Президент Садыр Жапаров 6-октябрда социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады. Анда "Кемпир-Абад" боюнча эки өлкө үлүшү 50х50 пайыз болгон биргелешкен ишкана куруп, плотинаны чогуу башкарууну чечкенин айтты. Талаш жерлердин 99 пайызы бизге өттү дейт президент, кайсы жер кантип чечилгени келишим бекигенден кийин ачыкка чыгарыларын белгиледи.
Депутат Адахан Мадумаров “Кемпир-Абаддын” тагдырын эл гана чечерин белгиледи.
– Эгер азыркы бийлик кандай деп чечсе, эл ошого макулбуз деп отура берсе, анда отура берсин. Биз депутат катары эмне кыла алабыз? Максималдуу түрдө күрөшүп жатабыз. Депутаттар добуш бергенге чейин ойлонушу керек. Мен келишимге каршы добуш берем,- деди Мадумаров.
Айта кетсек, “Кемпир-Абад” курулганда Өзбекстан Кадамжайдын Бүргөндү аймагына 200 чакырым канал куруп берүүгө милдеттенме алып, бирок аны аткарган эмес. Азыркы тапта “Кемпир-Абаддын” плотинасынын бир бурчу Кыргыз жеринде жайгашкан, Өзбекстан буга чейин плотинага толук ээлик кылууну сурап жаткан.
Коомчулукта Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча соңку протоколду ачыкка чыгаруу талаптары айтылууда.