(Башы өткөн санда)
– Мен ар бир кылмыш ишин алганда: «Эч кимге айтпайм, купуялуулукту сактайм», – деп кол коюп берем. Айыпкерлер, шектүүлөр, жабырлануучулар, күбөлөр тууралуу, тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кимге айтпашым керек. Ошого жумушум тууралуу сүйлөбөйм. Анын үстүнө, сүйлөй турган деле жумуш эмес. Өлтүргөн, зордуктаган тууралуу кимдин эле уккусу келсин?! Мени менен иштеген, мени менен иштешкен кишилер үчүн бул жөн эле жумуш, мен үчүн кайгы. Мен жөн эле токтом, айыптоо, айыптоонун корутундусун, протокол которбойм, мен тагдыр котором. Кыргыздын, кыргыздардын тагдырын, адамдын тагдырын котором...
Зордуктоону, киши өлтүргөндү көп көрдүм. Тири укмуш ыкмалар менен зордуктап, тири укмуш ыкмалар менен киши өлтүрүп, анан «мен акмын» деп же «Колуңдан эмне келет?» деп отурган кылмышкерлерди көрдүм. Тытылып, соо жери калбаган, сабалган, зордукталган кыздарды көрдүм. Бычакталып, сабалып, зордукталып өлгөн адамдардын сүрөттөрүн көрдүм. Бычакталып, сабалып, кабат үйлөрдөн учуп, зордукталып, бирок тирүү калгандарды көрдүм. Андайларды чала жан бойдон, майып болуп калгандан кийин көргөн учурларым болду. Өлтүргөнүн да, зордуктаганын да жек көрүп, жек көрүүнү көтөрө албай ыйлап калган учурларым болду. Ошентсе деле ушул жумушта өзүмдү-өзүм алдап-соолап иштетип келатам. Көп учурларда: «Эки тараптын тең оюн бири-бирине так жеткирип берүү – менин милдетим, андан башкасынын мага тиешеси жок, эки тарапка тең жардам берип жатам», – деп өзүмдү сооротом. А чындыгында, кара курсагымды багып жүргөндөрдүн эле биримин. Мен деле ошол эл көргөн мамилени көрөм. Кээде мен кылмышкерлер менен кылмышты кошо кылгансып оңураңдагандар бар. Айрыкча соттор, прокурорлор ошентет. «Эмнеге бирөөнүн мамлекетине келип алып жөн жүрбөйсүңөр? Кылмышты өзүңөрдүн өлкөңөргө барып кылбайсыңарбы?» – деп көп сурашат. Мен бул сөздөрдүн мага айтылып жатканын билип турсам деле кылмышкерлерге которуп коём. Анан алардын айткан жообун тигилерге котором. Кылмышкер үндөбөсө, үндөбөй коём. Ошентип өзүмдү коргойм. Кылмышкердин оозу менен коргойм. Кээде: «Бул кыз котормочу, кылмышкердин тууганы эмес», – деп ортодон тергөөчүлөр же катчылар чыгып, мени коргоп калышат. Коргой турган киши чыкпаса, унчукпай кутулам. Укмаксан болуп коём. Андан башка айлам деле жок. Бирок негедир өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Күнөөлүү сезбей анан? Көп учурда зордукталган да кыргыз, зордуктаган да кыргыз. Өлгөн да кыргыз, өлтүргөн да кыргыз. Анан эмне деп каяша айтып, эмне деп актанмак элем? «Өлкөмдө жумуш жок» дейминби? «Президенттерибиз жаман, ууру, баары өлкөнүн байлыгын көтөрүп качып кетти» дейминби? «Жегичтер завод-фабрикаларды талап, бөлүп жеп алды, ошолордун айынан ушинтип тентип калдык» дейминби? Кызык жери, тигилердин суроосуна жооп бар, бирок ушундай гана жооп бар да. Ошол... Жумушум, өмүр жеген жумуш.
Бирок кызыктуу учурлар да көп болот. Кылмышкердин да кызыктуу, кызыктуу эмеси болот. Жумуштун оордугу башка кеп, оордугу өзүнчө, а ошол жаныңды кашайткан, арданткан, кээде ыйлаткан оордуктун арасында кызыктар да бар. Иштеп жаткан учурда бүгүн-эртең кызыгуум тарап кетчүдөй эле көрүнө берет, бирок жылдап унутпаган, жылдап эсимде турган кылмышкерлер бар. Жылдап мээмди жеген, түшүмө кирген кылмыш иштери бар. Мен кызыгып угуп, кызыгып кылмыш ишин акырына чейин көзөмөлгө алган учурларым болот: «Ушундан кутулбадым, тезирээк кылмыш иши жабылса экен», – деген учурларым да болот. Жалмаңдаган кылмышкерлер туш келет, кылмыш жасаганын эрдик көргөндөр туш келет. Жумуш ортосунда мага тийише койгондор, мени коркута койгондор туш келет. Мен деле акыры катуусуна катуу, жумшагына жумшак жооп берип, коркутканынын көзүнө сөөмөй кезеп, тийишкенин сөгүп көндүм. Кээ бирлерин атайын эле: «Дагы эмне кылат экен? Дагы эмне дейт?» – деп кызыгып тиктеп отура берем... Кармалганда «адам» болуп кармалып, кылмыш иши тергелип бүткөнчө кадимки кылмышкерге айланып калгандар болот. Алардын өзгөрүү процессин тиктеп отуруп жаным кашаят. Кудум кылмышкер болуп туулгансып, кылмыш канына сиңип калгандар болот. Көздөрү жалаңдап: «Эмне кыла аласың?» – деп турат. Алар өзүнчө кызык. Артында килейген тагдыры, килейген тарыхы бар кылмышкерлер болот. Алар өзүнчө кызык. Биринин артынан бирин чубап, сүйрөп чыккан кылмыш иштери болот. Арты эмне менен бүтөр экен деп тиктеп отуруп эле кылмыш ишинин кантип жабылып калганын байкабай калам...
Канча жыл иштеген болсом, ошончо жылдан бери зордукталган, ал аз келгенсип сабалган, кара-көк болуп шишип, оозу, мурду, көзү туташып, биригип калган кыздарды көргөн сайын менин да денем ооруйт, ичим, айрыкча табарсык тушум түйүлүп ооруйт. Эки-үч күн ошентет. Бул эмне болгон сезим, эмне болгон оору экенин эч кимге түшүндүрүп бере албайм. Өзүм да түшүнбөйм. Сурак учурунда жабырланган кыздардын жүзүнө тиктебегенге аракет кылам. Ичимден: «Булар эми өзүнө качан келет? Мындан кийин кантип жашайт?» – деп кыйнала берем.
Чачылып кеткеним чын. Бир оор кылмышты көрүп эсим ооп, эсиме келип-келе электе эле жаңы кылмыш иши пайда болот, анан аны ээрчип кетем. Жаңы жабырлануучуга алаксыйм. Жаңы адамдын жараатына үңүлөм. Жаңы адам менен кошо ыйлап, буга чейин зордукталган кызды, анын ыйын унутам. Кылмышкер менен кошо уялам, ал уялбаса анын атынан уялам. Аны менен кошо актанам, ал актанбай койсо, өзүм үчүн, өзүмдүн алдымда кылмышкерди актап кирем. Өлтүрүлгөн менен кошо өлүп, жабыр тарткан тарап менен кошо адам жоготом. Адам жоктойм. Антпесем бул жумушта иштей алмак эмесмин. Башка жумуш таап басып кетмекмин. Анан бактылуураак жашамакмын. Уйкум да тынч болмок. Азыр уйкум тынч эмес.
Өзүмө да, Кудайга да суроолорум эле көп. Акырындап ичимден өлүп бараткансыйм, түгөнүп эле бараткансыйм, бирок түгөнүп калбадым... Же ушул жумушка башкаларга окшоп көнүп кетпедим. Же ушул жумуштан кетип калбадым... Же арданганымды койбодум. Арданып жүрүп өмүр түгөнмөй болду...
– Дагы көп арданат окшойбуз, эже... Ардануунун баш-этеги, учу-кыйыры жок окшойт... Чиеленишкен бир укмуштуудай эле окуялар болуп жатат. Жашап, ойлонуп, түшүнүп, кайгырып жетишпей калып жатам. Айзаттын апасы чалды. Анын ыйын угуп коркуп кеттим. Ооруканага барышмак эмес беле, Айзатка бирдеме болгон го деп ойлоп үлгүрдүм. «Кызым качып кетти» деди апасы. «Каякка качат, неге качат?» дедим таңыркап.
– Жигити бар имиш, ошол жигит менен качып кетти. Менин шорумду курутпадыбы, мага кат жазып, жигитинин дарегин жазып кетиптир. Ыя айланайын, эми эмне кылам?!
(Уландысы кийинки санда)