– Өткөндө депутаттар Баткенге барган күнү эле отставкага кетүүгө арыз жазгам. Бирок бир катар депутаттар азыр кетпей туруңуз дешкенинен төрагалык милдетти аркалап келдим. Бүгүнкү күндөн баштап төрагалык орун бош,- деди Мамытов.
Спикерлик кресло бош турган жок. Ушул эле күнү парламент депутаттары төрагалыкка “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын лидери Нурлан Шакиевди шайлашты. Шакиев “Альянс”, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним” фракциялары жана Элдик депутаттык топтун атынан жалгыз талапкер болуп чыгып, 80 депутаттын “макул” деген добушун алды.
45 жаштагы Нурлан Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. 2021-жылы Аксы шайлоо округунан парламент депутаты болуп шайланган. 2006-2009-жылдары ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, 2009-2010-жылдары мамлекеттик телеканалдардын биринин жетекчиси, 2010-2011-жылдары маданият жана маалымат министри болуп иштеген. Журналистика тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар.