Кубаныч Ажыбаев, ырчы: «УНААМДЫ ЖУУГАНДАН ЫРАХАТ АЛАМ»

«Сулууларга суктанууга акым бар…» деген ырды укканда эле эсибизге Кубаныч Ажыбаев түшөт эмеспи. Бул сапар ырчы мырзанын автоунаага болгон сүйүүсү тууралуу сөз кылдык. «Унаамдан бир аз эле туура эмес үн чыгып калса, оңдотмоюнча бушайман боло берем» дейт ал.

Үлгүсү – Subaru Forester

Чыгарылган жылы – 2012-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 190 чакырым

Базар баасы – 12-15 миң доллар

– Арыбаңыз, Кубаныч мырза! Байланышканымда «кызымды мектептен алам» деп калдыңыз, күн сайын мектепке ташыйсызбы?

– Балдарымдын эң кичүүсү кыз да. Ал биздин ханыша. Кырктан өткөндөн кийин бала таттуу көрүнүп калабы, же кыз бала башкача болобу, айтор, анын айтканын аткармай. Жакшы мектепте окусун деп үйдөн алыс мектепке бергем. Аны жеткирем, сабагы бүткөндө кайра алып кетем. Өмүрү эртең менен эрте турчу эмесмин, биздин жумушубуз көбүнчө түнкүсүн эмеспи. Буга чейин балдарымды мектепке ташычу эмесмин. Эрте туруп кызымды мектепке жеткире баштаганым калгандарына дагы жакшы болду. Эртең менен унаага балдарым да, жубайым да түшүп алат. «Түшкүлө, кызымды эле жеткирем» демек белем, аларды дагы жеткирүүгө туура келет. Ошентип быйыл үйдөгүлөрдүн айдоочусу болуп жатам.

– Алгачкы ирет рулга отурганыңыз эсиңизде барбы?

– Ыраматылык Кален деген агам бар эле, атамдын иниси. Ал киши айылда машина жок кезде Жигули айдап барып калды. Ошол киши рулга отургузуп, унаа айдаганды үйрөткөн. Анда 6-7-класста болсом керек эле. Кээде жууп келейин деп айдап кетип, коңшу айылга чейин барчумун. Атам «айдаба» деп урушса болчу эмесмин. Кийин дос балдардыкын, жезделеримдикин айдап калып жүрдүм.

– Өзүңүз качан унаалуу болдуңуз?

– 2003-жылы тойлордо тамада боло баштадым. Биз жаш кезде үй, унаа алалы деп деле ойлонбоптурбуз. Үйлөнгөндөн кийин келинчегим «кел, акчабызды чогултабыз» деп калды. Чогултуп жүрдүк, бир күнү карасак 2800 доллар чогулуп калыптыр. Ал кезде Фольксваген Пассат мода болуп жаткан. Ошол акчага Пассат алып, калган 3 миң долларын бөлүп төлөгөм. Ал унаа Кубаныч Сатаев экөөбүздүн «Неге сени сүйдүм, ай?» деген ырыбыздын клибине тартылган. Ошол Пассат Фольксваген Вентага, Вента Хонда
CR-V`га, CR-V Тойота Секвойяга алмашты. Негизи мен бат-бат унаа алмаштыра бергендерден эмесмин, 3-5 жыл айдайм.

– Азыркы унааңызга токтолсок...

– Негизи Субару айдачу эмесин. Тойота Секвойяны сатканда сатып алган кишинин акчасы жетпей калып, Субару Легаси деген унаасын 3 миң долларга баалап берип калды. Тоого барганды жакшы көрөм, Соң-Көлгө, жайлоолорго көп барам. Анан Субару Легаси менен тоого барып көрдүм, тың унаа экен. Анча-мынча унаа чыга албаган жерге жөн эле чыгып кетет. Ошондон кийин Субару менен «ооруй» баштадым. Субару Форестердин 2012-жылкыларынын коробкасы автомат, бышык болот деп атайын ушуну тандап алдым. Андан жаңыларынын коробкасы вариатор, алар чыргоо болот. Бул унаанын асты бийик, жаман жолдорго дагы, шаарга дагы ыңгайлуулугу менен жакты. Аймактарга чыкканда эмне деген ашуулар бар, тыгылбагыдай болсун, 4 дөңгөлөгү тең тартат деп ушуну алдым. Негизи бала кезден техникага жакынмын. Эгер артист болбосом, автомеханик болсом керек деп ойлоп коём. Буга чейинки Тойота Секвойя үлгүсүндөгү унаамды өзүм жасалгалап (тюнинг) чыккам. Аны тюнинг борборлорго берсең 2-3 миң доллар алып коюшат. Мен баарын интернеттен карап эле жасап алгам.

– Унаанын тетиктерин, түзүлүшүн жакшы түшүнөт экенсиз да анда?

– Унаамды уга билем, бир жеринен бир аз эле туура эмес үн чыгып калса, аны оңдотмоюнча бушайман боло берем. Негизи машинаны канчалык карасаң, улам бир жеринен кемчилик чыга берет. Кээ бирөөлөр моторго эле май куюлат деп ойлошот, андай эмес. Көп жерине куюлат, ошол майларды убагында алмаштырып, жакшылап карап туруш керек. Көпчүлүк учурда «ходовою» бузулуп жатат деп калышат го, ал амортизатордон көз каранды. Аны чекчейтип карап жүрсөң маселе жаралбайт.

– Унааңыз таза экен. Негизи таза алып жүрөсүзбү же бул маекке келердеги даярдык болдубу?

– Унаам кир болсо жүдөйм. Чарчадым, узак жолдон келдим демей жок, кандай учур болбосун унааны жууганга, тазалаганга убакыт табам. Үй-бүлөм дагы буга көнгөн, кичине кир болуп калса эле «эмне кир болуп калган?» деп сурашат. Досторум мени «немис» деп тамашалап калышат. Немистигим деле жок, убакытка такмын, анан унаамды таза кармайм, ошол эле. Унааны дайыма өзүм жууйм, мурун атайын каналдын жээгине алып барып жуучумун, азыр өзүң жууй турган унаа жуучу жайлар бар эмеспи. Машинамды жуугандан ырахат алам.

– Сизди тажрыйбалуу айдоочу десек болобу?

– Өтө тажрыйбалуу айдоочуга да бир чети жаман. Анткени өзүнө өтө ишенимдүү болуп, жолго, эки жакка көп көңүл бурбай калат. Тажрыйбаң канча болсо да жолдо ар дайым этият болуш керек. Азыр айдоочулар да, жөө жүрүүчүлөр да бир кызыктай. Кээде жөө жүрүүчүгө атайын токтоп жол берсең өтпөйт, бирөөлөр болсо эки-жагын карабай эле далдактап чуркап чыга калышат.

– Жол эрежесин көп бузасызбы? Эң көп канча айып пул төлөгөнсүз?

– Кээде эреже буза турган учур болот. Азыр бардык жерде камера. 2-3 жолу айып пул төлөгөндөн кийин эреже бузгуң келбей калат экен. Айып пул жазылганын билбей жүрө берип, мурунку унаамды сатарда 28 миң сом айып пул төлөдүм. Кээде жол чийиндерин туура эмес тепселеп алганым үчүн төлөп калам. Биздин жолдор стандартка туура келбейт, бирок айла жок, жолду кеңейткиле деп урушмак белем, төлөй беребиз.

– Унааны жогорку ылдамдыкта айдаган жагабы?

– Обу жок эле тез айдоону жактырбайм. Мисалы, Нарынга кадимки жүрүш менен 4 саатта жетесиң. Эгер газды болушунча басып, абдан тез айдасаң, жарым саат гана эрте барасың. Ошол жарым саат үчүн эмне деген тобокелдиктерге барасың? Ошол 30 мүнөт үчүн жолдо кандай гана жаман кырсыктар болуп жатат. Унаада жалгыз жүргөндө түз, кенен жерден катуураак айдоого каалоо ойгонот. Ошондой учурда гана газды тээп, унаамдын демин чыгарып коём.

– Маегиңизге рахмат! Ар дайым жолуңуз ачык болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан