ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЫГАРТУУДА 1 СОМ ДА МААНИГЕ ЭЭ

Кыргызстанда 450 миңден ашык жаран ар кандай категорияда мамлекеттен жөлөк пул алат. Мисалы, азыркы тапта 16 жашка чыга элек 352 071 жаран ай сайын мамлекеттик жөлөк пул алса, 102 298 жаранга социалдык жөлөк пул берилет. Окурмандарда суроо артынан суроо жараткан негизги темалардын бири да ушул. Социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Санабар Аратбекова маалымат берет.

МАМЛЕКЕТТИК ЖӨЛӨК ПУЛДУН 4 ТҮРҮ БАР:

  • “Балага сүйүнчү” төлөмү. Бала төрөлгөндө, үй-бүлөнүн кирешесин эске албастан, 4000 сом өлчөмүндө дайындалат. Ошондой эле 2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө бир мезгилде 3 же андан көп бала төрөлгөн учурда “балага сүйүнчү” төлөмү ар бир балага 50 000 сомдон берилет.
  • 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө “үй-бүлөгө көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөк пулу. Бул үй-бүлөнүн кирешесин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө киши башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аздан тийчү болсо дайындалат. Учурда Кыргызстанда кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом. Демек, 7 адам жашаган үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси 7 миң сомго жетпесе, анда жөлөк пул ала алышат.
  • Ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга, анын ичинде мамлекеттин толук камсыздоосунда турган балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөк пул.
  • Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул. Бул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга үй-бүлөнүн бир айлык кирешесин эсепке албастан дайындалат.


– Балдарга жөлөк пул чыгартуу үчүн кандай документтерди чогултуу керек?

– Учурда электрондук документ жүгүртүүгө өтүү үчүн “Түндүк” мекемелер аралык системине кошулдук. Аталган системде акчалай компенсация же мамлекеттик жөлөк пулдарды алуу үчүн талап кылынган 19 маалым катты алуу автоматташтырылган. Эгер биз талап кылган маалым кат “Түндүк” системинен чыкпаса, анда кагаз түрүндө алып келесиз.

– Жакында төрөгөм, нике күбөлүгүбүз жок үчүн сүйүнчү пулду мамлекеттик каттоо кызматынан аласың деп коюшту?

– Ооба. Бир жолу берилүүчү сүйүнчү пулду алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эле жетиштүү. Сүйүнчү пулду бала 6 ай болгуча алып жетишип калыш керек.

– 3 балам бар, жолдошум Орусияда мигрант, мигранттардын балдарына жөлөк пул берилбейт деп уктум, ушул чынбы?

– Жаңы мыйзам боюнча андай эмес. Мигранттардын балдары деле жөлөк пул алса болот. Эгер ата-энесинин бири чет өлкөдө болсо социалдык камсыздоо кызматкерлери тарабынан сөзсүз ал үй-бүлөнүн жашоо-шарты каралат. Чын эле муктажбы-жокпу текшерүү жүргүзүлөт. Экөө тең миграцияда болсо анда жакындары ишеним кат менен жалпы негизде жөлөк пул алса болот.

– 5 балам бар. Күйөөм 7 миң сом айлык алат, мен иштебейм, жөлөк пул чыгарталы деп документ тапшырсак, кирешеңер ашып кетет экен деп болбой коюшту...

– Жөлөк пул алууда эң төмөнкү кепилденген киреше 1000 сом. 5 баласы, аялы жана өзүн кошкондо 7000 сом чыгып жатат. Эгер күйөөңүздүн айлыгы 6999 сом болгондо жөлөк пул ала алмаксыңар. Мыйзам деген мыйзам, аны аткарууга тийишпиз.

– 1 жылдан бери декреттик өргүүдөмүн, күйөөмдүн туруктуу жумушу жок. Батирде турабыз, балдарыма жөлөк пул ала аламбы?

– Жалпы негиздерге таянып балдарыңызга жөлөк пул алсаңыз болот. Сиздин жагдайыңызда деле жашоо-шартыңыз, мамлекеттин акчасына муктаждыгыңыз барбы-жокпу дыкат текшерилип анан берилет.

– Күйөөм курулушта иштейт, кирешебиз туруктуу эмес. Үйдө эски, иштебеген унаабыз бар үчүн жөлөк пул ала албай калдык, ушул туурабы?

– Сиздин кепилденген эң төмөнкү кирешеден көп чарбаңыз же мүлкүңүз болсо жөлөк пул берилбейт. 4төн көп майда жандык, трактор, микроавтобусуңуз, көп сотых үлүш жериңиз болсо, 20 жыл мурун чыккан автоунааңыз болсо да жөлөк пул чегерилбейт. Мисалы, 2002-жылкы автоунааңыз болсо берилбейт, ал эми чыкканына 20 жылдан ашып кеткен, мисалы, 2000-жылкы автоунаа айдасаңыз, анда чегерилет. Социалдык кызматкерлер үй-бүлөнүн муктаждыгын текшергени барганда мындай нюанстар көп болот.

– Карыларды караган үчүн да жөлөк пул берилеби?

– Кары-картаңдарды караган үчүн жөлөк пул жок. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган жарандарга жөлөк пул эмес, атайын айлык төлөнүп берилет. Айлыктын өлчөмү 7400 сом, бирок колуна накталай 6200 сом алат.

– Менин атымда 2 автоунаа бар, бирок меники эмес. Эми сенде 2 унаа бар экен деп жөлөк пул бербей жатышат...

– Мындай талаштуу маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө боюнча жарандардын арыздарын, даттанууларын караган комиссия бар. Автоунаа сиздики эмес экенин комиссия мүчөлөрүнө далилдеп беришиңиз керек. Комиссия ал сиз айткан далилдерге ынанса гана жөлөк пул чегерилет.

– Кошунабыз бизден жакшы жашайт, бирок балдарына жөлөк пул алат. Социалдык коргоодо иштеген тааныштары бар экен...

– Ал кошунаңыз таанышы аркылуу жөлөк пул алып жатканын негиздүү, так далилдеп бере алсаңыз, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Мыйзамда социалдык коргоо кызматкеринин да жоопкерчилиги каралган.

– Жөлөк пул алыш үчүн канча балалуу болуш керек?

Мынча балалуу болуш керек деген норма жок, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу ар бир балага 1200 сомдон. Канча балаңыз болсо ошончо жөлөк пул аласыз.

– Мен жалгыз бой энемин, бир балам бар. Апам пенсия, келиним 3 баласына жөлөк пул алат. Балама жөлөк пул алсам болобу?

– Чогуу бир үйдө жашасаңар деле үй-бүлөлүк бюджет бөлөк болсо, мамлекеттик жөлөк пулду алсаңыз болот. Апаңыздын пенсиясы, келиниңиз алган жөлөк пул сиздин үй-бүлөнүн киреше булагына кирбейт.

– Жөлөк пул алууга документти каттоодо турган жерден гана тапшыруу керекпи же каалаган жерден тапшырса болобу?

– Учурда кайсы жерде жашасаңыз ошол жерде жашагандыгыңыз боюнча тактама кагазын алып, ошол жактагы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылсаңыз болот. Каттоодо кайсы жерде турганыңыз маанилүү эмес.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан