Эркингүл Жумабаева, 62 жашта: «СОКУР БОЛУП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА ТУРАМ»

6 жыл ичинде 3 жакынын жоготуп, оор кайгыдан улам өзү да оорулуу болуп калганын айтат каарманым. Көзүнө операция жасатышы керек экен, ага каржылык мүмкүнчүлүгү жок эне коомчулуктун кол сунуусуна муктаж.

Үстөккө-босток дары ичүү

– Аты-жөнүм Эркингүл Жумабаева. Учурда Бишкектин Көк-Жар кичи районунда кызымдыкында, анын үй-бүлөсү менен чогуу жашап жатам. Кыргыздар жамандык жалгыз келбейт деп коёт го, анын сыңарындай мага да жамандык катар-катары менен келди. 2001-жылы ооруп врачтарга текшерилсем “жатын миомасы” деп диагноз коюшуп, операция жасап, шишик менен кошо жатынды алып салышты. Ошондо анализдеримден кант диабети менен да ооруй турганым билинди. Анан кант диабетине каршы дарылана баштадым. Дары иче берип ашказан менен 12 эли ичегиде жара пайда болду. Анан аларга каршы да дары ичкенге өттүм.

Катарынан болгон жол кырсыктары

– 2014-жылы жолдошум жол кырсыгынан каза болуп калды. Аны унаасы менен сүзүп кеткен бала 30 жаштын тегерегинде экен, алдыбыздан өтүп сурана беришкенинен аны каматып жибербей алып калдык. Кечирип тим болдук. 2016-жылы 30 жаштагы уулум жумушунан чыгып үйгө келе жатканда аны да унаа сүзүп кетти. Сынган бутуна операция жасалды, бирок ошол операцияны туура эмес жасап коюшуптур. Сынган буту ийрейип, карайып турчу. Ооруганына карабай 4-5 айдай балдак менен басып жүрдү. Анан оорусу чыдатпай калганда кайра операция жасаттык. Уулум ошол операциядан чыкпай калды. Көрсө, мурунку операцияда сынган майда сөөктөр калып кетиптир, ошондон буту карайып турчу экен. Ошол карайган жеринен инфекция канга өтүп кеткен экен. Ооруп жүргөн мага баламды жоготуу катуу сокку болду. Жинди болуп кетейин деп аз калдым.

2018-жылы 25 жаштагы кызым да жол кырсыгынан каза тапты. Кызым жумушунан чыгып, балдарын бала бакчадан алганы барууга жолдон такси тосот. Бир унаа токтойт, көрсө, ал таксист деле эмес экен. Кызуу экенин кызым кеч байкап калган окшойт. Тигил жол эрежесин бузуп, артынан МАИ кызматкерлери кубалайт. Алардан качам деп тигил айдоочу жол боюндагы теректи сүзөт. Кызым унаада кыпчылып каза табат. Бул жаман кабардан кийин инсультка кабылып, азап тарттым. Кызымдын артында 1 кыз, 1 уулу калды.

Операциянын зарылдыгы

– Тагдыр башка салса, чыдабаска арга жок экен. Ушул жамандыктардын баарын көтөрдүм. Инсульттан соң көрүүм начарлап кетти, анан жөтөл жабышты. Врачтарга барсам өпкөмдү рентгенге тартышып «кургак учук» дешти. Кургак учукка каршы үзбөй 9 ай дары ичтим. Ал дарылардын терс таасиринен бөйрөктөрүм ооруп, шишип кеттим. Тамак иче албай, курулай суу ууртап калдым. Жеке медициналык борборго барып текшерилсем, врачтар менде кургак учук жоктугун, бирок дарылардын айынан организм ууланып, бөйрөктөрүм иштен чыгып калганын айтышты. Ошондон бери гемодиализ менен жашап келе жатам.

Көрүүм абдан начарлап кеткенде айлам кетип президентке кат жаздым. Жеке бир клиниканы айтышып, ошол жерден текшерилүүнү сунушташты. Барып текшерилсем, оң көзүм такыр көрбөй калганын, сол көзүмө операция жасалбаса, биротоло сокур болуп каларымды айтышты. Сол көзүмө кан толуп кетет, 10 пайыздай эле көрөт. Жарым метрден боолголоп зорго көрөм. Ушул эптеп көргөн көзүмө күндө 2 түрдүү дары тамызам. Бири 1200 сом, экинчиси 900 сом турат. Дарылар 13 күнгө эле жетет. Пенсиям 4000 сом, бул акча көзүмдүн дарыларына да жетпейт.

Кызымдын бала-чакасы, үй-бүлөсү бар, тапкандары өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан элден материалдык жардам сурайм. Операция жасатып албасам сокур болуп каларым анык. Сиздер жардам берсеңиздер жарык дүйнөнү көрүп жашасам дейм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 4999 4985 1291

Тел.: 0500 819 060

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан