Бактияр Токторов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БУЙ-БУЙДУН» ТАЛАШЫНА МАЛАХОВ ЧЕКИТ КОЙДУ»

Жакында кыргыз элинин сүймөнчүк ырчысы Бактияр Токторов Орусиянын “Россия” телеканалына барып, айтылуу Андрей Малаховдун “Привет, Андрей!” теле берүүсүнө катышып келди. Анда “Буй-буй” ырын катыра ырдап отургандардын оозун ачырды. Алдыда легендарлуу “Биз” тобунун 30 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Мына ушундай кызыктуу темалар тууралуу ырчы Бактияр мырза менен маектештик.

– Саламатсызбы, Бактияр байке? Кепти ток этеринен баштайлы, Малаховдун берүүсүнө кандай барып келдиңиз?

– Саламатсыңар, рахмат, жакшы барып келдим. Эмнеге “Буй-буй” ырын тандап калышты? Телеберүүнүн темасы “Песня от всей души” экен, мурунку союздук 15 республикадан мыкты чыгармаларды тандап, авторлорун чыгара беришет экен. “Буй-буй” көп сайттарга чыгып, акыркы учурда популярдуу болуп кетиптир. Мага сунуш 1 ай мурун түшкөн, убакыт таап тартуу иштерине катышып келдик. Мага жакшы таасир калтырды, телеберүүдө советтик мезгилдин атмосферасы бар экен. 3 саатка жетпей тартып бүтүштү.

– Андрей Малахов биздин ооз комузга кызыгат окшойт деп калдым...

– Ооба, кызыгат экен. Кыргызстанга келип мени тартып жатышканда оператор жигит сураганынан ага бир ооз комуз белек кылган элем. Ошону көргөнбү, билбейм, журналист кыз “Малахов да ушундай ооз комуз сурап жатат” деди. Анан ага да сатып алып белекке бердим.

– Жайында “Буй-буй” ырыңызды италиялык тиктокер да фонограмма менен ырдап даңазалап кетти окшойт. Анын ырдаганын көргөндө кандай сезимдер болду сизде?

– Ооба, ал байкуш да ырдады. Александр Крузо эми Тото Кутуньо эмес да мактанып сыймыктана тургандай. Жөн эле тиктокер, менин ырыма бийлеп баракчасына кароолорду көбөйтүп алды. Элге "дүң" болсо болгондур, мага анча деле таасир калтырган жок. Айрымдар “бул Бактияр Токторовдун ыры” десе, башкасы “ой, жок, башканыкы” деп талашып да калышты. Бул талашка Андрей Малаховдун берүүсү семиз чекит коюп берди. Эфирде “сөзү жана музыкасы Бактияр Токторовдуку” деп айтты го, эми алар авторду жакшы иликтеп туруп анан чакырышат да. Эми “Буй-буйду” эч ким талаша албайт болуш керек. Андрейге ак калпак кийгизип, рахмат айтып келе бердим.

– Телеберүүдө “У меня родилась дочка, потом дочка, потом дочка” деп эле жаттыңыз. Кыздарыңыз чоңоюп калыштыбы?

(Күлүп) мен кыргызча ойлонуп, анан орусчага которуп сүйлөп жаттым да. Окуя мындай болгон. Келинчегим экөөбүз алгач эки кыздуу болдук. "Кээде ой шайтандан келип калат" дешет го, шайтан шыбырап ийдиби, иши кылып уулдуу болгубуз келди. Мен келинчегиме “сен кыжалат болбо, азыр УЗИ деген бар, кыз болсо акырын алдырып коёбуз” дедим. Боюндагылар эгиз экен, “Кудай бизге Асан, Үсөн берди окшойт” деп сүйүнүп жүрсөк, эгиз кыздар экен. “Буларды алдыра албайбыз, жарыкка алып келели” деп чечтик. Боюнда алты айлык кезинде Кытайдын Кызыл-Суусуна концерт коюуга кеттик. Ошондо маданият министри болуп турган Султан Раев “Кытайда мыйзам катуу, оюңарга келгендей сүйлөбөгүлө” деди эле. Ал жерге концерт коюу да кыйын экен, араң уруксат алдык. Ошентип концерт койдук,

“Кыргызстан” деген ырымдын кайырмасында кайсы жерге гастролго барсак ошол жердин атын кошуп ырдап койчу элек. Анан элдин духун көтөрөйүн деп “Кызыл- Сууста-аан” деп 8 жолу кайталап ырдап коюпмун. Кытайда мындай нерсеге мыйзам катуу экен, түшүнүк кат жазып араң кутулдук. Нарындан чек арадан өткөндө “өх” дедик. Бир тыйыны жок келдик.

Келсем, келинчегим реанимацияда жатыптыр, эгиз кыздарым чарчап калыптыр. Ошондо буулугуп отуруп “Буй-буй” ырын чыгаргам. “Буюрбаса айла жок экен” деген саптар ошондон чыккан. Ичим аябай ачышты эгиз кыздарыма...

Андан кийин дагы бир кыздуу болуп, бир саат жашап чарчап калды. Мурда “эркек болбосо алдырабыз” деп кесир сүйлөп алганыма кейидим. Ошол окуядан кийин “болду, эки кызым жетет” деп калдым. “Эркек керек” дей берүү болбогон нерсе экен деп калдым. Кийин дагы бир кыздуу, артынан уулдуу болдук. Аябай коркуп калган экенмин, эркек балам төрөлгөндө катуу сүйүнгөндөн да корктум. 50 жашымда дагы бир кыздуу болдум. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр 5 кызым, 1 уулум бар. Анан ушул окуянын баарын Малаховго айта албай жанагы “дочкалар” чыгып кетип жатпайбы (күлүп).

– Бактияр байке, быйыл “Биз” тобуна 30 жыл болуптур, топ жаңы түзүлгөн кезден кеп салып бербейсизби?

– Мен анда 19-20 жаштардагы жигит болсом керек. Студент элем, ырга кызыккан 5 жигиттин башын кошуп “чисто для души” ырдап жүрчүбүз. Жеке ырлар чыга баштады, Мыктыбек Арстанбек “Баластан” студиясына чакырып калды. Ошол окуя мотивация берип күчөп кеттик, алгач атыбыз “Кыргызстан” болчу. Анткени ошол убакта элибиз жаңы эле эгемендүүлүк алган эле. Мыктыбек “Кыргызстан деген ат силердин ырыңарга анча сиңбей жатат, стилиңер башкача, “Битлз” сыяктуу экен, башка ат койбойсуңарбы?” деп калды. Анан “Биз” деген ат койдук топко. Бизден кийин топ ачуу мода болуп кетти, “Нур”, “Жаш кыял”, “Эрк”, өтө көп топтор чыкты.

Биринчи альбом чыгаргандан кийин атыбыз дүңгүрөп кетти. “Биз” тобу уюшулганына 30 жыл болсо, анын 15 жылында катуу иштедик. Туулганына 30 жыл болду, ушунча жыл катуу иштедик деп айтыш туура болбой калат. Бирок Кыргызстанды 45 жолудан кыдырдык, Орусияга чейин барып жаттык.

– Стилиңер башкача чын эле, бул нерсени ким ойлоп тапты эле?

– Музыкалык жетекчибиз Насирдин Жуманов деген жигиттин күчтүү музыкалык табити бар эле. Кыргыз кайрыктарына европалыктарча кайрык кошуп баштадык. Ошондо өзүнөн-өзү “Биз” тобунун стили келип чыкты.

– Топто 5 жигит болсоңор, арасынан сиздин гана атыңыз кеңири таанылды, башкалар эмнеге чыкпай калды?

– Биринчи альбомду чыгарганда дээрлик бардык ырлардын, музыкасынын автору мен элем. Өзүм аткаруучу болчумун. “Бардык ырлар бир үн менен болуп калды, бөлүшүп ырдайлы” деген сунуштар болду. Бирок репетиция жок болчу, андыктан баары менин атымдан чыкты. Экинчи альбомдо топтун башка жигиттери Насирдин Жуманов, Ильяз Машабаев үчөөбүздүн ырдаганыбыз чыкты. Менин атым эле чыкты дегенден алысмын. Бирок чыгармачылыктын жолу оңой эмес. Ага да чыдаган киши чыдайт. Бардык эле иш оңой эмес, адам сиздей болуп интервью алгандан, же ырдагандан, же товар саткандан ырахат алганда гана жасаган иши түшүмүн берет.

– Элди кубантып жүрө бериңиз, рахмат маегиңизге!


Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан