Башы өткөн сандарда)
Карлыгач Байыштын дайынсыз кеткенине бир ачуусу келсе, бир санааркап түнү бою бушайман болуп уйкусуз таң атырды. Качан гана жумушка жөнөп жатканда Байыш үйгө кирип келди.
– Эмне жоксуң? Санаадан өлсүн дедиңби? Бир кабарыңды билдирип койсоң боло.
– Келем да, эмнеге сарсанаа болосуң, уктай бербейсиңби. Мени деген эркек деп коёт, ар кандай иштер чыгып калышы мүмкүн.
– И-и, күндөп-түндөп иштегидей ал кандай иш экен? Бул айда сенин акчаңа көмүлүп эле жатып калбасак болду.
– Эмне эле зирпилдейсиң таң атпай? Кулак-мээмди жебей жайыма койсоң болбойбу?
– Сага айткан кайран сөз,- деп Карлыгач ичин басып бүк түшүп отура калды. Түнү менен уйку бетин көрбөй ачуулануу кош бойлуу немеге оор тийди.
– Эмне болуп кетти? Акыркы учурда сөз көтөргүс болдуң го, эч нерсе боло электе жарыласың?- Байыш сүйлөнүп Карлыгачтын жанына келип, каруусуна колун койду.
– Тарт колуңду,- бышактап ыйлап жатты. Байыш колун тартып кетенчиктеди, шолоктоп ыйлап жаткан Карлыгачты бир топко карап үнсүз отурду.
– Жан, ыйлабачы болду, ооруп каласың, бала кыйналат,- деди. Бул сөздү айтуу ушунчалык оор болду, оозун таптап барып бир нече жолу токтоду.
Ыйы, токтоп, ачуусу басаңдап, тынчтанып калды. Ал Байыштан мындай сөздү көптөн бери уга электигин эстеди. “Жан...” дегени кадимкидей өөн учурай түшкөнүн сезди. Ошентсе дагы анын мындай камкордук сезимин билдирген сөздөрү жагымдуу болду. Мейли, ал чын дилден айтылсын, мейли, ал сөз түпкүрдөн чыкпасын, сөздүн жылуулугу, сөздүн күчүндө эмне деген дем-күч жатат? Бир эле сөз адамды көкөлөтүп, бир эле сөз адамды чөктүрөт эмеспи. Анын сыңарындай, Байыштын ушул сөзү Карлыгачтын ачуусун басты. Бат эле жубайлар кучакташып, эркелешти. Жанагы бирин-бири сүйбөй, ыркырашып жаткан экөө жок. Карлыгач бир заматта дасторкон даярдап, чай коюп жиберди. Чай кайнаганча боёнуп-жасанып өзүн иретке келтирүүгө дагы жетишти. Ушул тапта өзүнүн ушунчалык шайдоот кыймылдап жүргөнүн өзү дагы байкап калды. Күндө өзүнөн-өзү оорлошуп эле эч нерсеге көңүлү чаппай жүргөн. Экөө чай ичип болгон соң Карлыгач жумушуна кетти.
Ал кетери менен Байышта түбү жок түмөндүү ойлор башталды. “Кайдагы ишке аралаштым, иштебейм десем мага Москвада жүрүү кыйын болуп калат го. Артка жол жок, кыргыз балдар деле бар экен го арасында, карызым болсо кокодон, иштебеске чара жок. Эмнеси болсо да бир байкап көрөйүн” деп ойлонуп жатып уйкуга кетти.
ххх
Тимур уулунун ден соолугу жакшы экенин көрүп санаасы тынчып калды. Ата-энесин чогуу бир жерден көргөнүнө уулу дагы сүйүндү.
– Үчөөбүз чогуу сүрөткө түшүп коёлучу,- бала экөөнүн ортосуна туруп, экөөнүн баштарын өз ийинине жөлөдү.
– Балам, жатсаңчы, врачың урушат,- деди Тимур.
– Жок, ата, жата берип денем талып кетти. Силер деле бул жакта болсоңор жакшы болмок экен. Карачы, бул сүрөт кандай сонун болду?
– Мен сени менен болом, балам. Атаң узакка боло албайт го,- Нурзат баласынын далысын сылап жатып сүйлөдү. Ушунчалык токтоо сүйлөдү. Мунусу Тимурга даана байкалды, мурунку Нурзат болгондо Тимурду эмдигиче жерден алып көргө чапмак.
– Аа, баса, ата, тиги жаңы апашка кандай жүрөт? Жапжаш аялыңыз бар, ээ?..
– Койчу, балам, мени эрмектебей, мен сага баарын түшүндүрбөдүм беле. Мындан ары экөөбүз ал жөнүндө кеп козгобойбуз дебедик беле.
– Макул, макул. Мен жөн эле тамашаладым,- деген уулу керебетине жата кетти.
ххх
Байыш кең Москва түнөргөн түнгө чулганганда сыртка жөнөдү.
– Дагы кеттиңби?- уйку-соонун ортосунда Карлыгач үн катты.
– Өзүң көрдүң го, телефон чалышты. Мен жумушка кеттим, таңга маал келем.
Аны жаңы ишине үйрөтүп жүргөн Руслан дегени телефон чалып чакырган эле. Ал жашаган дарегин так билдирбейин деген ойдо башка метрону айтты да, өзү шашыла ошол жакка жөнөп кетти.
– Салам, куш келдиң. Бүгүн сенин жаңы иш күнүң. Кандай даярдык менен келдиң? Мээңди даярдадыңбы? Бул ишке биринчи мээни даярдаш керек, мээ даяр болсо кыймыл-аракет өзүнөн-өзү болот.
– Келдим, аракет кылам эми,- Байыш көңүлсүз үн катты. Ушул тапта дагы өзү кыла турган иштен иренжип турду. Бирок тандабаска чарам жок деди ичинен.
– Мен сени азыр бир жайга алып барам. Ал жерден сөзсүз акчалуу адамдар чыгышат. Коркпо, ме, буларды кий. Көчөдө камераларга урунуп калсак дагы сен таанылбагыдай бол.
Байыш үн дебей Руслан берген кийимдерди кийип жатты. Денесин майда калтырак басканын өзү дагы сезди.
– Бась, сага ушинтип кайрыла берейин, азыр баары кыскарып калбадыбы... Карасаң, тээтиги бурулуш, ошол жерде негизи видеобайкоолор орнотулган эмес. Тигил жактан чыккандар сөзсүз ушул жол аркылуу өтүшөт. Менде бул жакта күзөт кызматында иштеген тааныштар бар. Телефон аркылуу сурап турам, жалгыздап кармаш үчүн бул дагы керек. Болбосо сага каршы аракеттер көрүлүп кетиши мүмкүн да.
Чын эле Руслан айткандай ошол жолдон бирин-экин кишилер ээрчишип өтүп жатышты. Бир аздан кийин Руслан:
– Жөнө, жөнө, азыр жалгыз кыз чыгат,- деген Руслан Байыштын башына кара чүмбөттү кийгизе салды. Согушка аттанып жаткансып Байышта түпөйүл сезим болуп жатты. Бурулуштан чыга берип кыз капчыгын жаап сумкасына салып жатканда жанынан өтүп бара жаткандай сезилген адамдын карылуу колу билегине жармашты.
– Апа,- деген кыйкырык чыкты. Байыш жан талашып кыздын оозун жаап жиберди.
– Чүш,- деген ишарат менен кызды тынчтандырды да, капчыгын албастан кетип калды. Корккон кыз аркасын карабый качты. Аны коркуткан неме кайдан чыкты, кайда кетти, азыр аны ойлоно турган абалда эмес эле.
– Уф-ф,- бетиндеги чүмбөттү алып унаага отурду Байыш.
– Ала алдыңбы?
– Жок.
– Эмнеге? Сен даана жиндисиң го. Колдо турган акчаны кантип коё берип жибердиң? Биз ошондо куру-жалак калдыкпы бул түнү?- рулду бир уруп алды Руслан. Байыш үн дебей дулдуюп отурду.
– Эй, сенин мээң барбы? Жанына барып сылап-сыйпап, анан коё берип жибердиңби?- Руслан ачуусун жашыра албай жатты. Көнгөн балдары болсо чаап-чаап жибермек, эмнегедир Байышка көл көтөргөн жок, болгон күчүн унаанын рулунан чыгарып алды.
– Ал кыз кыргыз экен, анан дагы кичинекей эле кыз көрүнөт...- деди Байыш колундагы чүмбөттү ары бери тарткылап.
– Кыргыз болсо эмне болуптур, кичинекей болсо эмне болуптур? Аларды сенин урганың барбы?! Орус оруска тийбейт, кыргыз кыргызга тийбейт, өзбек өзбекке тийбейт деген мыйзам кайда бар экен?
– Эми кыз кишинин алсыз үнү чыкканда колун толгоп акчасын алып чуркап кетүүгө жүрөк даабай койду. Негизи алайын деп эле баргам, андан аркы кыймыл-аракетим өзүнөн-өзү болуп кетти.
– Мейли, көнөсүң, бышасың сен дагы. Бул сенин адамдык аёо сезимиң экенин түшүнүп турам. Менде да башында мындай учурлар болгон. Өзгөчө өтө жаш кыздардын акчасын тоногонго колум барчу эмес. Илмийген арык колдор кайрысаң сынып кетчүдөй... Бирок бара-бара ал аёо сезимиңдин дайынын таппай каласың. Өзүнөн-өзү жоголот. Жашоону башкача көз карашта карай баштайсың, баалуулуктарың өзгөрөт. Сенин ичиңде деле бизге окшош бир желмогуз жатат...
(Уландысы кийинки санда)