РЫСБАЙ ИСАКОВ, МАНАСЧЫ: «МЕНИ СЫНДАЙБЫЗ ДЕП ӨЗДӨРҮНҮН БИЛИМСИЗДИГИН АШКЕРЕЛЕШТИ»

Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентябрь күндөрү Манас жумалыгы өттү. Бул иш-чаранын алкагында манасчы Рысбай Исаков 5 күн, 5 түн бою “Манас” айтты. Жалпысынан 124 саат “Манас” айтып, тынбай үн чыгарып окуу багытында “Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине” катталды. Манасчынын “Манас” айтып жаткан учурунда тартылып алынган кыска видеолор, көпчүлүккө тааныш “тырышсаң да кетесиң” деген сыяктуу саптар социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты. “Сынга кабылганымды сертификат ала турган күнү билдим” деген манасчы ошол сындарга жооп берди.

– Саламатсызбы, Рысбай мырза? “Гиннесстин рекорддор китебине” катталышыңыз менен куттуктайбыз! Жеңиштин даамын сезип жатасызбы, сезимдериңиз менен бөлүшүп кетсеңиз...

– Саламатчылык. Жеңиш жалпы элдики деп ойлойм. Ушул күнгө чейин биздин рекордду 47 миллион киши көрүптүр. Демек, ошончо адамдын баары дүйнөдө теңдеши жок манасчылык боюнча учкай маалымат алды. Манасчы деген ким деп кызыгып, анын артынан кыргыз дүйнөсүн тааныйт. Бул саамалыктын жакшылыктары али алдыда деп ойлойм.

– “Манас” айтып жаткандагы айрым көрүнүштөр үчүн бир топ сынга кабылдыңыз. Сындарды кандай кабыл алдыңыз?

– Сындын айтылып турганы жакшы. Бирок сын бир тараптуу болбошу керек. Мен түгүл, учурунда Сагымбай менен Саякбайга да сын айтылган. Ошентип манасчынын ийрисин эл түздөгөн. Бул жакшы көрүнүш...

– “Нурбек, Нурбек, Нурбек, эшикти жап...”, “Тырышсаң да кетесиң...” деген саптар каяктан чыкты, өз оозуңуздан уксак...

– Нурбек тууралуу айталы. Биринчиден, “Гиннесстин” шарты боюнча, “Манас” айтып жатканда токтоого болбойт. Андыктан мага зарыл нерселерди жамактатып айтып өтүүгө туура келди. Экинчиден, жанындагыларды жамакка кошуу менин табылгам эмес. Сагымбайдан буга сансыз мисал келтирсек болот. Ал тургай “Өкүмөт берген Ленин, Өмүрүн узун тилегин” деген саптары да аралашып кеткен учурлар болгон. Бул айтуучулуктагы табигый көрүнүш. “Манастан” түшүнүгү жок адамдар аны шылдыңдап жатып, өздөрүнүн билимсиздигин ашкерелеп алышты.

Айрым саптардын эмне себептен, кандай айтылып калгандыгын толук билбейм. Ал үчүн ошол айтылып жаткан окуяга талдоо жүргүзүү керек. Бул маселени да карап чыгып, анан жооп берген туура болот деп ойлойм.

– “Манасты” “Гиннесске” киргизүүгө муктаждык жок, ушунча кыйналып “Манас” айтуу зарыл беле?” деп сиздин аракетти тескерисинче “Манастын” кадырын түшүрөт деп кабыл алгандар болду...

– “Манас” дүйнөдөгү теңдеши жок, эң көлөмдүү эпос катары “Гиннесс” китебине эбак эле кирген. Аны сыймык менен айтып жүрөбүз. “Кереги жок” дегендер чолок акыл менен ой калчагандар. Ал эми мен жеке дараметимди сынап көрдүм. “Гиннесстин” талабына жооп берип, сындан өттүм. Калганына мезгил тараза.

– Сизге карата “манасчы Дөөлөт Сыдыковго каршы бийликке курал болуп берди” деген кептер да айтылып жатат. Дегеле Дөөлөт Сыдыков менен азыр мамилеңиздер кандай?

– Дөөлөт Сыдыков мен баалаган мыкты манасчылардын алдыңкы сабында. Жеке көз караштардын, пикирлердин каршы келгендигине карабай, манасчылык дарамети боюнча бул пикирди дайыма айтып келем. Ал эми мени бийликтин куралы болду дегендей, мен алардын камчысын чапкан жокмун. “Манас” тууралуу жакшы ишин колдоп, туура эмесин сындап эле келатам. Саясат менен алпурушайын деген оюм жок. Биз “Манастын” гана саясатын жасап келебиз. Туура эмес, калпыс пикир айтылганда анын ким экенине карабай айтып эле жатабыз. Атамбаев Чыйырдыны булгар элинен дегенде да “андай эмес” деп айтканбыз. Бишкекке, Москвага Манастын эстелигин тургузганда колдогонбуз. “Бакай Манасты сатып кеткен” дегенде да каршы пикир билдиргенбиз. Ошондой эле “Манастын уулу Семетей” тасмасы үчүн президент Садыр Жапаровго түз кайрылып, туура эмес экендигин айттык. “Манас” театрын ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдирдик.

– Сизди сындардын бутасына коюп берген видеолорду тартып, интернетке чыгарып жиберген адам ким экен?

– Ким тартты, кандай максатта жалаң ушундай жерлерин таратты деген суроонун өзүндө дайын жооп жатат. Мен ал тууралуу баш ооруткум келген жок. Баарына Кудай күбө.

– “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүнүн дагы кандай артыкчылыктары бар?

– “Гиннесске” кирсе эле адам башкача болуп кетпейт. “Гиннесс” китеби сатылышы боюнча дүйнөдөгү 3-орунда турган, эң көп окулган 5 китептин бири. Ага манасчылыктын катталышы кыргызга ийгилик гана алып келет.

– 5-октябрь күнү Кыргызстанга келдиңиз. Тосуп алуу иш-чарасы жагымдуу маанай тартууласа керек?

– Ооба, тосуп алгандарга чексиз ыраазычылык билдирем. Эмгекти баалаган адамдардын, кадырды билген адамдардын катары кемибесин.

– Алдыдагы максаттарыңыз кандай?

– Алдыда жакшы максаттар көп. Буюрса, анын баары четинен ишке ашат деп ойлойм.

– Сизге ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан