Элдана Элебаева, диджей: “ДИДЖЕЙЛИКТЕ СӨЗ БАЙЛЫКТАН ДА МААНИЛҮҮ НЕРСЕ БАР”

Элдана Элебаева – “Миң кыялдын” шайыр диджейи. Жагымдуу үнүн, күлкүсүн көп угасыз, окурман. Бул жолу өзү менен жакындан таанышалы, кызыктуу маек сизди кайдыгер калтырбайт.

Анкета

Туулган күнү – 1996-жыл, 17-декабрь

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району

Билими – жогорку, Кыргыз улуттук университетинин химия жана химиялык технология факультетин аяктаган

Хоббиси – бийлөө

Элдана жөнүндө

  • Ачык түстөгү кийимдерди дээрлик кие албайт
  • Тамашакөй адамдарды жактырат
  • Сөгүнүп сүйлөгөндөрдөн жийиркенет
  • Эфирде болушунча жалпак тилде сүйлөөгө, жөнөкөй сөздөрдү колдонууга аракет кылат
  • Тамак тандабайт
  • Гүлдүн бардык түрү жагат
  • Мода куубайт

– Салам, Элдана! Кандайсың? Алгач салт боюнча өзүңдү тааныштырып кетсең...

– Саламатсызбы? Мен Кара-Кулжа районунун кызымын. Радиодо иштеп жатканыма 5 жылдан ашып калды. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, эжем, эки иним бар. Окууну бүтөрүм менен кастинг аркылуу “Миң кыял” радиосуна келгем. Негизи, кесибим журналист эмес, филолог дагы эмесмин, химик-лаборантмын. Окууга тапшырарда журналистикага тапшырайын деп барсам, тарыхтан кошумча тест тапшырбай калган экенмин, ЖРТ талонумду албай коюшкан. Арман кылып жүрүп, акыры ушул кесипке жеттим.

– Демек, диджейлик кичинеңден эңсеген кесип болгон экен да?

– Негизи, апам радиону аябай көп укчу, радиоман деп коюшат го, ошондой адам. Бардык радиолорду угуп, диджейлерге “бул көп тил билет, мунун кругозору күчтүү” деп мүнөздөмө бере берчү. Ошондон таасир алсам керек. Анан так ушул радио тармагына барышымды апам да колдоду. Кайсы жакта кастинг болуп жатса эле мага айта берди. Анан биринчи жолу кастингге катышып, өтүп кеттим.

– Эң алгачкы эфир кандай өттү? Сүрдөө, толкундоо...

– Жаңыдан аралашып, үйрөнүп жүргөндө мени түнкү нөөмөткө коюп кетишсе, мен таң аткыча саатты айтып чыкканмын. Таң атканда “Кыргызстанда таңкы саат 5” деп үнүм чыгып-чыкпай айтканым эсимде. Эртеси кесиптештерим келип “ай, түнкү 12ден кийин саат айтылбайт да” деп күлүшкөн. Ошентип эң алгачкы эфирим саат айтуу менен өткөн. Билинбегени менен саат айтуу деле жаңы диджейге оор, муну үйрөтүүгө деле 3-4 күн кетет. Музыканы кармап, ритмге түшүп, 17 секунд болсо, ошол ортодо саат айтып жетишүү керек. Радиого эмне керек экенин түшүнгөндөн кийин автордук программаларды, оюндарды ойлоп таба баштадык. Ички ашкананы түшүнгөндөн кийин ошого жараша “тамак” жасап калат экенсиң. Ошентип радио менен кошо өнүгүп келе жатам.

– Эфирдеги кызыктуу учурлардан айтсаң...

– Эфирде күлкүлүү учурлар аябай көп болот. Мен бир күлсөм токтоно албайм. Бир жолу “Жылдыздуу бал каймак” деген куттуктоо программабызга Данияр Эрматов конокко келген. Бир угарман чалып “алло” деген бойдон эле жок. Анан мен “мырза, үнүңүздү бийигирээк чыгарыңыз” десем, Данияр дагы “байке, телефонго жакын келиңиз” деди. Анан эле угарман “мен байке эмесмин, эжемин” деп жатпайбы. Ошол жерден жарылдык, же күлкүбүздү тыя албайбыз экөөбүз тең. Бир чети уялдык. Көрсө, үнү жоон эже экен. Кээде бир учурда музыканы карап, СМСтерди карап, бардык процесс пульттагы адамдын моюнунда болгондо угарман “атым Эмил” десе, “саламатсызбы, Эмил айым?” деп алган учурлар болуп калат.

– Диджей үчүн үн, интонация, сөз байлыгы маанилүү, бул жагынан кандай этаптарды басып өттүң?

– Негизи, үн жакшы болуш керек деген менен сөздү берүү маданияты, айтуу маданияты да басымдуу роль ойнойт. Радиого абдан мыкты сүйлөгөн чечендер келишти, бирок техниканы алып кете алышкан жок. Же үнү ТВда абдан кооз, радиого келгенде эле чыйкылдап калат. Үнүндө жумшактык жок. Же кайсы бир тамгага дефект болуп калат, ал жоюлбайт. Ушундай нерселер көп болот. Менде биринчи “Т” тамгасына дефект бар болчу. Мага Клара Исакова эже көп нерсе үйрөттү. “Жеткирип сүйлөйм деп эле кыйкыра бербе, баарына эмес, бир эле адамга сүйлө. Ошол адам үчүн эле сиңимдүү, жеткире сүйлөй алсаң баары угат” дечү. Сөз байлыкты өстүрүү үчүн кадимки эле “Манасты” оку дешет. Негизи, сөз байлыктан дагы ой жүгүртүү негизги орунда турат экен.

– Социалдык тармактардагы баракчаңда мырзаларга көп сын айтат экенсиң. Сексистсиңби?

– Жо-ок. Негизи, “бул феминист же сексист” деп комментарий жазып калышат. “Сен чай деле куйбайсың кийин, келин болуп кыйратпайсың, сен акчага кызыгасың” деген билдирүүлөрдү көп жазышат. Анан “оозуң чоң” деп жеке кебетеге асылганга чейин жетишет. Ошол комментарийлердин дээрлик баарын эркектер жазышат. Анан “эркектерди жамандайсың” дешет. “Бул жамандоо эмес, болгону эле ушул” дейм. Мен болгону өзүмдүн келечегиме, кыздарга тынчсызданам. Азыр көпчүлүк эркектердин болгон абалы ушундай. Мен теңдүүлөрдүн канчасы турмушка чыкты, кыйынчылыктары көп, сүйүп тийсе деле турмушка чыккандан кийин түйшүк тартып өз курагынан кары көрүнүп калышат. Ошон үчүн акча дагы жашоодо маанилүү экенин айткым келет. Сындайт десе эле айрым эркектер кыздардын кебетесине асыла беришет. Бул нерсе жакпайт. Мырзалар убактысын кыздардын баракчасын карап отурганга эмес, кантип үй алам, бала-чакамды эртең кантип багам, элиме кантип салым кошом деп ойлонууга коротушса, мынчалык майдаланбайт беле.

– Адамдын көз караштарына жашоодогу тажрыйбасы да таасир берет. Жашооңдо ушундай эркектер көп кезикти беле?

– Ооба, кезиккен. Азыр деле чөйрөмдөгү адамдардан көрүп-байкап калам. Азыркы акылым менен ушуну түшүнүп жатам, кыз көрсө эле эркектердин баарынын көздөрү ойноктой берет экен. Эгерде эркек аялы бар туруп башка аялдар менен жүрөрү чын болсо, анда мен турмушка чыгууга ашыкпайм. Кыздар ак көйнөк кийип турмушка чыгууну кыялданат го, соңку учурда ушул нерсени да кыялданбай калдым. Эркек баары бир улам жаңы ачылган гүлгө көз арта берсе, жанындагы аялын барктай албаса, анда кимдир бирөөгө жубай болуунун деле кереги жокпу деп ойлоп кетем. Мисалы, чыкыйып жүргөн улуу агаларга комплимент айтылса, “ой, эми жеңеңер жакшы да” деп жанында аялы жок болсо да мактап турган мырзаларды көргөндө суктанам. Тескерисинче, “мен бойдок кезде кайда элең?” деп сөз ыргыткан эркектер жакпайт. Алар кыздарга ушинтип айтсам комплимент болот деп ойлошу мүмкүн, бирок мени иренжитет, менин ага болгон баамды төмөндөтөт.

– Жеке кебетеме да сын айтышат дедиң, оор тиеби?

– Биринчи сын укканда таң аткыча уктабай чыккам. Биз радиодо иштеген үчүн өзүбүз көрүнбөйбүз деле да, анан Тикток жайыла баштаганда аба ырайын, валюта курсун айткандан видео тартып киргизип койгом. Ошондо “оозуң чоң” деп айтып башташты. Ошондо түнү менен уктабай чыктым, буга чейин мага эч ким антип айтчу эмес, сүрөткө да көп түшпөгөндүктөн байкачу деле эмесмин. Ага чейин кесибиме байланыштуу көп эле сындарды угуп, аны оңдочумун да. Анан эле мындай сөздөрдү укканда аябай жаман болот экенсиң. Эртеси жумушка келип бир эжеге айтсам, “бул Кудай берген ооз, сен жасатып алсаң бир жөн, өздөрүнө жараша жооп берип кой” деп жакшы кеңештерин айтты.

– Сүйүүгө кабылдың беле?

– Студент кезде бир адамды катуу сүйдүм. Убакыт өткөндөн кийин ал сүйүү деле эмес окшойт деп калдым (күлүп). Учурда дос катары, тайпалаш катары эле болуп калдык. Азыр менин ой жүгүртүүмдү өзгөртө алган, менин чыгарган тыянактарымды, аныктамаларымды өзгөрткөн чоң сүйүүгө жолуккум келет. Айланамда “25 жашта турмушка чыгыш керек, 30га чыкканда элек майдаланып кетет” дегендер бар. Бирок мен шашпайм. Апам деле мени турмушка чык деп шаштырбайт. Бойдокчулук доорду жакшы сүрүп алыш керек деген ойдомун. Турмуш курган тайпалаш кыздарым деле “шашпай коё тур, балам деп жашап калганга чейин өзүм деп жашап тур” деп калышат.

– Болочок жолдошуңдун кандай болушун каалайсың?

– Чечкиндүү, масштабдуу ойлоно алган, менден бою узун, майдаланбаган, өзүнүн жолун, ордун, эркектик касиетин сезе билген, анан сөзсүз менден 10 жаш улуу болсо дейм. Жолдошумдун бай болушун каалайм, материалдык жактан да, моралдык, руханий жактан да бай болсо дейм. Жигит менен таанышканда деле “айына канча табасың, машинең барбы, апаңа кандай мамиле кыласың?” деп ачык эле сурайм. Бул нерселерди ал адамды жүрөккө киргизип алганга чейин билип алган жакшы.

Гулийпа Маметомон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-16 00:06:00
Кара Кулжалык өзүмдүн ажарлуу карындашым турбайбы. Өмүрүң узун болсун чыгармачылык ийгилик каалайм
0
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан