Бегимай Ивакова, блогер: ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ СОНУН МАМИЛЕНИ КӨРСӨТКҮМ КЕЛЕТ»

Блогер, “Кыргызстан сулуусу-2018” сынагынын “Биринчи вице-мисс” наамынын жеңүүчүсү, көптөгөн клиптердин каарманы Бегимай Ивакова маектешим. Жакындан таанышып, блогерлик, үй-бүлөсү тууралуу сонун маектештик.

– Бегимай, салам! Сиз менен жакындан таанышалы. Маекти бала чагыңыз тууралуу сүйлөшүүдөн баштагым келип жатат...

– Саламатсыздарбы? Мен 1996-жылы 23-ноябрда Бишкекте төрөлгөм. Атам менен апам мен төрөлгөндө эле ажырашып кетишкен. Апам мени жалгыз бакты, эч нерсе аябай өстүргөн эрке кызмын. Кийин апам турмушка чыгып, мен 19 жашка чыкканда иним төрөлдү. Андан 2 жылдан кийин дагы бир иним жарыкка келди. Апама ыраазымын, азыр 2 канатым бар.

Бала чагым аябай жакшы өттү. Апам каалаганымды кылчу, 19 жыл бою сүйүүгө бөлөндүм. Апам мени акчадан, кийимден, сүйүүдөн, көңүл буруудан эч кем кылган жок. Дайыма апамдын көңүл борборунда жүрүп, иним төрөлгөндө депрессия болгом. Анда студент болчумун. Университеттен чыкканда үйгө келгим келбей, апам инимди “жаным” десе башкача болуп жүрдүм. Азыр аларды жакшы көрөм. Азыр деле апама эркелейм, экөөбүздүн сүйүүбүз башкача. Экөөбүз чогуу эле чоңойдук. Анткени апам мени 19 жашында төрөгөн. Университетке көтөрүп барчу, мен аудиторияда жөрмөлөп жүрчүмүн. Апам кыйын аял, мен аны менен сыймыктанам. Кесиби боюнча журналист, бир канча телеканалдарда иштеди. Көп жылдан бери НТСте иштеп жүрөт. Жакында генералдык директору болду. “Санжыра” радиосунун директору.

– Жакшы. Сиз мектепте кандай окуучу элеңиз?

– Жакшы эле окугам. Мүнөзүм эркек балдардыкындай болчу, эркек балдар менен ойночумун. Андыктан 9-класска чейин балдар мага көңүл бурчу эмес. 9-класстан кийин кыздардай болуп өзүмдү карап баштагам. Ошондо “сен бул мектепте 1-класстан бери окуйсуңбу?” деп сурагандар да болгон (күлүп).

Анан да кичинемден ишкерликке жакынмын. 5-классымда жаш балдар жакшы көргөн кукси, мармеладдарды сатчумун. Үстүнө 100 пайыз кошуп салчумун, мисалы, 1 сомго алсам, 2 сомго сатат элем. Соодага жакынмын. Кийин жолдошум менен кыз-жигит болуп жүргөндө ЦУМдан телефон саткан дүкөн иштеттик. Азыр кийим саткан дүкөнүм бар.

– Дагы кайсы тармакта өзүңүздү сынап көрдүңүз?

– Бир канча кафеде официант болуп иштегем. Модель болуп иштедим. Дүкөндө сатуучу болуп жүрдүм. Азыр блогермин, жеке ишкермин.

– “Кыргызстан сулуусу-2018” сынагына да катышкансыз...

– Ооба, бул менин кичинемден берки кыялым болчу. “Биринчи вице-мисс” болгом. Ошол кезде турмушка чыгам деп жүргөм. Биринчи орун алган кыз 1 жыл бою күйөөгө чыкпашы керек эле, анткени “Дүйнө сулуусу” сынагына катышышы керек болчу. Мен алдын ала эле күйөөгө чыгам деп айткам. Билбейм, бул нерсе таасир бердиби, берген жокпу. Бирок 2-орунду алгам. Анын үстүнө боюм да анчалык узун эмес, 165 сентиметр, сынакта 170тен өйдө болушу керек болчу.

– Кантип блогер болуп калдыңыз?

– Турмушка чыга электе бардык эле кыздардай болуп бетимди тартып чыгара берчүмүн, ал видео, сүрөттөрдүн эч кандай деле мааниси жок болчу. Ал кезде 250 миңге чейин катталуучу топтогом. Турмушка чыккандан кийин үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн көрсөткөн, чын эле кайненең, жолдошуң менен абдан жылуу мамиле курса болорун, бала төрөгөндөн кийин деле иштеп, аны менен бирге аял өзүн караса болорун көрсөткүм келди. Мааниси бар видеолорду тартып, жакшы постторду жазганга аракет кылып калдым. Ошондуктан азыр өзүмдү блогер катары эсептейм. Учурда 400 миңден ашык катталуучум бар. Турмушка чыкканга чейин 80 пайыз катталуучуларым мырзалар болсо, азыр тескерисинче. Блогерлик менен акча да таба баштадым. Көчөдө жүрсөм мени дээрлик баары таанышат. Сүрөткө түшкүсү келет, мага жагымдуу нерселерди кылгылары келет. Белек беребиз дегендер көп, базарга барсам деле “кызыңа ала барчы” деп белек карматышат. Жакында Ошко барып келдим. Ал жактан да белектерди беришти. Бир катталуучум унаасы менен барчу жериме жеткирип турду. Бир катталуучум Сулайман тоону көрсөтүп келди. Ушундай сонун катталуучуларым бар. Мен да аларды жакшы көрөм. Мен да аларга белектерди тартуулап турам.

– Кыргызстанда блогерлер кандай бааланат?

– Бир жыл мурун “бартерге иштеп койбойлубу, тамак беребиз” деген мамиле болчу. Азыр көбүрөөк баалашат деп ойлойм. Баткендеги окуяда маалыматтык да согуш болбодубу, анда блогерлердин салымы чоң болду. Ар бирибиз ролик тартып жүктөп, маалыматтарды башка тилдерге которуп таратып, жардам чогултуп жаттык. Ушундан кийин блогерлер маанилүү деп эмнеге айта албайбыз?

– Кайненеңиз тууралуу сүйлөшпөй койсок болбос, экөөңүздөрдүн эмнеңиздер окшош?

– Баары эле мүнөзүбүздү окшоштурушат. Шайыр, ак көңүл, жасанганды жакшы көргөн, өзүбүздү сүйгөн адамдарбыз. Кайненем видеого тартылбайм дебейт, сунуш кылсам дароо эле даяр боло калат. Азыр өзү да идея берип, “мындай кылып тартпайлыбы” деп калды.

– Комментарийлерде да кайненеңизге ашык болгондор көп...

– Кайненемди баары “акылман аял, жакшы адам экени көрүнүп турат, бизге да ушундай кайнене насип кылсын” дешет. Жалаң жакшы комментарийлерди жазышат, кайненемди жакшы көрүшөт. Албетте, негатив да жазылат. Аны жашоосуна таарынгандар жазышат да. Аларга катталуучуларым эле жооп берип коюшат. Бирок хейтерлер анча көп эмес.

– Жашооңузда баары азыркыдай сонун болсун! Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан