Клара Алибекова: «АПАМДЫН ӨЛҮМҮ МАГА КҮТҮҮСҮЗ БОЛДУ»

“Энени жоготуу кайгысы эң оор жана айыккыс. Ал боштукту эч ким толтура албайт” дейт жакында апасынан айрылган ырчы Клара Алибекова. Клара айым сиңдиси Жанара Алибекова менен бирге апасы тууралуу маек куруп, бирде ыйлап, бирде күлүп анын айткан акыркы сөздөрүн эстеп отурду.

«Оорукана, дары дегенди жаман көрчү»

Клара Алибекова:

– Апам 69 жашта эле. Апам атама турмушка чыккандан баштап эле эч жерде иштебептир. 7 бир тууганбыз, 2 эркек, 5 кыз. 7 баласына мээримин төгүп, татыктуу тарбия бериш үчүн деле адамдын жарты өмүрү кетет экен. Атам менен апам бизди эч нерседен кем кылбай багып чоңойтушту. “Союз мезгилинде тигүүчү болуп иштегем” деп калчу, бирок билим алып, бир кесипте иштеген эмес. Бүт өмүрүн атама жана бала тарбиялоого арнады. Анан оорукана, дары дегендерди аябай жаман көрчү. Биз кичинебизде деле ооруканага көп алып барчу эмес, үйдөн эле эмдеп-домдоп айыктырып койчу. Ошон үчүн өзүнүн оорусун олуттуу кабыл албай койдубу деп калдык.

Жанара Алибекова:

– Каза болор алдында кан басымы 200гө көтөрүлүп ооруканага түшүп калды. Ошондо каза болуп калат деп такыр ойлогон эмеспиз, айыгып кайра үйгө жаркырап кирип келчүдөй сезиле берчү. Ооруканада кыздары кезектешип карадык, акыры дарыгерлер “жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз, жакшысы, үйгө чыгарып алып кете бергиле” дешти. Биз Бишкектеги үйүбүзгө эле алып барып карайбыз дегенбиз, врачтар “жок, Жалал-Абаддагы өзүнүн үйүнө алып баргыла, балким, короо-жайын көрүп айыгып кетет” дешти. Ошондо апамдын абалы оор экенин түшүндүк. Баарыбыз чогулуп апамды Жалал-Абаддагы үйгө алып бардык. Көрүшкөнү бир туугандары келди. Бир эсине келсе, кайра эсин жоготуп эле жаткан. Бир туугандарын, биздин турганыбызды көрүп, тегерегин бир сыйра карап алып үзүлүп кете берди.

Клара Алибекова:

– Чынында, апамды каза болуп калат деп ойлогон эмесмин, жашайт го дегем. Мен үчүн баары күтүүсүз болду. Буга чейин деле кан басымы көтөрүлсө дары ичкенде басылып калчу. Бул жолу деле ошондой болот деп ойлогом.

«Бишкекке келсе эле Клараныкына алып баргыла дей берчү»

Жанара Алибекова:

– Апам Клара менен Байелге өзгөчө жакын болчу. Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин көңүлү тынчыган жок. Бир жылдары Клара үй алам деп кооперативге акчасын алдатып жибергенде да катуу кабатыр болду. “Кларанын үйлүү болгонун, элди ыраазы кылып концерт бергенин көрсөм экен” дечү. Кларанын өзүнө да “эл колдоп турганда ырдап чыксаңчы, иште, ыр жаздыр, концерт бер” деп көп айтат эле. Аттиң, анын баарын көрбөй кетти. Бишкекке келсе эле “мени Клараныкына алып баргылачы, кантти экен, эмне кылып жатат болду экен, курсагы ток бекен, өзүм барып тамак жасап берейинчи” деп эле күйүп-быша берет десең. Апам каза болгондон кийин бир туугандары баарыбыз Кларанын көзүн карап калдык, анткени өзү да ойго түшүп кетти, анын көңүлүн көтөрүп маанайын чөктүрбөгөнгө аракет кылып жатабыз.

Клара Алибекова:

– Апамдын бизге жакын болгону – уулум Байел төрөлгөндө кыркын чыгарып эле апама таштап гастролго чыгып кеткем. Кичинекей кезинде уулумду көп карап калды. Акыркы жылдары тез-тез келип небересине жолугуп “кана, балам, өзүңөр телевизорго чыккан видеоңордон коюп берчи” дейт эле. Коюп берип койсо “эми астындагы элдин комментарийлерин окуп берчи” деп сурачу. Мага жалаң каалоо-тилек, позитивдүү комментарийлерди жазышат да. Ошолорду окуп берип койсо апам көйнөгүнө батпай сүйүнүп, баарын алкап, ар бир адамдын комментарийине “оомийин, сага да ушул каалоолор кайтсын” деп бата берчү. “Кыргыз элимден айланайын, карачы, сен атаң экөөбүздүн эле эмес, элдин кызы болгонуңду” деп абдан сүйүнөр эле.

«Шерине, тойлорго такай Клара барчу»

Клара Алибекова:

– Кичинемде аябай тың кыз болдум. Ырдап чыга электе эле “шустрыйлыгымдан” атам менен апамды ээрчип тойлорго мен барат элем. Жанара ыйлаган бойдон ээрчип көчөдө калчу.

Жанара Алибекова:

– Ооба, шерине, тойлорго ата-энем такай Клараны ээрчитип алышчу. “Мени неге алып барбайсыңар?” деп чыр салчумун да, көрсө, Клара ал жакта ырдап, бийлеп, шаң тартуулачу экен.

«Таланттуу эмес, жөнөкөй эле кыз болсо бактылуу болмок дечү»

Клара Алибекова:

– Апам менин жеке жашоом тууралуу “балаң кичинекей кезде турмушка чыгып алсаң болмок, эми чоңоюп калганда күйөөгө чыгуу деле кыйын болот” деген. Бирок мен уулум үчүн турмушка чыгуудан баш тарттым.

Жанара

Алибекова:

– Апам Кларанын турмушу, келечеги тууралуу көп ойлонот эле. Кээде “Кудай ушул кызымды таланттуу кылып ырдатпай эле, жөнөкөй кыз кылса турмушка чыгып, бала-чакасы менен бапырап үйүндө отурса бактылуу болмок беле?.. Менин да көңүлүм тынч отурмакмын” деп калчу. Биз “апа, Кудай деле талантты берчү адамга берет” деп жубатар элек.

«Ата-энеси бар адамдар, силер бактылуусуңар»

Клара Алибекова:

– Учурда уулум Байел таенеси жок кыйналып жатат. Кадимкидей сагынып жатканын сезем. Дарыгерлер апамдын ичер суусу аз калганын айтышканда апам жок жашоону такыр элестете албай койдум. Бирок тирүү жандын жашоосу улана берет тура.

Жанара Алибекова:

– Ата-энеси бар адамдар, силер эң бактылуусуңар. Болгону биз алардын дайыма жаныбызда жүрө бербешин билишибиз керек окшойт. Чынында, ата-энең 100гө чыкса деле коё бере албайт экенсиң. Апам 69 эле жашта эле, дагы жашап турса болмок. Буга чейин бир тууган агабыздан, аска тообуз атабыздан айрылган элек. Эми апабыз кайткыс сапарга кетти. Тирүүлүктө жашообуз баары бир өлүм менен аяктаарын күндө эстеп жашаганыбыз туура окшойт, болбосо коё бере албай кыйналат экенсиң.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан