Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Уланбек Мамбетакунов дайындалды. Ал эми Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткарууга киришти. Президенттин башка жарлыктары менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Максүтов, энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Ибраев дайындалды.
Гезит басууга кетерде министрдин милдетин аткарып жаткандарды кызматка бекитүү маселеси парламентте каралып жаткан. Аларды депутаттарга президенттин парламенттеги өкүлү тааныштырып, буга депутаттар сын айтышты.
– Булар эмне жетимби? Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип тааныштырсын. Жоопкерчилигин алсын,- деди депутат Мирлан Самыйкожо. Айрым депутаттар парламент макулдук берсе да, бербесе да президент буларды кызматка дайындай аларын эскертип, мыйзамдын талаптарын айтышты. "Биз буларды шайлабайбыз, макулдук гана беребиз. Макулдук бербесек деле булар иштей беришет",- дешти айрым депутаттар.