Клара Мамытбекова, 41 жашта: «АКУШЕРДИН АЙЫНАН БАЛАМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫ»

«Каканакты эрте жарып салды»

– Аты-жөнүм Клара Мамытбекова, 41 жаштамын, Майлуу-Суу шаарынын тургуну болом. Мектепти бүтүп, 18 жашымда Майлуу-Сууга турмушка чыккам. Жолдошум курулушта иштейт, жумуш жокто, көбүнчө кышында үйдө отуруп калат. Мен балдарды карап үйдөмүн. 3 кыз, 2 уулубуз бар. Улуусу 16 жашта, кичүүсү жакында 3кө чыгат.

Биздин азаптуу күндөр кичүү уулум Өмүрали туулганда башталды. 2019-жылы ай-күнүмө жетип, толгоом башталганда шаардагы төрөтканага бардык. Акушер текшерип, каканакты жарам деди. Мен «али толгоом быша элек го» десем, «сени эртерээк төрөтүп, анан укташым керек» деди. Ошентип каканакты жарып салды. Ары-бери басам, төрөй тургандай эмесмин. Алым кетип кыйналганда укол сайышты. Толгоо келди, бирок канчалык аракет кылсам да төрөй албадым. Катуу кыйналдым, анан бир медайым жамбашыма укол сайды. Аны саяры менен оң бутум иштебей калды. Алым кетип, сүйлөгөнгө да дарманым жок калганда 2 эркек, 1 аял врач келди. Врачтар көрүп эле “бала жамбашка кыпчылып калыптыр, операция жасаш керек” деп мени операция залына жетелеп барышты. Тиги акушерди “каканакты эмнеге жардың? Убагы келгенде өзү эле төрөмөк” деп кыйкырып урушту. Ошентип түнкү саат 3төрдө мага наркоз сайышты.

Өзүмө келип ойгонсом таң агарып калыптыр. Баламды сурасам “тигил жакта жатат” деп коюшту. Операциядан кийин баланы алып чыгып баратканда күйөөм баланын төбө жагы шишик экенин көрүп “эмне, колуңардан түшүрүп алдыңарбы?” десе, “жок” деп коюшуптур.

«2500 сомду төлөп коюп кете бер дешти»

– Баламды сурагандан кийин кайра көзүм илинип кеткен окшойт, бир кезде ойгонсом колума тамчылатма дары сайып коюшуптур. Баламды сурасам “тигил жакта жатат, ойлонбо” деп коюшту. Өкүл апам келип мени 1 күн карады. Эртеси баламдын үстүнө кирсем мурдуна кычкылтек түтүкчөсүн тагып коюшуптур, кареги өйдөгө, ылдыйга жылып жатат. 2 саат ошентип жатты. Эртеси күнү баламдын кареги бир жерге токтоп, ошол түрү менен эле көзүн ачып-жумуп жата берди. Врачтар эч нерсе кылган жок, эмиздирген да жок. Мен “баламдын бул абалы эмне? Эмнеге дарылабай жатасыңар? Жалал-Абадга алып барып текшертем” десем, “2500 сомду төлөп коюп кете бер” дешти. Акчаны төлөдүм, мага 1 медайым кошуп беришти.

Жалал-Абаддагы ооруканадан баламды текшерип “төрөттө башынан катуу жаракат алган” деп корутунду чыгарышты. 5 күн дарылаттык. Балам эмчек эмип, ыйлап, үнү чыгып калды. Врачтардын айтуусу менен 1 айдан кийин кайра Жалал-Абадга ооруканага алып бардык. Текшеришип “баланын көзү көрбөйт” дешти. Ошондон тартып 1,5 жыл ар 3 ай сайын баламды ооруканада дарылатып турдук. Компьютердик томографияга тарттырсак алар да “төрөт учурунда башынан жаракат алган” деп жазып беришти. Мени эрте төрөтөм деп кыйнаган баягы акушер аялга чалып, “баарына сен күнөөлүүсүң, эми баламды дарылатканга жардам бересиң” дедим. Ал “мени шайтан азгырды ошондо, макул, жардам берем” деп, кийин баш тартты.

«Балам шал эмес десем уккусу келбеди»

– Баламды төрөтканадан үйгө алып барганда 2 кулагы менен эмгегинин үстүндө 5 манжанын изи түшүп калганын көргөнбүз. Врачтарга “мен сотко кайрылам” дедим. Алар мага 1300 сом беришти. Мечиттен да 1000 сом алып, баламды Ошко ооруканага алып бардым. Ал жактан да мурунку диагнозду айтышты. Ооруканадан келгенден кийин мени төрөткөн акушер, врачтардын үстүнөн прокуратурага арыз жаздым. Врачтар суракта “анын баласынын оорусу тубаса болчу” дешиптир. Прокуратурадан “баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөзөсүңөр” дешти. Биз макул дедик. Бирок 2 айдан кийин баламды текшербей туруп эле врачтарга карата козголгон кылмыш ишти жаап салышты.

Шаардык милицияга барып арыз жаздым. Анан баламды Бишкекке соттук-медициналык экспертизага алып барсак, “баланын кара кушуна доо кеткен” дешти. 2 айдан кийин Бишкекке алып барып текшертип, дарылаттык. Ал жактагы врачтар ДЦП деген диагноз коюшту. “Балам шал эмес, колу-буту иштейт” десем угушпады. Ошентип шаардык милицияга жазган арызыбыз боюнча ачылган кылмыш иши азыркыга чейин бүтпөй созулуп келе жатат. “Балаңардын так диагнозун Орусиядан чыгартып келгиле, ошонун жыйынтыгына карап сот чечим чыгарат” дешти.

«Соттон адилеттик издейбиз»

– Балам сүйлөй албайт, бирок угат. Көзү көрбөгөнү менен, жарыкты сезет. Анткени үйдө жарыкты өчүрсө коркуп ыйлайт. Жетелесек басат. Учурда дарыларын берип жатабыз.

Эми биздин максатыбыз – балабызды Орусияга алып барып дарылатып келүү. Мүмкүн көрүп, өз алдынча басып калар. Эгер Орусиядан да төрөт учурунда башынан жаракат алгандан улам көрбөй, өз алдынча баспай жана сүйлөй албай калганы аныкталса, сот ишин аягына чыгарып, адилеттик тапсак дейбиз. Ошого кайрымдуу элибизден жардам сурайбыз. Сиздердин жардамдын арты менен балабыз сүйлөп, көрүп калса биз үчүн ошол күн бакыт болот эле.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

0778 148 007; 0772 789 853

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан