Садык Нышанбай уулу, шоумен: «ЛӨЛҮДӨН КОРКУП АЛФАВИТТИ ТЕЗ ЖАТТАГАМ»

“Кичинеңде тентек болсоң керек дей беришет. Бирок мен кичинемден жоошмун” дейт шоумен, “Универсал” КВН командасынын мүчөсү Садык Нышанбай уулу. Каарманым менен анын балалык дүйнөсүнө саякаттап келдик.

«УРУШ УККАНДАН КИЙИН АЛЫСКА КЕТПЕЙ КАЛГАМ»

– Кара-Суу районунун Октябрь айылында төрөлүп-чоңойдум. Үйдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. 2 агам бар. Мүнөзүм кичинемден эле жоош. Ата-энемден такыр таяк жеген жокмун, тил уккан жокмун. 5 жашымда бир жолу гана тил укканым эсиме түштү. Досум экөөбүз ойноп “Кара-Суу” базарына кетип калганбыз. “Кара-Суу” базары үйдөн 3 чакырым алыстыкта да. Досум үйүнө кайтып, мен болсо ойноп жүрө бериптирмин. Үйдөгүлөр болсо мени жоголуп кетти деп издей беришкен. Үйгө кеч келдим, ошондо биринчи жолу урушкан. Анда деле катуу эмес, сөз менен эле урушту. Бирок ошондон кийин алыска кетпей турган болгом.

«ЧОҢДОР БИЗДЕН АКЧА ТАЛАП КЫЛБАЙ КАЛЫШКАН»

– Үйдөн таяк жебедим, бирок көчөдөн чоң балдар көп эле таякташты. “Дедовщина” деген бар да. Өзүңдөн чоңдорду сыйлашың керек, кыл дегенин кылбай койсоң таяк жейсиң. Бир жакка жумшайт, барсаң да урат, барбасаң да урат. Чоң балдар “акча бересиңер” деп кыйнаса сөз кайтарчубуз, берчү эмеспиз. “Эртеңкиге баланча сом даярдап койгула” десе “жок” дечүбүз. “Жөн эле ага катары тепкилесеңер каршылык жок. Бирок акча талап кылып урсаңар, анда жооп кайтарабыз” дечүбүз. Ошентип отуруп бизден акча талап кылбай калышкан. Биз “налогду” жок кылганбыз. Өзүбүз да кичүүлөргө салык салчу эмеспиз. Бизден кийин кандай болду, билбейм.

Мектепте канчанчы атаман болгонумду деле билбейм, атамандык менен деле ишим жок болчу. Баары эле “бала кезде шок болсоң керек” дей беришет. Жашоодо оор басырыктуу, олуттуу адаммын. Бирөөнүн ишине кийлигишпейм, өзүм менен өзүм жүрө берем.

«ҮЙДӨ ЖУМУШ КЫЛЧУ ЭМЕСМИН»

– Үйдүн кичүүсү болуп эрке чоңойдум. Эрке дегенде кандай, чалчаңдап “тигини алып бер, муну алып бер” дечү эмесмин. Бирок бир жолу ошенткем. Ал убакта бут менен тээп айдай турган оюнчук машиналар болчу. Ошондой алып бергиле деп бир чаң-тополоң салганым эсимде, бирок алып бербей коюшкан. Андан кийин такыр эч нерсе сураган жокмун. Агамдар темирден, зымдан бир нерселерди жасап берчү, ошолорду ойнойт элем. Эч нерседен кем болгон жокмун. Азыркыдай компьютер оюндары, телефон жок да. Темир-тезек менен ойногонбуз.

Үйдө жумуш деле кылчу эмесмин, баарын агамар кылышчу. Мени “суу алып кел, тигини алып бер, алып кет” деген иштерге гана жумшашчу. Бирок мен ишке жарап чоңоюп калганда ата-энем үйдө жок болсо, улуу агам экинчи агам экөөбүздү жумшап, жумуш кылдырчу. Атам менен апам үйдө болсо жумшачу эмес. Үйдө да “дедовщина” бар болчу (күлүп). Улуу агам менден 10 жашка улуу. Мен биринчи класска барганда ал 11-класста болчу. Кийин агамдар студент болуп кеткенден кийин башка түшсө байтал жорго болуп жумуштун баарын кылганды үйрөндүм. Талаага чыктым, пахта, жүгөрү, тамеки айдачубуз, мал бакчубуз. 1 уй торпогу менен, 10 чакты кой бар эле, ошолорду бакчумун. Талаага алып чыгып кайтарчумун. Талаа ал убакта кеңири эле, азыр андай болбой калса керек. Талаага чыга элегиме 10 жылдай болуп калды да.

Кичинемде мага бир ишти тапшырса, толук аткарчу эмесмин. Мисалы, “бачокко суу толтуруп кой, жамгыр жааса дарыядагы суу ылай болуп калат, таза суу таппай калабыз” десе, “макул” деп туруп, 2 чака куйгандан кийин ойногону кетип калчумун. Оюнга жакын элем. Ошон үчүн мага иш дайындашчу эмес. Кичинемден бери мээсине сиңип калган экен, азыр деле иш дайындашпайт.

«КҮЛДҮРӨ АЛБАЙМ»

– Мен күлдүрө албайм. Мага караганда ортончу агам шайыр. Бирок эмнегедир кичинемден актёр болом дечүмүн. Студент кезде факультеттер аралык КВН болчу. Интермедияларда салат туураган, картошка аарчыган каармандардын ордуна чыгарып коюшчу. Эч тартынчу эмесмин. “Бир нерсени туурап бер, ырдап бер же бийлеп бер” дешсе, “Манас” айт десе деле тартынбай баарын кыла берчүмүн. Кийин “No name” командасы Ошто филиал ачып, ошолорго кошулуп жүрүп эле бул тармакка аралашып кеттим.

«МЕКТЕПТЕ КАТТАРЫМА ЖООП АЛГАН ЭМЕСМИН»

– Менде сүйүү деген болгон эмес. Мектепке барып окуп, ойноп эле кайтат элем. Бирок 1-2 жолу кыздарга кат жазгам. Анда эмне, мектепте ким жакшы окуса, баарыбыз ошону жакшы көрөбүз. Класста сөзсүз 2-3 чырайлуу, 2-3 жакшы окуган кыз болот го. Ошолорду жактырчубуз. Мен ошолордун баарын жактырып, бирок айтпай эле жүрө берчүмүн. Жазган каттарыма жооп деле келчү эмес. 23-февралда мугалим “өзүңөргө жаккан балдарга белек берсеңер болот” дейт го. Мен бир да жолу ошондой белек алган эмесмин. Жалпы класстагы балдарга берген белек менен эле калып калчумун. Кээ бир “карасавчик” балдарыбыз 5, 6, 10го чейин белек алышчу.

Сүйүү мага студент кезде гана келди. Азыркы келинчегим менен сүйлөштүм, анан баш коштук. Кыздарга деле тийишчү эмесмин. Шок балдар бар эле, алар тийишчү, аларга “массовка” болуп эле жүрө берчүмүн.

«ЖАТТАБАСАҢ ЛӨЛҮЛӨРГӨ БЕРЕБИЗ ДЕШКЕН»

– Үйдө агаларымдан таяк жешим мүмкүн, бирок сөз кайтарчу эмесмин. Сабак окуганда кимиси бош болсо, ошонусу жардам берчү. Мектепке барарда атам менен апам агаларыма “алфавитти жаттаткыла” дешкен. Агаларым “жаттасаң жатта, жаттабасаң лөлүлөргө берип салабыз” деп коркутушкан. Лөлүлөр айыл кыдырып темир-тезек, эски кийимдерди чогултуп кетишчү эмес беле. Ошолордон коркконумдан алфавитти тез жаттагам. Алар да эптеп мени жаттатып коюп, көчөгө ойноп кетиши керек болгон да. Эки агам дайыма колдоп турушат. Окууну бүткөндө “керек болот” деп экөө акча чогултуп мага машина алып беришкен. Экөөнүн акчасын алып, 110 миң сомго Матиз алган элем. Буюрса, аларга да жагымдуу учурларды тартуулаганга, чоңураак белектерди бергенге аракет кылам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан