Ырысбай Жумаев, алпаруучу: «ФИОНАГА ҮЙЛӨНМӨКМҮН»

Балдардын сүйүктүү тармал байкеси Ырысбай Жумаев маек төрүбүздө. Балдар ага кызыктуу суроолорду узатышты, жоопторун маектен окуй аласыздар.

Айлин Абаева, 5 жашта

– Тармал байке, чачыңыз эмнеге тармал?

– Өзүмдүн чачым тармал деле эмес, бирок толкун-толкун болуп кетет. Ошондуктан стилге келтирип тармалдаштырып жасатып алгам.

– Тармал байке, канча тишиңиз бар? Мадинанын канча тиши бар, телевизордон аз эле тиши көрүнүп жатат го?

– Негизи адамда 32 тиш болот. Бирок менде 29 эле. Тиштеримди түздөтөм деп брекет кийгем. Ошондо кээ бир тиштеримди жулдуруш керек болуп жулдургам. Мадинанын канча тиши бар экенин билбейм, санап көргөн эмесмин (күлүп). Анын деле 28 тиши бар болуш керек. Телевизордон ошондой көрүнөт го, оозун толук ачпайт да.

Ариет Өмүрбеков, 6 жашта

– Мадина кызыңыз бар, мен билем, “Баластандан” көргөм. Мадиш кызыңыз канча жашта?

– Мадина менин кызым эмес, лаборатория боюнча жардамчым. Мадиш 10 жашта.

– Мени дагы телевизорго Мадинадай болуп чыгарыңызчы?

– Сөзсүз түрдө чыгарам. Ал үчүн сиз “Баластан” каналына катталып, кастингди күтүп туруңуз. Кастинг болору менен келе калып талантыңызды көрсөтүңүз. Талантыңыз дал келсе эле чыгарам.

– Тармал байке, сиз даамдуу тамактарды жасай аласызбы?

– Албетте, жасай алам. Менин колумдан бардык иш келет. Укмуш тамактарды жасайм.

Алим Айбек уулу, 5 жашта

– Тармал байке, сиз каякта жашайсыз, каякта жүрөсүз?

– Мен Ак-Өргөө деген жерде жашайм. Ошол жерде жүрөм азыр деле.

– Сиз аарыдан коркпойсузбу, аарынын кийимин кийип алыптырсыз...

– Аарыдан коркпойм. Анткени ал чакса деле эч нерсе болбойт. Бир аз шишип, анан айыгып калат.

Жибек Надырбекова, 10 жашта

– Телеканалда канча жылдан бери иштейсиз? Сизге балдар менен иштеген оор эмеспи?

– 2 жылдан бери иштейм. Балдар менен иштөө жеңил, сонун, алар кызыктуу ойношот. Анан балдардын жүрөктөрү таза болот. Кээде гана оор болот, анткени эркелеп калышат да балдар.

– Кайсы өлкөлөргө баргыңыз келет?

– Америкага, Японияга, Непалга, анткени ал жер эң бийик жер. Чилиге, Африкага баргым келет, Австралия жагат, кенгуруларды көргүм келет. Ошол жактагы иттерди көрсөм дейм, үрбөгөн иттер бар да ошол жерде.

Айлин Даниярова, 7 жашта

– Мен Шерхан деген баланы жакшы көрүп калдым. Сиз кичинекейиңизде кимди сүйдүңүз эле?

– Кичинекей кезимде бала бакчага барып жүргөндө Таня деген орус кызды сүйүп калгам (күлүп).

– Чачыңызды кантип багасыз?

– Шампунь менен жууйм 2-3 күндө бир. Кээде бальзам менен жууп коём.

Абай Уланбеков, 6 жашта

– Кимге үйлөнөт элеңиз, Фионагабы же Жасмингеби?

– Фионага үйлөнмөкмүн. Анткени ал күчтүү, тың, Шрекке көнгөн.

– Кимиси кыйын, Нарутобу же Какасиби?

– Какаси дегенди тааныбайт экенмин. Наруто деп үстүртөн эле билем. Наруто кыйын го деп ойлойм, анткени ал башкы ролдо да. Анан ошо сары бала да мага окшош (күлүп).

Акмарал Мырзабекова, 12 жашта

– Сиз Европадан жүз миң доллар алып көрдүңүз беле?

– 100 миң доллар Европаданбы? Жо-ок. Европага барып да көргөн эмесмин.

– Сиздин оюңузча акча жашоодо эң чоң роль ойной алабы?

– Эң чоң роль ойнобосо дагы кандайдыр бир роль ойнойт. Анткени акчанын жардамы менен саякаттай алабыз, ден соолугубузду карай алабыз, жакындарыбызга белек-бечкек бере алабыз. Ошондуктан роль ойнойт.

– Акча деген сөздүн канча котормосун билесиз?

– 4 котормосун билем. Англисче, түркчө, орусча, украинче.

Ариет Надырбеков, 12 жашта

– Сиз канча жаштасыз жана аялыңыз канча жашта, аялыңыздын аты ким?

– Мен 29 жаштамын, аялым болсо 22 жашта. Аялымдын аты Мээрим. Үйлөнгөнүбүзгө 2 жума эле болду. Мээрим аябай тың, зээндүү, акылдуу, супсулуу. Мактап салдым окшойт, ээ, аябай эле? Ошо.

– Сизге эң жаккан телеканал кайсы?

– Албетте, “Баластан”. Негизи телевизорду көп деле көрбөйм өзүм. Мага көбүнчө жаныбарлардын дүйнөсүн көрсөткөн каналдар жагат.

– Үй-бүлөңүздү келечекте кантип элестетесиз?

– Чоң атамды тарткым келет. Чоң атам 15 балалуу болгон. Мен дагы аябай көп балалуу болгум келет. Келечекте чоң, ынтымактуу үй-бүлөнү элестетем.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан