Орусиянын Бишкектеги элчилиги: Орусиядагы Кыргыз мигранттары аскерге чакырылып жатат деген маалымат жалган.
Мамлекеттик салык кызматы үйүн ижарага бергендерди мыйзамга ылайык мамлекетке салык төлөөгө чакырды.
3-октябрдан тарта Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча жаңы авиакаттамдар ачылганы айтылды.
Билим берүү жана илим министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 миллион сом каралганы маалымдалды.
Ат-Башыда 6 тоо текени мыйзамсыз атып өлтүрүп, этин алып келе жаткан жаран кармалды.
Өлкөдө COVID-19га каршы 3 айлык эмдөө кампаниясы башталганын республикалык штаб билдирди.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-октябрда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алып, аймактык коопсуздукту талкуулады.
Социалдык фонд: Учурда пенсиянын орточо көлөмү 8080 сомду түзөт.
Баткен облусун калыбына келтирүүгө мамлекеттен 3 миллиард сом бөлүнгөнү айтылды.
5-октябрда Ош шаарына 3022 жыл толду.
Кыргызстанда 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алуу күндөрү деп бекитилди.
Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын башчысы пара алууга шектелип кармалды.
Айбек Айдаралиев “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Өлкөдө 2022-жылдын 9 айында 148 миллиард 125 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмү жыйналганы айтылды.
Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобу түзүлдү.
"Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.
Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат деп маалымдалды.
Орусияда 27 Кыргыз жараны массалык ууланууга кабылды.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион д оллар каражат бөлүшү ыктымал экени айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.