ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-октябрдан – 16-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Бизнес жана нике мамилесиндеги өнөктөштүктө толук түшүнүшүү орун алат. Эгер буга чейин сүйүктүүңүз менен сиздин ортоңузда кескин пикир келишпестик жаралган болсо, анда аптанын биринчи жарымында тил табышып, эң курч темаларды талкуулагандан коркпоңуз. Эки жакыныңыз урушуп кетсе алардын ортосуна түшүп жараштыруу миссиясын аткарбаганыңыз туура. Жыйынтыгында сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Материалдык көйгөйлөрүңүздү чече албай жакындарыңыздан жардам сурайсыз. Активдүү жумуш издеп жүргөн букачарлар бул апта катуу аракет кылсаңыз айлык маянасы жогору, бардык шарттары сиздин критерийлерге туура келген жумуш табасыз. Жашооңузда романтикалык таанышуу орун алышы мүмкүн. Бирок ага уйгактай жабышып тажатып албаңыз, сүйүү мамилеси табигый нук менен өөрчүп турганы жакшы.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Алдыда сизди келечектүү долбоорлор, келишимдер күтүп турат. Чыгармачыл эгиздерде идея оргуштап чыгып, ал энергияны туура багытка салуу аракетин көрүшөт. Балдарыңыз менен циркке же зоопаркка барууну пландаштырсаңыз болот. Чоң үй-бүлөдө жашагандарда мүлккө байланыштуу маселе боюнча туугандары менен пикир келишпестик орун алышы мүмкүн. Эс алуу күндөрү активдүү кыймылда болуп, чарба иштери менен алек болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Буга чейин сизди түшүнбөй жүргөн жакындарыңыздын сиздин пикирдин тууралыгына көздөрү жетет. Кирешеңиз көбөйөт, башкысы, ал каражатты максаттуу пайдаланып эң маанилүү гана керектөөлөргө жумшап, артканын сактап коюңуз. Карыз алуу жана берүү сунушталбайт. Сабырыңызды сынаган жагдайга тушугасыз, бул убакта чыдамкай болуп анча-мынча сөздөрдү кулак сыртынан кетиргенге аракет кылыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чет өлкөдөн билим алууга, тил үйрөнүүгө, жаңы окуу материалдарын өздөштүрүүгө умтулган студенттерди ийгилик коштойт. Досторуңуздан же тааныштарыңыздан сизди кызыктырган маалымат аласыз. Батирде оңдоп-түзөө иштерин баштап жаткан болсоңуз, уста менен келишимдин негизинде иштешүүнү унутпаңыз. Сүйүүдө түгөйүңүздү кызганбаңыз, кээде сиз элестеткен нерсе туура эмес чыгып калышы да мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Айланаңыздагы адамдарга кылдат жана сылык мамиле кылуу менен алардын мээримдүүлүгүн, боорукердигин сезе аласыз. Келбетине эксперимент жасагысы келгендер чач жасалгасын, кийинүү стилин, жүрүм-турумун өзгөртө башташат. Бул өзгөрүүлөрдүн баары айланаңыздагылар тарабынан жакшы кабыл алынат. Жумушта жогорку кызматты ээлөө сунушу түшүшү мүмкүн. Сиз пландаштырган иштердин баарында ийгиликке жете турганыңызга ишениңиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада жан дүйнөңүздөгү боштукту толтуруп, көз караш, дүйнө таанымыңызды өзгөртүүчү китептерди окуңуз. Тил үйрөнүүгө кызыгып жүргөндөр саякатка чыгууга шартыңыз жок болсо, интернеттен баарлашуу сиз каалагандай жыйынтыкты берет. Акыркы убактарда сизди түйшөлтүп жүргөн маселелер бат чечилет. Алыста жүрүп үй-бүлөсүн сагынгандар болсо күтө туруңуз, жакындарыңыз менен жолугарыңызга саналуу күндөр калды.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар көп нерсеге бат жана жеңил жетишет. Бул күндөр белектердин жана жагымдуу сюрприздердин, көксөгөн каалоолордун аткарыла турган учуру. Кээ бир пландарыңызды ишке ашыруу үчүн күч-аракет жумшоонун кажети жок, көп нерсе өзүнөн-өзү келет. Акыркы күндөрү түшүңүздө көргөн нерселер ишке ашышы мүмкүн. Достор менен болгон мамиле жакшырып, үй-бүлөлүк катышты бекемдейсиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Келечектеги пландарыңызды ишке ашыруу үчүн бүгүнтөн баштап баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Мурда сиз ишенбей жүргөн нерсеге эми ишенесиз, айрым адамдардын чыныгы жүзүн көрүп маанайыңыз түшүшү мүмкүн. Үй-бүлөлүк мамиледе каржы маселесинде түшүнбөстүк орун алат, жубайыңыз тапканыңыздын отчётун сурап “туугандарыңа көп жардам бересиң” деп айыпташы ыктымал.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Туруктуу жана жоопкерчиликтүү текечерлер аптада кылган жакшылыгынын азабын тартып калышы мүмкүн. Жакшылыгыңызды билбеген адамдар менен мамилени үзүп, токтотуп койгонуңуз туура. Сиз тууралуу жаман ойлогондор агрессиясы аркылуу сизге болгон чыныгы оюн ачыктап алышат. Үй-бүлөдө тынчтык жана гармония орун алып, жан шеригиңиз ашканада таттуу даамдар менен кубантат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Студенттер мугалимдери менен тил табышуусу зарыл, окууну өздөштүрүүдө алардын жардамы керек болот. Балаңыз бакчадагы же мектептеги көйгөйлөрүн айтып келсе, курдаштары же классташтары менен болгон мамилени өзү жөнгө салышы керектигин түшүндүрүңүз. Бойдок суу куяр айымдар мырзалардын көңүл борборунда болуп көп комплименттерди угушат.


БАЛЫК (20.02-20.03

Үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдеп, түгөйүңүз менен мамилени гүлдөтсөңүз болот. Өнөктөшүңүздүн жакшы жактарын ачып, жаңы мүнөздөрүн көрө аласыз. Карьера маселесинде тыныгуу алып, жоопкерчиликтүү жумуш ордуна жулунбаңыз. Кээде жашооңузду бир сыйра сырттан карап көрүү деле пайдалуу, балким, сизди сырттан байкап жүргөн адамдын пикири керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан