинекей эле арал болуп көрүндү, бутумдун титирегенин айт. Анан бийиктик жөнүндө тасма тартам дедим”,- дейт. Голливуд үчүн тасмага 4 миллион доллар коротуу дээрлик бекер тартуу менен барабар. Андыктан кооптуу кадрлардын көбүн бир дубль менен тартып үлгүргөнгө туура келген. Ката кетирүүгө болбойт болчу, антпесе каражат жетпей калмак. Андыктан локация да бирөө эле, чөл жана андагы мунара, каармандар да 10го жетпейт. Тартуучу топ тасма өзүн актабайт, көрүлбөйт деген пессимисттик ойдо болчу. Бирок кассадан түшкөн 12 миллион АКШ доллары жана жайкы тасмалардын арасынан жогорку рейтингди багындырышы тасма жаратуучуларына чоң стимул болуп берди.

Кызыктуу фактылар

  • Трюктарды иштеп чыгуу, коопсуздук маселелери боюнча атайын адистердин командасын жумушка алышкан. Ал команда өз убагында Голливуд жылдызы Том Круз тартылган “Аткарылбас тапшырма: Фантом протоколу” тасмасында көрсөтүлгөн Бурж-Халифадагы трюктардын үстүнөн иштешкен.
  • Бекки менен Хантер чыккан радио мунара чынында эле бар. Калифорнияда жайгашкан KXTV/KOVR аталышындагы мунаранын бийиктиги 624,5 метр. Скотт Манн тасмадагы жасалма мунараны чындыкка жакын жасоо үчүн чыныгы мунаранын архитекторлорун чакырган. Архитекторлор мунаранын эң учундагы 20 метр жерин өзүндөй кылып жасап беришкен. Бардык тартуу иштери ошол 20 метрлик жерде жүргөн. Бийиктиктен көрүнүш реалдуу болуш үчүн мунараны чөлдүн жарга айланган жерине жайгаштырышкан. Өйдөдөн ылдыйды тартканда реалдуу 600 метрлик көрүнүш жаралганы ушундан улам.
  • Беккинин ролундагы актриса Грейс Фултонду буга чейин “Шазам” тасмасынан көргөнбүз. Ал эми Хантердин образын жараткан Виржиния Гарднер “Качкындар” сериалы менен таанылган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан